Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Дүйнө

Ирандыктар дүйнө элин таң калтырды

Нико Питни

Нико Питни

02.07.2009

12-июнда Иранда өткөн президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда. Жүз миңдеген киши катышкан демонстрациялар өзгөчө америкалык интернет баракчаларда, блогдордо байма-бай чагылдырылып жатат. Алардын бири – The Huffington Post баракчасынын редактору Нико Питни (Nico Pitney) Ирандагы окуялар боюнча тасма, сүрөттөрдү жана маалыматтарды үзбөй жарыялоодо.


Ирандагы саясий кризис тууралуу Нико Питни “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.


“Азаттык” үналгысынын “Иранда президенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризис жөнүндө блогуңузга маалымат жайгаштырган маалда кандай маанилүү нерсени билдиңиз?” деген суроосуна Нико Питни мындай жооп кайтарган:

- Мен көп нерсени үйрөнүп, аңдадым. Адамдар боорукердигин көрсөтүп, чукул жардам берүүгө даяр турушту. Мен колдоосун билдирген каттарды абдан көп алдым. Дагы бир нерсе мага абдан жакты: ирандыктар болобу, америкалыктарбы, же башкаларбы, айтор колдоо көрсөткөндөр четтен чыкты. Мындай реакция мени таң калтырды, мага абдан жакты.

Нико Питнинин айтымында, Иран бийлиги интернеттеги айрым баракчаларга кирүүгө тыюу салганына карабастан, карапайым ирандыктар аны менен байланышып турушкан:

- Акыркы күндөрү интернет аркылуу ирандыктар менен байланышуу оор болду. Бирок буга карабастан мен ирандыктардан үзбөй кабар алып турам. Алар кээде бул окуяларга байланыштуу жазган ырларын, кээде өз көзү менен көргөндөрдү кыскача жазып жиберишет. Ирандыктар эл аралык коомчулук менен интернет аркылуу байланышып, өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу дүйнөгө кабарлап турушту. Себеби дүйнө эли Иранда эмне болуп жатканын билгиси келет.

Айрым ирандыктар нааразылык акциялары токтосо, дүйнө эли алар тууралуу унутуп, Иранга болгон кызыгуу жоголот деп кооптонот. Нико Питни мындай тынчсызданууга негиз жок деп эсептейт:

- Менимче, айрым кабарлар бир нече күн бою абдан чоң кызыгууну жаратат. Бирок жекшемби күнкү мечитте демонстрация көрсөткөндөй, бардык нерсе чукул арада өзгөрүп кетип, кайрадан дүйнө коомчулугунун көңүлүн ээлеп алат. Жүз миңдеген киши чогулган демонстрациянын өзү уникалдуу көрүнүш жана башкаларга да дем берүүдө. Бардыгы окуянын өзөгүнө кызыгып, анын акыры эмне менен бүтөт болду экен деп күтүүдө.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы Нико Питнини өзгөчө кайсы окуялар таң калтырганын сураган. Редактордун жообун уксак:

- Мени өзгөчө полиция менен кагылышкандан кийин жараат алгандарга жардамга келген ирандык аялдардын эр жүрөктүүлүгү таң калтырды. Анан түнүндө көчөгө чыгып, ураан чакырып, митинг өткөргөндөр кызыктуу болду. Демонстранттардын ураандары, кыйкырыктары башкаларды өзгөчө кызыктырды. Митингчилердин үндөрү ушунчалык күчтүү жаңырып жатты. Мурда америкалыктар “Иран” дегенде президент Махмуд Ахмадинежадды түшүнчү, эми болсо “Иран” дегенде алар эркиндикти жана демократияны талап кылган ирандыктарды ойлошот.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Кыргыз каяктан: Ош
03.07.2009 21:14
Ариан эли байыркы эл, адамзаттын маданий уюткусунун бир бөлүгү. Ошондуктан бул жерде таң кала турган деле эч нерсе жок. Бул макала - батыштыктар деле өздөрү өз көз-караштарынын тутукунунда жашап келери жөнүндө кабар берип турат.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)