Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:07

Дүйнө

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды сынады

4-июлда АКШда Эгемендүүлүк майрамы белгиленип жаткан чакта Түндүк Кореянын коммунисттик режими кыска диапозондуу жети баллистикалык ракетаны учурду. Түштүк Корея жана Жапония бул соңку ракеталык сынактарды провокациялык, козуткуч аракет катары баалады.

x
Текст көлөмү - +
Мурдагы советтик тактикалык балистикалык ракеталардын түрүнө окшогон бул ракеталар, Түштүк Кореянын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин ырасташынча, 4-июлда таңга жуук Түндүк Кореянын чыгыш жээгинен учурулуп, алар Жапон деңизине келип түшкөн.

Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрү Пхеняндын бардык коркутуп-үркүтүүлөрүнө жана чагымчыл аракеттерине жооп кайтарууга даярдыгын ишембиде билдирди.

Түштүк Корея жана Жапония бийликтери Пхеняндын ракета сынактарын БУУнун жакында эле кабыл алган чечимине каршы келген чагымчыл аракет катары айыпташты.

Сеулдун тургундарынын Түндүк Кореянын ишемби күнкү ракета сынактарына карата пикирлери ар башка болду. Айрымдар Пхеняндын аракеттерине тынчсыздануусун билдиришти. Бирок 38 жаштагы На Ги-Тэ буга негиз жок дейт:

- Мен Түндүк Кореянын чагымчыл аракеттери Корей жарым аралындагы тынчтыкка коркунуч жаратат деп ойлобойм. Себеби мен Түштүк Кореянын аскердик жөндөмдүүлүгүнө жана эл аралык коомчулуктун тийешелүү чара көрүү үчүн даяр экенине ишенем. Менимче, Түндүк Корея ракеталарды өзүнүн ички саясатына байланыштуу сынаган болушу ыктымал.

2-июлда Түндүк Корея кыска аралыкка жетчү төрт ракетаны учурган. Бул ансыз да Пхеняндын эл аралык коомчулук менен чыңалган мамилелеринин курчушуна алып келди. Маалым болгондой, Пхенян май айында жер алдында өзөктүк дүрмөт жардырган. Апрелде болсо узак аралыкка жетчү ракетаны сынаган.

12-июнда Бириккен Улуттар уюму Түндүк Кореяга каршы катаал чектөөлөрдү киргизген. Бир добуштан жактырылган чектөөлөргө ылайык, Түндүк Кореяга тыйуу салынган курал-жарактар ташылып кирилишине жол койбоо үчүн аба, деңиз жана кургактык аркылуу ташылып жаткан жүктөргө өтө катаал көзөмөл жүргүзүлмөкчү.

Түндүк Корея жетекчилиги өлкөнүн армиясы согуштук аракеттерге жооп кайтарууга даяр деп эскертип келет
Чектөөлөргө ачууланган Түндүк Корея жетекчилиги өз аскерлери өз кемелерин кармап текшерүү аракеттерин өлкөгө согуш жарыялоого тете деп баалай тургандыгын эскерткен.

Ошондой эле Түндүк Корея жетекчилиги уранды байытуу иштерин тездетип, буга чейин өндүрүлгөн плутонийдин корун бомба жасоо үчүн жумшай турганын билдирген.

Адистердин баамында, Пхеньяндын карамагындагы байытылган плутоний кору дээрлик 7-8 өзөктүк дүрмөт даярдоого жетишээрлик.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)