Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:49

Саясат

Түндүк Кореянын ядролук курал жасоосун АКШ жөн карап турбайт...

Түндүк Корея баллистикалык ракетаны сыноого даярданып жатат сыягы. Маалыматтарга караганда, ракета Түштүк Кореянын жана АКШнын президенттери 16-июнда Вашингтондо кездешип жаткан тушта сыналышы ыктымал.

Түштүк Кореянын сейсмология агенттигинин кызматкери Түндүк Корея ядролук бомбаны сыноосу жер катмарында жараткан толкундарды журналисттерге көрсөтүүдө.
Текст көлөмү - +
Баллистикалык ракета Түндүк Кореянын түндүк батышындагы Тончханры полигонуна жеткирилгенин Сеулдун маалымат булактары 1-июнда кабарлашты.
Түндүк Кореянын аскерлери экинчи ядролук бомбанын ийгиликтүү сыналганын Пхеньяндагы борбордук стадиондо майрамдашууда. 26-май 2009
Пхеньяндын алыс аралыкка учуучу ракетаны сыноосу жарыша куралданууга түртүп, Азиядагы коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурат деп кооптонот ырасмий Вашингтон.

АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс коопсуздук маселеси боюнча ишемби күнү Сингапурда өткөн форумдагы сөзүндө Түндүк Кореянын ядролук программасын Ирандын программасына салыштырып, эки өлкөгө каршы чара көрүүгө чакырган:

- Бул проблемаларды тынчтык жолу менен чечүү - эл аралык коомчулуктун көп тараптуу тыкыс кызматташуусун жана эки өлкө эл аралык нормаларды бузганын сезгендей болуусу үчүн катаал чараларды киргизүүгө даярдыгын талап кылат.

25-майда Пхеньян ядролук бомбанын ийгиликтүү сынап, кыска аралыкка учуучу алты ракетаны сынаганын билдирген. Ошондой эле Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жаңы санкция киргизсе, өзүн коргоого зарыл чараларды көрөрүн жана Корея согушу бүткөнү жөнүндөгү келишимден чыкканын маалымдаган.
Түндүк Кореянын бул кадамын бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ, Кытай жана Россия сындашкан. Түндүк Корея биринчи жолу
Вашингтон Түндүк Кореянын ядролук куралды же ага зарыл компоненттерди башка өлкөлөргө берүүсүн- АКШга жана анын союздаштарынын коопсуздугу үчүн чоң коркунуч ирети баалайт.
ядролук бомбаны 2006-жылы сынаган.

АКШнын максаты. Пентагондун башчысынын айтышынча, Корея жарым аралын ядролук куралсыз аймакка айлантуу болгондуктан, Пхеньяндын атомдук бомба жасоосуна жөн гана көз салып тура албайт:

-Кошмо Штатардын саясаты өзгөргөн жок. Максатыбыз- Корея жарым аралын ядролук куралдан биротоло эркин аймакка айлантуу. Биз Түндүк Кореянын ядролук куралдуу өлкө болуусуна ынанбайбыз. Түндүк Кореянын региондун же биздин ар кандай обьектибизди кыйратуучу куралды жасоосуна кол куушуруп тура албайбыз.

Кытай элдик армиясынын башкы штабынын акиминин орун басары Ма Сяотан Сингапурдагы форумда Бээжин ядролук куралдарды жайылтууга мурдакыдай эле “чечкиндүү каршы”, Корея жарым аралы ядролук куралсыз болушу шарт экенин баса айтты.

Бул форумдан тыш убакта Түштүк Корея, Япония жана АКШнын өкүлдөрү кездешип, Түндүк Кореянын коркунучун талкуулашты. Жолугушуудан кийин Роберт Гейтс билдиргенге караганда, Вашингтон Түндүк Кореянын ядролук куралды же ага зарыл компоненттерди башка өлкөлөргө берүүсүн- АКШга жана анын союздаштарынын коопсуздугу үчүн чоң коркунуч ирети баалайт.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Каныбек каяктан: Лейлек.г.Исфана
14.06.2009 15:01
Азыркы кезде бул маселе бүткүл дүйнөлүк глобалдык проблемалардын катарына кирет, ошондуктан ар кандай коомго зыян келтирчү куралдардын санын кыскартуу керек.

кимден: Asan
02.06.2009 01:46
USA, Possia, Kytajga ele kerek beken korgonuu ar bir olko kandaj kuraldanat any ozu chechish kerek! Bir mamlekettin ichki ishterine kijligishuunu kachan toktotosunar ej doo shaalar!

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)