Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:09

Саясат

Түндүк Корея атомдук бомбага дүрмөт камдоодо

Түндүк Корея ишемби күнү Йонбендеги атомдук ишканасында плутонийди өндүрө баштагынан жарыя кылды. Андан бир нече саат мурда БУУнун Коопсуздук кеңеши коммунистик Кореянын маанилүү үч компаниясына каршы санкция киргизген эле.

БУУнун Түндүк Кореяга каршы санкциясын колдоп, Сеулда өткөн демонстрациянын катышуучулары, 20-апрель
Текст көлөмү - +
Түндүк Корея ушул айдын ортосунда атомдук станциясын кайра иштете баштаарын билдирген. Ошондуктан, Пхеяньяндын ядролук куралга керектелүүчү плутонийди өндүрө баштоосу эларалык коомчулук үчүн күтүүсүз жаңылык болгон жок. Плутоний өндүрүлө
Түндүк Кореянын өкмөттүк телеканалынын диктору Тышкы иштер министрлигинин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин баллистикалык ракетаны сыноосун айыптаган билдирүүсүн четке каккан маалыматын окууда. 14-апрель 2009
Эксперттер азыр  Түндүк Кореяда алтыдан сегизге чейин атомдук бомба жасаганга жетерлик плутонийи бар деп жоромолдошот.
баштаганы жөнүндө өкмөттүк телеканалдан 25-апрелде жарыяланды:

-Тышкы иштер министрлиги 14-апрелде билдиргендей, пилоттук атомдук станцияда отундук таякчалар кайрадан өндүрүлө баштады.

Ырасмий Пхеньяндын түшүндүрүшүнчө, плутоний өндүрүү Түндүк Кореяга душман өлкөлөрдүн ядролук кол салуусунан коргонуу үчүн зарыл.

Эксперттер азыр эле Түндүк Кореяда алтыдан сегизге чейин атомдук бомба жасаганга жетерлик плутонийи бар деп жоромолдошот.

Түндүк Корея 5-апрелде орбитага эксперименталдык жасалма байланыш жандоочусун ийгиликтүү учурганын жар салган. Бирок Кошмо Штаттар, Япония жана башка Батыш өлкөлөрү Пхеньянды баллистикалык ракетаны сынаганын айтып чыгышкан.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши ошол замат Түндүк Кореянын ракета учуруусун сындаган. Пхеньян болсо ядролук программасы боюнча алты жактуу сүйлөшүүдөн чыкканын жана плутоний өндүрүүнү кайра улантарын айтып, Улуттар Уюмунун жана АКШнын инспекторлорун өлкөдөн кууп чыккан.

Буга жооп кылып, жума күнү БУУнун Санкциялар боюнча комитети Түндүк Кореяга каршы экономикалык чара кабыл алды. Ага ылайык, Кореянын маанилүү үч килейген компаниясы менен алардын четэлдик өнөктөштөрү кызматташууну токтотот жана үч компаниянын чет өлкөлөрдөгү эсептери камакка алынууга тийиш.
 
“Коопсуздук Кеңешинин бир добуштан кабыл алган чечими дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жакшы сигнал болот деп үмүттөнөм”, деп билдирди Япониянын БУУдагы өкүлү мырза Такасу.

АКШ Түндүк Кореянын ядролук программасын кайра жандандыруусун сындады жана эл аралык сүйлөшүүгө кошулууга чакырды.

Мамдепартаменттин өкүлү Меган Мэттсондун билдиришинче, Кошмо Штаттар Түндүк Кореяны ядролук бомбалуу мамлекет болушуна ынабайт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)