Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 10:02

Эл үнү / Коом

Пакистандагы зилзала эки жүздөй адамдын өмүрүн алды

Күчү алты жарым баллга жеткен жер титирөөдөн жүздөгөн үйлөр кыйрап, миңдеген адамдар үй-жайсыз калып, дагы көптөгөн адамдар жаракат алышкан.

Балужистан аймагында зилзаладан жүздөгөн үйлөр кыйрап калды
x
Балужистан аймагында зилзаладан жүздөгөн үйлөр кыйрап калды
Текст көлөмү - +

Мухтар Чалгари Пакистандын Балужистан аймагында жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүп жаткан бейөкмөт уюмунун жетекчиси. Анын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жер кечээ күнү эртең мененки саат төрт отузда бир солк эткен, кырк мүнөттөн кийин кайра экинчи жолу силкинген.

 

- Зилзаланын залакасы негизинен Балужистан аймагына тийди. Бирок набыт болгондордун жана кыйроолордун көбү Зиарат аймагында болду. Биз алган соңку маалыматтар боюнча курман болгондордун саны 200гө чукулдады жана миңдей үй жер менен жексен болгон.

 

 

Кырсыктан аман калгандар Зиарат шаарындагы дөнсөөдө кыйраган имараттын жанына чогулушууда.29-октябрь, 2008-жыл 

Балужистандын жаратылыш министри Маулви Абдул Самад Ахунзаданын айтымында, азыр жабыр тарткандарга өтө чукул жардам керек болуп турган учур.

 

- Жер титирөөдөн он беш миңдей киши жабыр тартты. Бизге азыр өзгөчө чатырлар, азык-түлүк жана дары-дармектер керек болууда. Ошондой эле бул жакка доктурлар тобу токтоосуз жиберилиши зарыл.

 

Ошондой эле бул кырсык аймактагы байланыш түйүндөрүн иштен чыгарып, көптөгөн жер көчкүлөрдөн тоо арасындагы жолдор буулуп, жардам көрсөтүү  да кыйын болуп жатканы айтылууда.

 

 

Жапа чеккендерге аскерлер жардамга келди

Негизинен Пакистан сейсмикалык жактан абдан катаал жана кооптуу жер тилкесинде жайгашкан. 2005-жылкы катуу жер силкинүүдө 80 миңге чукул адам курман болгон эле. Түштүк Азиянын тарыхындагы эң кайгылуу бул кырсыкта, Балужистандын аймактык борборунда эле 30 миң турган мерт кеткен. 

 

Жардам көрсөтүп жүргөн Чалгаринин айтымында, Балужистан аймагынын тургундары жер титирөө 48 сааттын ичинде кайра кайталанышы мүмкүн деген билдирүүлөргө азыр катуу тынчсызданып жаткан учур.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу