Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:19

Кыргызстан

А. Жекшенкуловдун соту создукту

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындан бир жыл мурун Кытай грантын максатсыз пайдаланган, 2007-жылы Таласта түрк ишкерин өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталып, кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бүгүн А. Жекшенкулов соттогу акыркы сөзүн сүйлөмөк. Бирок сот төрагасынын ооруп калгандыгына байланыштуу соңку жыйын белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

x
Текст көлөмү - +
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 2007-жылы кызматынан бошотулган соң, “Акыйкаттык үчүн” деген саясий кыймыл түзүп, оппозициялык бириккен элдик кыймылга мүчө болуп кирген. Ошол мезгилде анын тапанчасы бир канча кылмыш иштерине тиешелүү болушу мүмкүн деп шектелип келгени белгилүү. А. Жекшенкуловго таандык курал 2007-жылы Ош шаарында белгисиз өлтүрүлгөн журналист А. Саиповдун өлүмүнө тиешелүү болушу ыктымалдыгы айтылып, 2009-жылы 18-февралда экс-тышкы иштер министри буга байланыштуу тергөөдө сурак берген.

Ошол эле күндөрү анын тапанчасынан атылган октон 2007-жылы Таласта түрк ишкери Сервет Четин өлтүрүлгөн деген шек менен А. Жекшенкуловдун куралы баллистикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Ички иштер министрлиги А. Жекшенкуловдун тапанчасы эки ирет ИИМде жана адилет министрлигинде текшерилип, андан кийин Астана шаарында баллистикалык экспертизадан өткөнүн, булар үчөө тең 2007-жылы 9-декабрда Таласта өлтүрүлгөн түрк ишкери мына ушул тапанчадан атылган октон өлгөнүн далилдөөгө негиз бергенин маалымдаган. Бул тууралуу экс-тышкы иштер министри камакка алынгандан бир күндөн соң, өткөн жылдын 10-мартында ИИМдин ошол убактагы басма сөз катчысы Б. Сеитов “Азаттыкка” кабарлаган:

-Ушул баллистикалык экспертизалардын жыйынтыгы боюнча А. Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасынан түрк ишкери өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу кошумча жаңы ачылган факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлөт. Мына ушул факты боюнча ал камакка алынды.

А. Жекшенкулов кармалган учурда “түрк ишкерин өлтүрүүгө тиешеси бар, өзүнө таандык куралды башка бирөөгө пайдаланууга берген жана тышкы иштер министри болуп иштеп турган учурда Кытай грантын максатсыз пайдаланган” деген айыптар тагылган. Ал 9-марттан тарта Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жатып, беш айдан кийин ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Өткөн жылдын август айынан бери созулуп келе жаткан сот ишинде А. Жекшенкуловго коюлган бир катар айыптар далилденбегени үчүн сот өндүрүшүнөн алынып салынды. Ал эми 3-марттагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар А. Жекшенкуловду “дипсервистин 69 эшигин туура эмес алмаштырып, мамлекетке зыян келтирген жана өзүнө таандык куралды бөлөк бирөөгө пайдаланууга берген” деп айыптап, аны 4 жылга эркинен шарттуу түрдө ажыратууну соттон сурашты. Ага чейин сотто көрсөтмө берген учурунда А. Жекшенкулов өзүнө тагылган айыптардын саясий жүйөөсү бар экенин белгилеп, бир дагы күнөөнү мойнуна албай турганын билдирген:

-Эгер мен тапанчам кандайдыр бир ишке тиешеси бар деп билсем же шекшиген болсом аны өзүм менен кошо көтөрүп жүрбөйт элем. Анткени билесиздер мен оппозицияда жүрдүм, ошол күндөрдүн биринде эле мени кармап, ар кандай күнөө тагып коюулары толук ыктымал болчу. Мен атүгүл мага ушундай түшүнүксүз айып тагылат деп ойлогон да эмесмин. Тапанчамды экспертизадан өткөрүп көрөлү дешкенде да мен аны өзүм алып барып бергенмин. Баллистикалык экспертиза менин көз алдымда өткөрүлсө дагы аягында чыгарылган жыйынтыгы таптакыр башка чыгып отурат.

А. Жекшенкуловдун соттолуп жатышы анын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштуу бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан куугунтук деген пикирлер ага карата кылмыш иши козголгон күндөн тартып эле айтыла баштаган. БЭКтин саясий бюро мүчөсү Топчубек Тургуналиев экс-тышкы иштер министри оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин репрессиясына кабылып отурат деген оюн “Азаттыкка” билдирди:

-Аликбек бийликтин саясий куугунтугуна кабылганы талашсыз. Анткени ал Коомдук парламентти түзүүчүлөрдүн бири болгон. БЭКтин бардык жыйындары анын кеңсесинде өткөрүлчү. Бийлик оппозициядан чочулап, элдин ишеничине ээ боло албай калганын сезип, Балыкчы, Петровка чатактары үчүн да оппозиционерлерди камап, эч кандай кылмыш иши болбосо да өзүнө каяша айткан ишмерлерди соттоп жатат. Дал ушул коркутуп-үркүтүү, алсыздандыруу саясий репрессия болуп эсептелет.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бектур каяктан: Яссы
11.03.2010 20:24
Жекшенкулов оппозиционер эмес- ал "Капа" болгондордун бири, ошондуктан андан бийлик коркбойт. Керек болсо муну бийлик жон эле "Сатыб" алат. Булар калп эле - "Биз сатылбыйбыз, биз сатылбайбыз!" деб кыйкыра беришет, иш жузундо андай эмес.
Дагы көрө жатасынар Жекшенкуловдун "Өнөрүн"!

кимден: Клара каяктан: Бишкек
10.03.2010 12:15
Бул процесстин ушунча мезгил создугуп жатканынын себеби жөнөкөй эле, азыркы учурда бийликтеги төбөлөрдөр Жекшенкуловту өлкөдө болупжаткан саясий ахыбалга байланыштуу ооздуктай турууну көздөп жатышат. Бул алардын Жекшенкуловтан корккондугун билдирет, оппозициянын дагы бир лидери соттолуп кетсе, ансыз дагы араң турган элдин нааразычылыгын ого бетер күчөтүп жибериши мүмкүн.

кимден: Uzgen каяктан: Basmach
10.03.2010 11:19
Бирок сот төрагасынын ооруп калгандыгына байланыштуу соңку жыйын белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

ishenich biraz kiyin )

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)