Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:50

Басма сөз

Түркия-АКШ мамилелери кылдын учунда

Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин абалы, Армения менен Түркиянын мамилелери тууралуу темалар Батыш басма сөз каражаттарында да орун алды.

x
Текст көлөмү - +
Institute for War & Peace аттуу интернет баракчада Кыргызстанда басма сөз эркиндигинин абалы тууралуу макала жарык көрдү. Анда “Кыргызстанда журналисттерге бардык жакта кысым болууда” деген пикир айтылат. “Бир учурда басма сөз эркиндиги жагынан Борбор Азиядагы эң либералдуу өлкө саналган Кыргызстанда гезиттер байма-бай жабылып, журналисттерге кол салуулар сөз эркиндигине кедергесин тийгизүүдө” деп айтылган макалада “Де-факто”, “Лица”, “Ачык саясат” жана “Репортер” гезиттеринин тагдыры мисалга тартылган.

Eurasia View аттуу интернет баракчада АКШ Баткенде антитеррордук машыгуу лагерин курууну пландаштырып жатканы билдирилет. Долбоорду каржылаган “Аскердик кызматташтык” кеңсеси 500 миң долларга бааланган долбоордуишке ашыруу иштери жакын арада башталаарын билдирген. Америкалык элчиликтин өкүлү долбоор ишке ашкан соң кыргыздарга өткөрүлүп берилээрин баяндаган. “Бул план, адистердин пикиринде, Кремл тарабынан Москванын демейдеги таасирдүүлүк аймагына АКШнын кийлигишүүсү катары бааланууда” деп жазылат макалада.

Лондондун “The Guardian” гезитинде чыккан макалада Конгресс комитетинин Түркия-Армения боюнча кабыл алган резолюциясы аймакта тынчтыктын көпүрөөсүн куруу боюнча расмий Анкаранын аракеттерине кедергесин тийгизээри айтылат. Резолюция түрк элин абдан капа кылганын белгилеген гезит, мындай чечим бир гана АКШ-Түркия байланыштарына эмес, Армения менен Түркиянын ортосундагы элдешүү жараянына да зыян алып келгенин бышыктайт.

“The Times” гезити да бул маселеге көңүл буруп, Конгресстин комитети кабыл алган токтом АКШнын Жакынкы Чыгыштагы маанилүү өнөктөшү Түркия менен мамилелерине зыян тийгизгенин жазып чыккан.

Анда Түркиянын президенти Абдулла Гүл АКШнын бул токтому аймакка тынчтык алып келүү демилгелерине кедерги боло турганын айтканы белгиленет. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Түркия бул токтомго каршы кандай чаралар көрүлөрүн тактап чыга турганын билдирип, “бул маселе биз үчүн абийир маселеси болуп калды” деген.

“Wall Street Journal” гезити Түркия НАТОдогу бирден бир мусулман өлкө экенин, анын Ирак чек арасына жакын аймагында АКШнын аскердик базасы болгонун, Ооганстандагы эл аралык коалициялык күчтөрдү жетектеп, өзөктүк чатак боюнча АКШ менен Ирандын ортосунда ырасмий эмес ортомчулук кылып келгени эске салынып, 4-мартта кабыл алынган резолюция бул эки өлкөнүн байланыштарына зыян тийгизиши мүмкүн экенин белгилейт.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: Bishkek
17.03.2010 21:37
Бишкекткн жазган Тынымга айтаарым. Эми Жакынкы чыгыштагы окуялар жана алардын чыгуу себебини жакшы изилдегенибизде. Кээбир жашыруун сырларды да байкасак болот. Ошол жакта эмне себептен согуш чыгып жатат. Согушту тиранияны кимдер уюштуруп жатат. Терроризмдин жана террористтердин артында кимдер турат. Балким, бироолор "орт очургуч машиналарын иштетиш учун, кээ бир жерлерге атайын от коюп анан отту очуробуз деп от чыккан жакка жабыла кирип жургон болуп журбосун.

кимден: Тыным каяктан: Бишкек
10.03.2010 23:00
Саясатка мусулманчылыкты жана "туугандыкты" кошсок, анда объектүүлүктөн четтеп калабыз. Мына биз,кыргыздар, авторитардык бийликтин азабын тартып атабыз. Мамлекеттин бүт байлыгын, КГБ,Милиса, Прокутатура, Сот.., айтор баарын ээлеп алып, кыргыз элин азапка салып атат. Канча адам оо дүйнөгө кетти, канча күнөөсүздөр түрмөдө жатат, канчасы өз үйүн таштап, тышка кетүүгө мажбур болушту. А биз Афганистандагы Талибандын жапайы бийлигине каршы күрөшкөн өлкөнү жаман көрөбүз. Диктатор Саддам Хусейнди жок кылгандарды сындайбыз. Мүмкүн маселе биздин өзүбүздө болуп жүрбөсүн, ак менен караны, "Добро" менен "Злону" ажырата албаган.

кимден: Barsbek Kyrgyz каяктан: b
09.03.2010 23:22
АКШ бийлиги кайсыл күчтөргө жана кайсыл максатта кызмат кылганы белгилүү эле. Ал эми Туркия ошол күчтөрдүн бир топ жашыруун сырларын жана оюндарын билип, ал оюндарга кандайдыр бир деңгээлде бөгөт болгонго аракеттенүүдө. Мына ошондуктан тиги "жашыруун күчтөргө" Түркия башынан бери жакпай келет "чекеге чыккан жарадай" болуп. Ошон үчүн тиги "жашыруун күчтөр" Түркияны алсыратуунун айла амалын таппай турган чагы. Мен жогорудагы Алинин жазгандарына толук кошулам. АКШ бийлиги ошол Израилдин кызыкчылыгы үчүн ошол Израилдин "агаларына" баш ийип иштеп жаткан болсо анан кантип "агаларынын" күчү менен тайраңдап жүргөн Израилдин кылган кылыктарына сын пикир айталат эле.

кимден: Али каяктан: Малазия
09.03.2010 14:03
Менин оюмча АКШ өзүнүн кылып жаткан иштерин аңдабай жатат көрүнөт.Антпесе,Ирактагы,Ооганстандагы кылгылыктары -геноцид эмей эмне?Карапайым,күнөөсүз элге түн бир оокумда бүлүк салат да,эртеси калп эле"террористтерге чабуул коюшкан"болуп чыга келет.Анчалык адам укугуна тынчсызданган өлкө болсо,эмне үчүн Палестина үчүн Израилди айыптаганга кудурети жетпейт.Бул жерде адам укугу негизги маселе эмес.Тек гана дүйнөлүк лидерликти талашуу.Туркияны ушинтип "шантаж "кылып койбосо,алардын кадыр баркы ааламда өтө бат өсүп баратканы белгилүү да.Болбосо,Евробиримдикке кирүүнүн бардык талаптарын аткарды.Демек,Туркиянын АКШга жакпай жаткан айыбы - алар Ислам динин туу туткандыгы.

кимден: Эрмек каяктан: Бишкек
08.03.2010 18:47
Москванын таасирдүүлүк аймагы дегени түшүнүк жок. Орустардын таасирдүүлүк чөйрөсүнө Чеченстан, жалпы Кавказ, Татарстан, Башкортастан да алда качан кирбей калган. Тверь деген облусуна барып көрсөң айылдардагы турмуш деңгеели айбандыкынан беш бетер.

Автор жөнүндө

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)