Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:39

Дүйнө

Мунайдын пулу Россияны сөздөн тайдырды

Россия cырткы базарга мунай сатуу боюнча Сауд Арабиясынан озуп, дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Мунай магнаты Михаил Ходорковский мунай рыногу үчүн болгон чабыштын эң ири курмандыгы.r2009
Текст көлөмү - +
Россия мунай экспорттоодо 2002-жылдан бери биринчие жолу ОПЕКтен алдыга чыгып жаткан жок. ОПЭКке 12 өлкө мүчө. Эларалык картель жарыялаган соңку маалыматка ылайык, россиялык өндүрүшчүлөр июнда 9 миллион баррель мунай өндүрүшкөн. Июнда өкмөт колундагы “Роснефть” компаниясынын Сибирде жаңы кенди өздөштүрүүсү да мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө салым кошкон. Россиянын мунай өндүрүшүн кыскартабыз деп, ОПЕКке убада кылганына карабай, экспортту көбөйтүшү- мунай картелинин нааразылыгын жаратты.

Мунайды көп сатуу Россиягаглобалдык финансылык кризис бөксөртө койгон казынага-акчанын түшүүсүн жакшыртты жана премьер-
Президент Ельцин тушунда менчиктештирлген мунай-газ компанияларын улутташтыруунун башында Владмир Путин турду.
министр Путин 8-сентябрдагы жыйында өкмөт келерки үч жылдын бюджетин карап көрөрүн билдирди:

-Экономиканын акырындап калыбына келүүсү, өндүрүштүн жандануусу бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнө тактык киргизүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле пландагандан көбүрөөк киреше түшөт деп болжосок болот.

Россия дүйнөдөгү эң чоң газ өндүрүүчү жана эларалык базардагы эң ири мунай-газ сатуучу. Мунай-Россия экспорттогон товарлардын үчтөн бирин түзүп, бюджеттик кирешенин теңинен көбүн берет.

Акыркы жылдары Кремль мунай өндүрүшүн чечкиндүү улутташтырды. “ЮКОС” сыяктуу кирешелүү компанияларды күчтөп өкмөттүк башкарууга өткөрдү. Өзүм билги Ходорковскийдей ишкерлерди абакка салды.

Москва былтыр декабрда ОПЕКке мунай өндүрүүнү силер менен масилеттешип кыскартабыз деп сөз берген. Эл аралык картель өндүрүштү кыскартуу менен жыл башына бир баррели 30 долларга түшүп калган мунайдын баасын жогорулатмакчы эле. (2008-жылдын июлунда мунайдын баасы 100 долларга чейин жеткен.) ОПЕКтин тактикасы үзүрүн берип, мунайдын наркы 70 долларга чыгып калганда, Россия сырткы базарга мунай чыгарууну көбөйтүп жатпайбы?!

Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Хабаровск шаарындагы мунай иштетүүчү ишкана.
Москвадагы “Тройка-Диалог” инвестициялык компаниясынын талдоочусу Валерий Нестеров Россиянын кара май өндүрүүдө Саудиядан алдыга чыгышын жаңылык дебейт:

-Маал-маал Россия кара май өндүрүүдө Сауд Арабиясынан озду деген кабар эшитебиз. Биз буга көнүп калдык. Кризиске карабастан, өндүрүш Россияда бир кыйла туруктуу нукка түшүп калган.

Серепчилердин айтышынча, россиялык компаниялар азыр бар кубаты менен иштеп жаткандыктан, кара май өндүрүүнү олуттуу көбөйтө алышпайт. Саудиялыктарда мунай өндүрүшүн каалаган учурда кеңейткендей мүмкүнчүлүктөрү мол.

Кээ бир талдоочулар Россиянын мунай саясаты- өлкө мунай чоң киреше берип турганда экономиканын башка тармактарын өнүктүрбөй- отун энергиясына көз каранды болуп калганын күбөлөйт дешет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Алмазбек каяктан: Кыргызстан
09.09.2009 18:59
Путиндей элге кызмат кылам деген азаматтар бизде да бар бирок Б.. лар бут тосуп атат го :)

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)