Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:39

Эл үнү

Орусияда карылар үйүндө өрт чыкты

Тверь облусуна караштуу Вишний Волочек шаарчасында карылар үйүнөн таңга жуук өрт чыгып, 9 киши набыт болду. Айрым божомолдорго караганда, бул үйдө жашаган бир карыя өзүн-өзү өрттөп жиберген.

x
Текст көлөмү - +
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Елена Смирных айткандай, өрт башталган бөлмөнүн ичинен май куйчу идиш табылган.

Тверге жакын шаарчадагы карылар үйүнөн түнкү саат 4 чамасында чыккан өрт 9 кишинин өмүрүн алды. Газета.ру интернет баракчасы согуштун ардагери, 86 жаштагы Николай Дудин өзүн өзү өрттөп жибергенин жазат. Баракчанын маалыматы боюнча, карыя бийлик убада кылган үйдү алалбай жүрүп, амалы түгөнгөндө өз жанын өзү кыйганга барган.

Карылар үйүндө бардыгы 458 киши жашачу. Өрт тууралуу кабар өрт өчүрүүчү мекемеге 4төн 33 мүнөт өткөндө жеткен. Адегенде түтүн каптаган үчүнчү кабаттан 60 киши көчүрүлгөн. Өрт толугу менен 50 мүнөттөн кийин өчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тверь облусу боюнча өкүлү Кирилл Невский “алдын ала чыгарылган жыйынтык боюнча 1924-жылы туулган карыя өзүн-өзү өрттөп жиберген” деп билдирди.

2009-жылы, 31-декабрда Коми жумуриятына караштуу Подъельск кыштагында Ардагерлер үйүндө өрт чыгып, 23 киши мерт болуп, 3 киши гана аман калган. Ошондо президент Д.Медведев жергиликтүү бийлик карылар үйүн катуу көзөмөлдөшү керектигин талап кылган.

2008-жылы августта Белгород облусунда карылар интернаты күйүп кетип, 6 киши мерт болуп, 95 киши башка жакка көчүрүлгөн.

2007-жылы ноябрда Тула облусуна караштуу Черн районундагы карылар үйү өрттөнүп, андан 34 киши курман болуп, 298 киши көчүрүлгөн. Ага эскирген электр зымынан чыккан учкун себеп болгону такталган.

Ошол эле жылы июнда да Омскиде карылар интернаты өрттөнүп кетип, 10 карыя каза болуп, 5 киши ооруканага түшкөн.

Ошол эле жылы март айында да Краснодар крайына караштуу Камышеватскиде майыптар үйү өрттөнүп, 63 майып каза набыт кетип, 29 киши ооруканага түшкөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу