Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 23:38

Экономика

Жыйырма жылдан кийин Ала-Тоодо ким калат?

Эмгекке жарамдуу эр-азаматтар, кыз-келиндер жапырт Орусия жарандыгына кирип жатканы кыргыз коомчулугун убайым ойго салууда. 2003-жылдан бери 240 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Москвада иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын бир бөлүгү
Текст көлөмү - +
Бул көрүнүш ушундай темп менен жүрүп отурса, жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын паспортун көтөрүп Ала-Тоодо ким калат деген беймаза суроо чыгууда.

Ал эми Россиянын миграциялык кызматынын маалыматы боюнча, 2008-жылы 43 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алган. Ал эми 2009-жылдын он бир айында эле 41 миңден ашуун адам орус жарандыгына өткөн.

Кыргызстандык жарандар эки тараптуу келишимдин шарттары боюнча Орусиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн шартта алып келатышат. Соңку жылдары Орусияда эмгек мигранттарына киргизилген квоталардын кыскарышы орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын катарын калыңдатты.

Эмгек, жумушка жайгаштыруу жана миграция министри Айгүл Рыскулованын айтымында, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар бир эле учурда Кыргызстандын дагы жарандыгын сактап кала алышат:

- Бүгүнкү күндө өзүңөр билесиңер, Россияда ишке уруксат алуу абдан кыйын. Квоталар кыскарып жатат. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жерлери бар. Биздин келишим боюнча кыргыз жарандары орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен алат. Ошол эле кезде биздин Конституцияда башка мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, Кыргызстандын жарандыгын сактап калат деген берене бар. Ошого жараша, алар азыр жарандык алып жатат. Ошол эле убакта Кыргызстан жарандыгынан чыккан жок.

Ошентсе дагы калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү башка өлкөгө кетип жатканы келечекте мамлекетте олуттуу проблемаларга алып келери жөнүндө тынчсызданууларды парламент депутаттары билдирип жатышат. “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Автандил Арабаев 25-февралда парламент отурумунда мына ушундай көрүнүшкө кейип сүйлөп, Орусия жарандыгын алган кыргыздар кайтып келген учурда алардын укуктарын чектөөлөр болбошу керек экендигин баса белгилеген.

Ушундай темп менен биздин жарандар башка өлкөнүн жарандыгын алып жүрүп отурса, жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын паспортун көтөргөн бир да кыргыз калбайт экен.
А. Шакиров
Кыргызстандыктардын жапырт түрдө Орусия жарандыгын алып жатышы ушундай темп менен жүрүп отурса келечекте мамлекеттин өзүндө чоң көйгөй чыга тургандыгы көп эле айтылып келатат. Москвадагы кыргыздардын “Кыргыз биримдиги” уюму 2008-жылы Президент К. Бакиевге жолдогон кайрылуусунда дал ушул маселени козгогон болчу. Аталган уюмдун жетекчиси Абдыганы Шакировдун айтымында, Орусиянын жарандыгын алуу менен иш таап, акча таап жеке адамдар турмушун оңдоп алып жатканы менен экинчи жагынан кыргыз мамлекетинде жыйырма жылдан кийин кыргыз паспортун көтөргөн кыргыздар калабы деген кабатыр суроо бар:

- Бир жагынан биздин жарандар жакшы жумушта иштешип, жакшы айлык алып иштеп жатышат. Бирок экинчи жагынан, ушундай темп менен биздин жарандар башка өлкөнүн жарандыгын алып жүрүп отурса, жыйырма жылдан кийин Кыргызстандын паспортун көтөргөн бир да кыргыз калбайт экен. 

Кыргызстандын экономикасы кыйынчылыктан чыгып, жумушчу орундар көбөймөйүнчө бул процесс токтобой тургандыгы калетсиз. Жакшы жашоо издеп Кыргызстандан эл кетип жаткан менен бул жакка өз ырыскысын издеп башка өлкөдөн да адамдар келип жатат. Ошондуктан кеткен элдин ордун ким басып жатат, жыл өткөн сайын өлкөдөгү демографиялык кырдаал, экономикалык абал кандай болуп өзгөрөт деген беймаза суроолор чыгууда. Кыргызстанды жакынкы он же жыйырма жылда күтүп турган тагдыр азыр депутаттарды ойго салып турган менен аны чечүүнүн жолдору мамлекет саясатында олуттуу түрдө карала элек.


"Азаттыктын" архивинен: Мигранттардын азап менен табылган акчасы


Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кетсин Элдик Коому каяктан: Омск
07.03.2010 16:20
Азыр ойюма кирди.
Жаштардын көпчүлүгү чет жакта. Кыргызстандын армиясына кимдер барып кызмат өтөп атышты экен. Службага жарактуусу башка мамлекетке иштегени кетип баратышат. Же негодныйларды, альтернативныйларды кайра алып атышабы деген суроо туулуп атат.
Эми чет жактагылар жыргаганынан кетип атыпызбы, карасам жактырганы да жактырбаганы да бар экен.
Ар бир инсан жакшы жашагысы келет экен бул дүйнөдө.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
07.03.2010 16:10
Ким калат, ким калат дейсинер???
Бакиевдин туугандары, балким сааты келгенде алар да Москваны көздөй кетет.
Алатоодо атам, апам, чон атам, чон энем, таятам, тайэнем калат. Алар биздин ордуларыбызды жабат.

кимден: Нацист-патриот каяктан: Орусия
03.03.2010 21:33
Салам кыргызстан! Ушу кетиште болсо ишке жараган кыргыз калбайт, Кыргызстанды өзбектер менен тажиктер басып кетет! Миграннтардын көпчүлүгү түштүктөн, түштүктөгү миграцияны азайтуу үчүн мамлекеттин борборун Ошко жылдыруу керек! Ошондо гана миграциялык поток токтойт, түштүктө оңолуу болот! "Господин'' Бакиев сизден сураныч: кыргыз элинин тагдыры сиздин колуңузда кыргыз элин ар жакка чачылып кетишине жол бербеңиз...

кимден: Байдылда каяктан: Талас
03.03.2010 11:50
Акын Жыргалбек Касаболотовго.

" Атасын саткан саясат,
Ашата соксо жарашат.
Көрүнгөн келип көз арткан,
Көк базар болуп баратат.

Мазмунун байкап карасак,
Мааниси кетип саясат.
Манастан калган кан ордо.
Мал базар болуп баратат".


Жыргалбек досум угуп тур,
Ырыңыз мыкты чыгыптыр.
Азаттык аны чыгарып,
Аябай жакшы иш кылыптыр.

Көбүрөөк ойлоп, карасак,
Күнөөлүү эмес саясат.
"Бакиев акам баш болгон,
Бийликте" - десең жарашат.

Андан да терең карасак,
Ак-Үйдө "сасык" саясат.
Кылбаган дурус, бийликти,
"Кыргызда" - десең жарашат.

кимден: Абдулла каяктан: Ош
03.03.2010 11:22
Бизге өз өлкөбуздөн ырыскы издеп, тынч, байгер жашообузга ким тоскоол болуп жатат? Жерди жеке менчикке берсе, техникаларды берип жатса, арзандатылган кредиттерди берип жатса... Иштин көзүн таппай эле бийликке догуруна берген кудайга да жакпайт. Кээ бир азаматтар үй-бүлөсүндөгү эр-катын маселесин чече албай калса да өкмөттү күнөөлөчү болду. Эми кичине жакабызды кармап тообо кылбайлыбы? Мамлекет алдындагы жоопкерчилигибизди бир аз салмактап, наалый бербей Кыргызстандын өнүгүшүнө, саламаттыгына салым кошо бербейлиби?!! Чет элде иштен аз-аздап тапкан мекендештерибиздин акчаларын той-ашка сапырбай экономдоп, турмушубузду оңдоого, жумшабайлыбы.

кимден: кыргыз каяктан: Кыргызстан
02.03.2010 23:25
Ушундай темптеги саясат менен жыйырма жылдан кийин жалаң АВАТАР түспөлүндөгү маңкурттар калат...

кимден: Манас каяктан: Орусия
02.03.2010 22:57
Албетте жалпы улуттун элдин эмес бир үй-бүлөнүн, эрке баланын, бир туугандардын жана алардын жан-жөөкөрлөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүрүп жатса, баш көтөргөндөрдү басып жатса, өлкөдөн ордун таппагандардын, үмүтү үзүлгөндөрдүн сыртка агылуусу токтобойт. Миграцияны жалаң эле социалдык көйгөй менен байланыштыруу да туура эмес. Кезинде Иран менен Грециядан эл режим менен келише албаганынан улам оогон, Бакиевдердин бийликти атадан -балага мурастап берүүнү максат кылган азыркы кыйды саясаты да көптөрдүн көңүлүн калтырууда.

кимден: Ozgon каяктан: Myrzaki
02.03.2010 17:51
Men chongdorgo aitaar elem jok degende ushunu kylgylachy aylanyp keteyinder !!! 2 olkogo grajdandyk chygarip bersener bolo ya. Jok degende ushunu kylbaysinarbi !!! Rossiyaga barip nan tabyshty Kyrgyzdar. Ani koro albay al kyrgyzsyn chontogundogu akchasin Pasport satyp kuturdunar !!! Emi alardyn akchasyn koro albay dagy emneni plandashtyryp jatasynar uyaty joktor ya !!! Any da biroo olturup alyp Rossiada 100 000 Kyrgyz bar eptep bir zakon chigarsak ar birinen mincha dollar aa myncha tavat ekemin dep aram oyunardi dayardap jatasynarby !!! BU kandai betiner jok. Kayran el ozun bakkany chet olkgoo ketse. Olumgo ketip jatat olumgo . Barip olsom da taz bashtarga jem bolsom da uy buloomdu bagayin dep . A keebirler bolso KG da olturup alyp ozuncho ukmush ulutchul timele. Kyzyn satylyp jatat kochodo Turk menen Kitayga unun chikpayt !!! Kiyin bolsonor kochogo chigip tiyip koyboysunarby Er azamat bolsonor ya (Ak uydogu olturgan chongdor go tiyesheluu)... Men baryp moynun julayin deym oshol akmaktardyn chet olkodon bizdin kizdarybyzga kelgenderdi... karmalsan kayra bizdin chongdor meni kamaka tygat. Kyrgyz kizi uchun kuyup alardy savap jatkandygymdy karabayt. Myncha bolosunar siler !!! Silerden suranychym Rossiada je kazakhstanda ishtegenderge 2 grajdandyka uruksat bergile 2 Kyrgyzsdtandagy kyzdarybyzdy eshekterden korgogula

кимден: нааразы каяктан: Корей элинин арасы
02.03.2010 12:11
БАКИЕВДЕР калат, Бакиевдер....

кимден: Дария каяктан: KG
02.03.2010 12:05
Biroo'го толук кошулам,улам эле бирөөлөрдү күнөөлөй бергенде эмне?! Бизге шарт түзүп беришсин, Кыргызстан оңолсун анан келебиз деген эмнебиз?Шартты баарыбыз жапа тырмак түзүшүбүз керек,ошондо гана оңолобуз.Чоңдор деп эле отура бергенде эмне? Негизи биздин пейлибиз бузулган элбиз, Кудай да өзүбүзгө ылайык башчыларды берип жатат. Ар бирибиз өзүбүздү оңдомоюнча өлкөбүздүн оңолушу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес...
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

ВИЧ жуккан балдардын энелеринин Оштогу нааразылык акциясы, 14-ноябрь, 2011

"Данисте": Азыркынын "Акбаралары"

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)