Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Дүйнө

Атасы Майкл Жэксонду катуу кармаган

Жо Жэксон кабарчылар менен жолугушууда, 29-июн, 2009-жыл

Жо Жэксон кабарчылар менен жолугушууда, 29-июн, 2009-жыл

30.06.2009
Жаңыл Жусубжан

Ушул күндөрү көзү өткөн Майкл Жексондун ордуна сахнага кийинки кездери анын атасы Жо Жексон чыкты. Атактуу поп ырчысын чыт курсак кезинен ырдатып, шыгын арттырган, ошол эле мезгилде катаал мүнөз Жо Жэксон уулуна сыймыктанаарын айтып, поп-жылдызына таазим кылды, ошол эле мезгилде өзү музыка бизнесине кайтып келип жаткандыгын жарыялады.

Жо Жэксон камеранын алдына кара калпак кийип, чоң кара көз айнек тагынып кайтып келди.

Ушул дүйшөмбүдө ал Лос-Анжелестин жака-белиндеги үйүндө бала-чакасы менен кеңешип-таңашкандан кийин кабарчылардын алдына чыкты. Алды менен уулунун сөөгүн жерге берүү маселеси чечиле электигин билдирди:

- Биз буга али даяр эмеспиз. Бул күтө турган маселелер болуп жатат. Биз Майклдын эмнеден көз жумганын такташыбыз керек.

Өткөн бейшембиде кайтыш болгон поп-жылдызын мамлекет атайын дайындаган адистер союп көрүп, шектүү эч нерсе таба алышкан эмес. Урук-туугандары азыр анын өлүгүн дагы бир жолу сойдурганы жатат.

Жо Жэксон ошондой эле Майклдын үч баласын өздөрү багып алаарын бышыктады:

- Биз балдарды өзүбүз багып, аларга тийиштүү билим беребиз. Бул биздин колдон келет, үй кенен, аларга бардык шартты түзгөнгө шарт бар.

Майкл Жэксондун эки улуу баласынын энеси Дебора Роу балдарын сурап келе электиги айтылууда. Ал эми кичүүсү жалданма энеден төрөлгөн.

Сексенге таяп калган Жо Жэксон аялы Катрин экөө тогуз баланы багып өстүргөн. Жо Жэксон темир иштеткен ишканада кранчы, боксер жана жергиликтүү музыкалык топто гитарист болгон. Балдары менен Жэксон Беш деген топ түзгөн.

Майкл Жэксондун «Мен кичинекейимде иш, иш, иш дегенди гана билчимүн» деп айтканы бар. Атасы балдарын тынымсыз машыктырып, өзүн атам дебей, толук атыман Жозеф деп атагыла деп талап кылган.

Жо Жэксон балдарына кол көтөргөндөн да кайра тарткан эмес. Майклды кейпиң суук деп мазактап, көп ыйлаткан. Майклдын агасы Жермен атасына болушуп, ал балдар менен такай алектенип, аларды көчөнүн жаман таасиринен сактап калган деген.

Кандай болгон күндө да Майклдын атасы кезегинде Жэксон Беш тобун Тотоун үн жазма ишканасы менен келишим түздүрүп, Майкл менен карындашы Жанеттин соло ырчы катары калыптанышына көмөкчү болгон.

Ал эми эки миң бешинчи жылы Майкл жаш балдарга зордукчулук кылган деп айыпталганда, атасы уулун колунан кармап сотко келгенин баары көргөн. Мындай айыптоо Майклдын имиджине катуу сокку урганы менен, эч качан далилденген эмес.

Жо Жэксон уулунун сөөгү жерге бериле электе атактуу ырчы Маршал Томпсон менен бирдикте жаңы үн жаздыруучу компания ачып жаткандыгын жарыялады.

Бул Жэксондун ышкбоздоруна орунсуз көрүндү. Бирок Жэксондордун жакындары алар Майклдын ишин улантып, бүт дүйнөгө чек арасыз музыка жана чексиз махабат тартуулоону колго алып жатышкандыгын айтышууда.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Shoola каяктан: Bishkek
03.07.2009 22:41
Kechiresizder 29 emes 25 October de eken.

кимден: Shoola каяктан: Bishkek
03.07.2009 22:31
29 October 2009 jyly M.Jackson dun "Thriller" klipindegi bijdi dujno juzu bojuncha bijleship, jakyry kishilerge akcha chogultushat eken. Bul jerden toluguraak okusanar bolot:
www.thrilltheworld.com
Bizdin, Kyrgyzstandan da jashtar katyshsa jakshy bolmok.

кимден: Damira каяктан: Chet jer
02.07.2009 06:09
Жаныл сизге макалаңыз үчүн ырахмат айткым келет.
Мага Майкл абдан жагат.Майклдын ырларын укканда,студенттик күндөрдү эстеп кетем. Мурда бул кишинин талантына суктанып,таазим кылып келсем,азыр Майклдын өмүр байяны кызыктырды.
Сыртынан ушунчалык бош, уялчаак, назик көрүнгөну менен, ичинен өтө эле күчтүү адам экен дейм. Дүйнөдөгү элдин көңүлүн өзүнө 30-40 жыл катар тартып келүү менин оюмча оңой эмес.
Майкл 10 жашынан баштап ырдап баштаган экен. Атасы Майклдын талантын эрте эле байкап, ага өзгөчө катуу талап койгон.
Кичине эле балалык кылып,ойноп же көңүлүн башка нерсеге буруп калса, жини келген атасы колу менен же куру менен урчу экен.
Майкл бала чагын эскергенде атасын көргөндө, коркконунан окшуп да жиберээрин айткан.Айрыкча атасы Майклды такай "чоң мурун" деп шылдындаганынан улам,жаш Майклдын өзүн-өзү кем баалап, кийин чоноюп,акчалуу болгондо биринчи ирээт эле мурдуна операция жазатып,кичирейткен.
Муну менен айтайын дегеним, бала тарбиялаганда ата-энелердин ой-пикирин балдары эң биринчи кабыл алып,ошолордун айтканы эң туура деп эсептеп чоноюшат экен да. Ата-эненин айтканы, кылганы кийин баланын бүт өмүрүнө таасирин чоң калтырат тура.
Ошондуктан балдарыбызды көтөрмөлөгөн жерден көтөрмөлөп, мактаган жерден мактап,сын айтсак абайлап айтып, баланын назик сезимине доо кетирбешибиз керек экен.
Жаткан жери жайлуу ,топурагы торко болсун.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)