Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:47

Кыргызстан

Бакиевдерге кылмыш иши козголду

Утурумдук өкмөт Жалал-Абаддын Сузак районунда качып жүргөн президент Курманбек Бакиевдин эки уулуна жана бир тууган иниси Жаныш Бакиевге кылмыш ишин козгоду. К.Бакиев болсо ак үйдү бир ууч куралчан топ басып алганын айтууда.

Курманбек Бакиев AFP кабарчысы менен сүйлөшүүдө.(2010-жылдын 9-апрелинде тартылган сүрөт, Жалал-Абад облусу.)
Текст көлөмү - +
Башкы прокурордун милдетин аткарып аткан Байтемир Ибраевдин айтымында, тиешелүү процедуралар бүткөн cоң К.Бакиевдин өзүн жоопкерчиликке тартуу процесси башталат.

Утурумдук өкмөт мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтып беришти. Утурумдук өкмөттүн администрация башчысы Эмил Каптагаевдин айтымында, ушул тапта Ош менен Жалал-Абад облустарынын айрым гана жерлерин эске албаганда өлкөдөгү кырдаалды өкмөт толук көзөмөлдөп турат.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткарып аткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин ырастоосунда, ушул тапта Курманбек Бакиев Сузак районунда он беш чакты жан сакчылары жана туугандарынын коштоосунда улам жер которуштуруп жашынып жүрөт. Анын кайсыл жерлерде токтоп, кандай унааларга түшүп жүргөнү белгилүү. Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген Жаныш Бакиев болсо куралчан адамдары менен Чүй облусунда. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, бул ага-инилер жана алардын жан-жөкөрлөрү ушул тапта кайра бийликке кайтып келүүгө үмүт кылып, элдерге курал жана акча таркатууга аракет кылышууда.

Э.Каптагаев буга байланыштуу билдирүү жасап, күч органдары аларды тез арада басууга кудурети жетерин, андыктан бейкүнөө адамдардын каны кайра төгүлбөөсү үчүн Бакиевдерди куралын таштоого үндөдү.

Ошондой эле ал бардык жарандык коомчулукту мындан ары мындай кандуу окуялар кайталанып кетпеси үчүн, бир үй-бүлө же адам бардык бийликти жеке колуна топтой албагандай кылып мамлекеттик системаны курууга көмөктөшүүгө чакырды. Андан тышкары ал 7-апрелдеги атууну уюштургандар жазаланарын айтты:

- Уурдагандарды, жеп-ичкендерди, адамдарды атып-кыргандарды бүт кармап жоопко тартууга аракет кылабыз. Алар качып кете албайт. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып К.Бакиевге да айтар элем. Кандуу, каргашалуу жолдун аягы болот. Ошол жол менен жүрө берген болбойт!

Ошентсе да 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин качууга аргасыз болгон Курманбек Бакиев өзүн дале президент деп эсептээрин, өз ыйгарым укуктарын таштабай турганын айтууда. Би-Би-Си радиосуна берген маегинде ал былтыркы президенттик шайлоодо элдин 74 пайыз колдоосуна ээ болгонун, жакында эле өткөн Ынтымак курултайы анын багытын толук колдогонун, 7-апрелде кичинекей куралдуу топ ак үйдү басып алганын айтты:

- Бир ууч болгон куралчан топ эч нерсеге карабай ак үйдү басып алып атса, мээлеп туруп президентти жана анын кеңсесин атып атса, анан ушундай жол менен бийликке келип атса буларды мен легитимсиз бийлик деп эсептейм.

Ал эми убактылуу өкмөттүн маалыматы боюнча, нааразы болгондорду атуу боюнча буйрукту Курманбек Бакиев жана анын иниси Жаныш Бакиевдер түз берип турушкан. Мындай көрсөтмөнү берген адамдар да бар. Телеканалдарда деле 7-апрель күнү ак үй тараптан ок чыгып атканын көрсөтүшкөн.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткарып аткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтуусунда, митингчилерге карата ак үйдүн үстүнөн алгачкы ок чыккан маалда К.Бакиев кызмат ордунда болчу.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Исаев болсо 7-апрелдеги кандуу окуя жана талап тоноолор боюнча бир катар адамдарга кылмыш иштери козголгонун жана тергөө учурунда айыпталуучулардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди:

- Атайын карасанатайлык менен адам өлтүрүү деген негизде кылмыш иштери козголду. Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныбек Бакиевдин, уулдары Максим Бакиев, Марат Бакиевдин үстүнөн кылмыш иштери козголду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп атат...

Андан тышкары Б. Исаев Бишкекте баш-аламандыктарды уюштурган деген негизде мурдагы шаар мэри Нариман Түлеевге каршы кылмыш иши козголгонун да кошумчалады.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошондой эле Курманбек Бакиевди жоопко тартуу процесси да башталарын, ал үчүн анын жан коопсуздугун камсыздоого даяр экендиктерин, бардыгын мыйзам чегинде, соттук териштирүү аркылуу жасоого макул экендиктерин билдиришүүдө. Курманбек Бакиев болсо Убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр экенин, өзүн дале президент деп эсептээрин айтууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Дамира каяктан: Нарын
15.04.2010 15:06
Бакиевге жана анын жан жокорлоруно, балдарына наалат айткым келет. Элдин козу эч нерсе корбойт деп ойлогонбу? Эмне учун бийликке жан далбастап жармашат.Адамдык бир да касиет калбаган экен Бакиевде. Козун май басып, оз элин эл катары корбой калган экен.
Байлык учун, бийлик учун, озунун жанындагы зоокур жан сакчылары учун ок атуудун да кайра тарткан жок. Азыр да жаш балдарды омурунон ажыратып, эл башына оор кайгы салып жатып озунун башына,балдарына жана мулкуно жан соога сурап жатат. Кудай жазалайт. Адамдык бир касиети жок айбан, ач коз, баш кесер жана калп суйлогон ушул адам биздин элди беш жыл кыйнаганына, аягында кан тогуп элин атып анан жан далбастап бийлигин коргоп жатканына окунуп да, тан калып да жатам. Жазасын алсын демекчимин.

кимден: Азамат каяктан: Нарын
15.04.2010 14:46
Бакиевдин БАЙЛЫГЫ кыргыз элинен уурдаган, Бакиевдин ЖАНЫ жана ТУУГАНДАРЫ Бакиев учун Кыргыз элинен биринчи орунда турат. Бакиев керек болсо азыркы учурда аны колдоп жургон абамдарды да атуудан кайра тартпайт. Эгерде дагы баш аламандык чыгып кетсе ошол адамдарды алдыга салат качып кетет. Ал ошон учун Кыргыз элин, Кыргыздын жигиттерин атты. Ал балдар козу ачык кетти. Бакиев "Козу ачык кетти"-деген созду деле тушунбойт болуш керек. Бакиев бул дуйнодон жазасын албаса да тигил дуйнодон жазасын алат!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.04.2010 23:26
Салам бир тууган боордоштор . Мен силердин пикирлеринерди окуп отуруп ар кайсы ойго туш болдум . Мисалы бироо Бакиевдерди жамандап жатса бироо мактагансып жазып жатат . Бирок кандай гана ой болбосун озvнбvздvн оюнбузду айтууга укутуубуз да . Мен мындай деп айтаар элем, шейит кеткен патриоттордун олvмv vчvн Бакиевдер жазага тартылышы керек . Болгондо да элдин алдында жооп берvvго тийиш . Эл калыс , ( азыркы сот бийлигиндегидей эмес ) Эл тараза . Бакиевдер бул дvйнонvн дагы , аркы дvйнонvн азабын корvшот.

кимден: Оштук жигит-ПАТРИОТ каяктан: Ош
12.04.2010 22:58
Кыргыз элим!

Тундук жана Туштук кыргыздар болуп болунбойлу! Биз КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗ! Бакиевди Туштук кыргыз эли колдоп жатат деген ойдон алыс бололу! Массалык маалымат каражаттарына болсо табылбай эле калды, "Бакиев Туштукто, жактоочулары менен"....деп., ЖОК! андай эмес, анткени "ЭШЕКтин да жок дегенде бир жактоочусу болот", АЛ ОЗУНУН КИНДИКТЕШТЕРИНЕН гана чогултса да "БИР КОРОО КОЙ" чогулат! андыктан КЫРГЫЗ ЭЛИ БОЛУНУП ЖАТ БОЛБОЙЛУ!

Бакиевдин деле жаны ширин экен го, карагылачы, кандай жан талпазда аракеттерин коруп жатат! Демек, атууга буйруп жатканда да ойлонуусу керек болчу!

Ал эми кийинки келер бийлик башындагылар мындай жаналыштык кетирбоосун эл эптуу алдын алуусу керек жана КУДАЙдан тилейли!
Бир тарабы Бакиев бийликке келгенден эле КУРАЛ КОЛДОНО аларын айтып келген болчу, созу "оозунан чыгып жакасына жармашыптыр"!
Ал эми азыркы жаны (буюрса...) бийликтин окулдорундо жакшы ниеттер айтылууда, КУДАКААЛАСА КЫРГЫЗСТАН СТАБИЛДУУ ОНУГУУ ЖОЛУНА ТУШОТ! Мындан кийин саясат иштери менен алектенбей ЭКОНОМИКА жана ЭЛДИН ЖАШОО ДЕНГЭЭЛИН ЖОГОРУЛАТУУ иштери менен алек болсок жакшы болмок! Антпесе биздин бардык атууладар саясатчы болуп калдык окшойт! "профилибизди" озгортолу тууганар!

ЫПЛАС-тууганчыл бийлик жоопко тартылсын!

Адилеттуу жаны бийлик алгалай берсин!

кимден: Kyrgyz kiz каяктан: USA
12.04.2010 22:54
Bakiev kanday kelgenin ayabaya jakshi bilet janan ketip jatkanda da Akaevge okshop jon ketishi kerek. Oz kizikchiligi uchun kancha adamdin omurun kiyip oturat. Biylikke kelgenderdin baari ele ak emes ozu, baari oz kizikchiligin oyloyt kelgenden kiyin. Bakiev dagi dele baylikka, taktikka toyboy adamdardin janin aluuga cheyin barip jatat. Bakiev jazaalanish kerek. Adamdar militsiyalardi tokmoktop oluturp salaganin korup ayabay jurogum sizdap ketti. Biz akilduu adamdarbiz ayban emespizgo akiri, Biylik bar oltur dese ele olturo berish kerekpi. Adamdardin oz erki bolush kerek, biylikten tushkondon kiyin emi Bakiev tushtuk menen tunduktun tinchtigin buzayin degen oyu bar. Bakiev keebir adamdardi oz koluna korupsiya akcha menen aldi dep oyloymun, azirki ubakta ech kim dele koldogusu kelbey kalgan mikaachini jana ech kim koldobosh kerek. Bakiev Kattuu jazalanish kerek..

кимден: Кыргыз кызы каяктан: Россия
12.04.2010 17:19
Урматтуу мекендештер! Жалган провокацияга алынып болбогон адамдардын планын иш жузуно ашырууга курал болуп бербейличи.Сиз менен бизди куралдуу куч кылып бийликке жете албаган айрым мекендештерибиз колдонуп жаткандыгын жакшылап, андап тушунолучу. Милиция кызматкери ал ким? Ал кимдир бирообуздун инибиз, агабыз, атабыз, жолдошубуз, тууганыбыз. Бул менен эмне дегим келет, биз оз туугандарыбызды озубуз оз колубуз менен олтурууго бардык. Канчалаган милиция кызматкери, канча кырчын жигиттерибиз отту. 7-апрель кунку жоготуу бул ото кооптуу, бул жерде бир гана бийликтин куноосу эмес опозициянын да куноосу чон. Эмнебизге дуйно элин тан калтырдык деп сыймыктанабыз, шылдын болгонубузгабы? Оз кызыкчылыгы учун кылгылыкты кылып, сыртта тамаша кылып турган айрым мамлекеттерге соз жок.

кимден: Айбек каяктан: Жалал-Абад
12.04.2010 16:27
Салам менин айтаарым кыргыз элиме бир гана тилеерим АЛЛАХЫМ тынчтык берсинчи болот мага ушул тилек

кимден: Kyrgyz Kyz
12.04.2010 13:00
Salamtsyngarby Kyrgyztandyktar,
Sozungorgo araljy urmattu Alisher Suranbaev, ajal kishi prezidentike turup kalgan bolso (birok men oiloim sizge okshogo Kyrgyztanymdyn "patriarhat" erkekteri emi ele ajalga jol berberi aikyn) kop nerse ozgorot, Bir ele Roza eje oshoncho politik agalarybyzdan esi jana oi jugurtuusu bir top aldyda, Ajaldar da Kyrgyzstanym dep jashait jana kujot eli uchun jana jeri uchun sizdei ele bolup. Siz azyr syrtta jurgon bolsonguz aman esen jurushunguzdu tilek kylabyz, aman bolunguz urmattuu mekendesh, osoilu jana onugoilu.

кимден: kyrgyz каяктан: bishkek
12.04.2010 12:54
салам туугандар!
Бакиевдерге эч кандай кечирим жок!!! Ооба, жаны бийлик деле бизди жарытып жибербейт. Алардын чыныгы Каптагаев сыяктуу "чыныгы патриоттор" коп. бирок баары бир 80 ден ашык адамды олтургон адамдар соттолушу к-к.

Азыр, бирок , эн негизгиси кимдин куноосу канча экенини такташ к-к. А, Жапаров , Н,Тулеев, Марат Бакиевдердикин мисалы

кимден: Тилек каяктан: Талас
12.04.2010 12:12
Бакиев кайсы бети менен 74% менен шайландым деп жатыры? Элдин баары билет шайлоо кандай болгонун.Бакиевдин уйунон шайлоонун жыйынтыгын алдын=ала даярдалган таблицалар чыкпадыбы. Ошолорду прокуратура текшерип шйлоонун жыйынтыгын жараксыз деп Конституциялык сот чечим чыгарыш керек.
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)