Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 09:55

Дүйнө

Түркиянын талабы, Даниянын чечими

Даниянын башкы прокурору күрт тилинде берүү уюштурган сыналгыны жикчил Күрттөрдүн Жумушчулар партиясы (ПКК) менен байланышы болгон деп айыптап, кылмыш ишин козгоду. Бул кабар Түркияда канааттануу менен кабыл алынды.

Текст көлөмү - +
Даниянын башкы прокурору Йүрген Стеен Сөренсен күрт тилинде берүү уюштуруп келген ROJ TV сыналгысына карата кылмыш ишин козгоду. Прокурор ROJ TV АКШ, Евробиримдик жана Түркия тарабынан террордук уюм катары табылган ПККны колдоп келет деп билдирди.

Аталган сыналгы канал дайыма ПККнын мүчөлөрү менен талкууларды уюштуруп, атүгүл террорчулар менен Түркиянын коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууларды обого берип келгенин белгилеген прокурор сыналгы каналдын берүүлөрү бул жикчил уюмдун иш-аракеттерин колдоп жатканын билдирди.

Прокурор Сөренсен кылмыш иши ROJ TV менен ПККнын байланышы тууралуу абдан кылдат жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында козголгонун кошумчалады. Маалым болгондой, ПКК чейрек кылымдан бери Түркиянын чыгышында автономияга жетүү үчүн куралдуу күрөш жүргүзүп келет. Бул жаңжалдын жүрүшүндө он миңдеген түрк жарандары өмүрүнөн ажырады.

Расмий Анкара бир нече жылдан бери Дания өкмөтүнөн аталган сыналгы каналды жабуусун талап кылып келди. Бул талап бир нече жолу эки өлкө ортосунда дипломатиялык кризиске себеп болду. Эми даниялык прокурордун кылмыш ишин козгоосун Түркиянын Тышкы иштер министрлиги канааттануу менен кабыл алды. Министирликтин билдирүүсүндө “террорчулукту колдоп, зордук-зомбулукка чакырган маалымат каражаттары козголгон кылмыш ишинин натыйжасында тийиштүү жазаны аларына тилек билдиребиз” деп айтылат. Өкмөттүн басма сөз өкүлү Жемил Чичек буга байланыштуу мындай пикири менен бөлүштү:

- Биз бул канал террордук уюмдун колдоочусу экенин, үгүт жүргүзүп жатканын, ошол себептен Түркияда төгүлүп жаткан канда анын да салымы болгонун жана анын токтотулуусу зарыл экенин көптөн бери билдирип келдик. Бирок ушу тапка чейин биздин бул даттанууларыбызды эч ким назарга албады. Биз бийликке келген учурдан бери террорго каршы көп кырдуу күрөш жүргүзүп жатабыз. ROJ TV маселенин бир бөлөгү гана. Европада колдонулган маң заттын көпчүлүк бөлөгү ПКК аркылуу ташылууда. Мындайча айтканда Европа өз балдарын ПКК аркылуу ууландырып жатат.

Кылмыш иши козголгон ROJ TV сыналгысынын Данияда станциясы жок, бирок ал өлкөдөн алган лицензия менен обого чыгып келет. Британия жана Франция мындан бир канча жыл илгери берүүлөрүнө тыюу салгандан улам аталган сыналгы 2005-жылдан тарта Даниянын лицензиясы менен берүүлөрүн уюштура баштаган.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Isken
01.09.2010 22:39
Урматуу Азаттык Үналгысы!

Азаматсыңар! Кыргыз тилин өркүндөтүп жатканыңарга!!! Колдойм!
Урматуу Бек айткандай - туура нерсени кылып жатыпсыңар!
Мен четте жүрөм - дайыма силердин кабарыңарды, макаларды окуймун, анткени - кызыктуу!! :)
Эми кебир сөздөрдү кыргызча кылсаңар аябай дурус болот эле - бул ай аттары жана кебир орус сөздөрүн - М: проблема, ж.б.
Ийигилик калааймын!
Ыраазычылыгымды билдирем, алга!
Терең урмат менен, деп Искен.

кимден: Бек
01.09.2010 17:49
Баракелде Аким Өзгөн! Макаланы мыкты жазыптырсыз. Башынан аягына чейин шар окудум. Даниянын башкы прокурорунун атын кыргыз тыбыштары менен бергениңиз ошондой эле террорчул, жикчил сыяктуу сөздөрдү колдонгонуңуз кубандырды. Орустарды туурайбербестен, Джон, сепаратист, террорист, Джексон деп, кыргыз тил эрежелерин сактоодо жана кыргыз тилин өнүктүрүүдө, Азаттыктын ролу абдан чоң. Бар болгула!

Автор жөнүндө

Онлайн шерине