Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:08

Дүйнө

Түркиянын Евробиримдикке кирүү жолунда тоскоолдук көбөйдү

Түркиянын Европалык Биримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө тоскоолуктар көбөйдү. Өкмөт алдына койгон максатынан тайбай турганын билдирип жаткан менен Кипр жаңжалы өңдүү алдыда чийеленишкен маселелер арбын.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган
Текст көлөмү - +
Европа Парламенти тарабынан жактырылып чыккан 2009-жыл үчүн Түркия отчету ансыз деле мүчөлүккө тоскоолдуктардан улам тажап бараткан Анкаранын нааразылыгын пайда кылды. Анкаранын пикиринде, ЕБ Түркияга берген убадаларын кармабай, Кипр жаңжалы, өлкөдөгү адамдын укуктарынын абалы өңдүү ар кандай шылтоолорду бетке кармап, мүчөлүк жараянын бөөдө создуктуруп жатат. Европарламенттин кийинки отчетунда “Кипрдеги сүйлөшүүлөрдү алга жылдырыш үчүн Түркия аскерлерин аралдан чыгара баштоосу зарыл” деп коюлган талап Анкара тарабынан дароо четке кагылды. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бейшемби күнү Анкарада ЕБге мүчө өлкөлөрдүн баш элчилери үчүн сый тамак уюштуруп, бул тууралуу өкмөттүн турумун ачыктап берди.

“Бул жерде мен бир чындыктын астын сыза кетким келет. Европарламенттин кийинки отчетунда жалпысынан алганда бир тараптуу, чындыкка төп келбеген жана биз кабыл алууга мүмкүн болбогон жагдайларга орун берилгени жана мүчөлүк жараянына терс таасирин тийгизчү турумдан мамиле жасалганы байкалып жатат. Отчетто ЕБ Түркиядан күткөн нерселер камтылып, Еврбироимдиктин Түркияга карата убадалары жөнүндө дегеле сөз козголбошу кишини ойлонтпой койбойт”,- деди Эрдоган.

Премьер-министр европалык баш элчилердин алдында айткан сөзүндө, биримдикке мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө сүйлөшүүлөр создуктурулуп жаткандыктан, Анкаранын чыдамдуулугу жукара баштаганын билдиргиси келди. 1996- жылда биримдике мүчө болбой туруп эле ЕБ менен бажы биримдигин түзгөн Түркия өзүн сызга олтурган тарап катары сезүүдө. Түркиянын мүчөлүгү ЕБге түйшүк эмес, пайда алып келерин билдирип келген Анкара Түркияны мүчөлүкө кабыл албаган Европа дүйнөлүк күч боло албай турганына да басым жасоодо. Маселен, ЕБ Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу ишинде бүгүнгө чейин чеке жарытарлык бир демилге көтөрө албады.

Бул чындыкты “Тышкы байланыштар боюнча Европа Кеңеши” аталган кеңештин кийинки макаласынан даана көрүүгө болор эле. Макалада Европанын Палестин проблемасына кийлигишүүдөн ар дайым тартынып келгени белгиленип, биримдик дүйнөлүк күч болгусу келсе, чоңураак ойлошу зарыл экени билдирилет. Анда ошондой эле ЕБ Түркиянын армиясын да кошуп, көп улуттуу тынчтык күчтөрүн түзө алары жана ал күчтөр Газа сызыгында жана Батыш Йорданда тынчтыкты сактоо милдетин аткара алары көрсөтүлөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Расулбек каяктан: Москва
15.02.2010 06:30
Менимче эми Түркия ЕБ га мүчө боло албаса керек андан көрү өзүнүн башка өнүгүү жолун издеши керек. Себеби: эгер Түркияны Европа Биримдигине мүчө кыла турган болсо ал бир кыйла эле баш орутма болот. биринчиден жакынкы жылдары Түркия, эң калкы көп ЕБ дагы Германиядан да калкы өсүп кетет. Бардыгыбызга белгилүү эмеспи Европа мамлекеттеринин демографиялык өсүү деңгээли кандай көрсөткүчтө экени. Анан Түркиянын экономикасы да кичинекей эмес да андай боло турган болсо келечекте Түркия ЕБ дагы эң бир башкы оюнчулардын бири болуп калышы мүмкүн аны азыркы башкы оюнчулар каалашпайт.
Экинчиден маданий айрымачылыктар жогору, бул жаатта да келечекте коп маселелер чыгышы мүмкүн

кимден: Уркун каяктан: Стамбул
14.02.2010 22:36
Эрдоган бийликке келгени Түркияда адам укугу начарлады, бийлик динчилдерди күчөттү, Ата-Түрк түзүп кеткен "светское" деген баалулуктан кача баштады. Ошон үчүн Туркиянын Евросоюзга кириши кечиктирилип жатат. Азыркы кейпи менен Түркия Евросоюздун стандарттарына туура келбейт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)