Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:13

Борбор Азия

Жашасын дагы бир Түркмөнбашы!

Түркмөнстанда Гурбангули Бердымухамедов жаңы бийликке келгенде, дүйнөдөгү эң жабык коомдордун катарындагы өлкөгө реформатор Горбачев келгендей сүйүнүшкөн.

x
Текст көлөмү - +
Бирок алгачкы айларда айрым жылыштар болгону менен, андан берки үч жылда Түркмөнбашы Биринчинин ордун Түркмөнбашы Экинчи баскандыгына көз жетүүдө.

Гурбангули Бердимухамедов 2007-жылдын 11-февралында президенттик кызматына расмий киришкен. Ага чейин ал түркмөнбашы Сапармурад Ниязов алдыңкы жылдын этегинде,  21-декабрда көз жумгандан кийин бир жарым айча, мамлекет башчысынын кызматын аткарган.

Жаңы президент жакшы эле баштагандай болгон,  «түбөлүк» президент Ниязовдун диктатуралык ыкмаларына салыштырганда, анын ар бир жарыясы нагыз демократиячыл болуп көрүндү.

Жаңы мамлекет башчысы шайлоо алдындагы убадаларын ишке ашырууну кечеңдеткен жок. Ниязовдун мезгилинде тогуз жылдык болуп калган орто билим берүүнү кайра 10 жылдыкка айлантты. Кесиби тиш доктур болгон Бердымухамедов Ниязов кереги жок деп эсептеген саламаттык системасын кайра калыбына келтирип, ооруканаларды кайра ачып, дарыгерлерди кайра ишке алды. Жаңы өлкө башчысы ошондой эле бардык түркмөн жарандары Түркмөнбашы Ниязовдун «Рухнама» деген багыттоочу китебин окуп, билиши керек деген милдетти алып салды.

Бир жылдан кийин Бердымухамедов элине минтип отчет берди:

Президенттик кызматка келгенде мен «мамлекет элге кызмат кылсын» деген ураан жарыялагам. Бул ураан менин сөздөрүм, жардыктарым, жана ар бир кыймыл-аракетим аркылуу ишке ашып жатат. Биздин өкмөт ушул ураандын жетегинде иш алпарууда. Бул ураан биздин идеологиянын түп-негизи болуп калышы керек.

Бирок анын аралыгында, президенттин башка, мисалы интернет байланышын кеңейтүү, унаа жана байланыш тармагын өнүктүрүү убадалары жарым-жартылай да аткарылбай тургандыгы түшүнүктүү боло баштады. Шайлоочулар ошондой эле көздөн учкан саясий реформалар да болбой тургандыгына көздөрү жетти.

Өлкөдө бийликчил Демпартиядан башка бир да саясий партия таанылган жок, бир да көз карандысыз маалымат каражаты катталган жок. Өлкөнүн ичиндеги көзөмөлдөп-өткөрүү бекеттери алынып салынды жана түркмөндөргө чет өлкөгө баруу анча-мынча жеңилдеди. Бирок өлкө мурдагыдай эле чет өлкөлүктөр үчүн дээрлик жабык бойдон кала берди.

Баары бир тең, Бердымухамедовдун жеке адамга кулдук уруучулукту кайра жандандырганы бир тең болду. Ал мурдагы президенттин мурастарын акырындык менен жок кылып келген эле. Түркмөнбашынын аты менен аталган көчөлөрдүн, ишкана, шаар-кыштактардын аттары өзгөртүлдү, ар бир гезиттин биринчи бетинде такай коюлчу сүрөттөрү алынды, анын келбети түркмөн акчасы манаттын бетине да басылбай калды.

Анын аралыгында, мурдатан тааныш «эл сүйгөн ханды» даңазалоо кайра башталды. Шайлоо комиссиясынын башчысы Мурат Гарриев былтыр күздө Бердымухамедовго өлкөдөгү эң жогорку сыйлыкты тапшырууну сунуш этти:

Бүткүл түркмөн элинин атынан мен парламенттен биздин сүйүктүү президентибизге «Түркмөнстандын баатыры» деген наам берүүнү суранам. Мен беш жаштагы баладан, токсондогу чалга чейин бул сунушту колдооруна ишенем.

Президент Бердымухамедов буга «Мурат ага! Рахмат, бул чынында да бардыгыбыз үчүн чоң жетишкендик» деп агынан жарылды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Баки каяктан: Баткен
11.02.2010 09:27
Биздин Хан андан да өтөт, анын эмнеси кем экен Түркмөн башыдан, бир туугандарын, балдарын ачык эле жогорку кызмат орундарына коюп жатат. Кыргыз эли уулу эл, аны менен эсептегиши келбей жатат го. "Ну погоди"!!!

кимден: Sa
11.02.2010 06:47
Ой, ал кыргызбашы деген атка татыксыз. Нагыз колхозбашы

кимден: Кыргызбай каяктан: Дарексиз
11.02.2010 01:18
Биздин президент деле башкалардан артта калган жок. Кээ бир нерселерден баарынан алдыда баратат. Меселен, тируу президенттердин ичинен, СНГнын бир да президенти оз баласын озуно орун басар кылып алганга жараган жок. Мактаган Каримов эптер атып суйуктуу кызы Гульнараны Испанияга посол кылып жибергенге аран жарады. Назарбаев да кыздарын которгонго батынбай, куйоо балдарын ойдо туртту эле, анысы кайната менен так талаша кетип, Кайнатанын ичкен-жегенин,ойноп-кулгонун китеп кылып чыгарып, айласын кетирди. А биздин президент коркпой-уркпой эле баласына Кыргызстандын жарымын менчиктеп бербедиби. Биз деле оной эмеспиз, Туркмонстан эмне болуп калыптыр. Биздин Кыргызбашы жонундо да жазып турсанар, башкаларды эле айта бербей.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)