Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:14

Дүйнө

Кавказдагы "Берлин дубалы"

Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Россияны Кавказда жаңы "Берлин дубалын" орнотуп жатканы үчүн айыптады.

Тбилиси -- Грузияда оппозиция президент Саакашвилиге каршы акцияларын ушул күнгө чейин улантууда. 22-сентябрь 2009-жыл.
x
Тбилиси -- Грузияда оппозиция президент Саакашвилиге каршы акцияларын ушул күнгө чейин улантууда. 22-сентябрь 2009-жыл.
Текст көлөмү - +
Саакашвили Россияны дегеле оозго алган жок, анын ордуна жалаң "тышкы күчтөр" деген аныктаманы колдонду.

Грузиянын территориялык бүтүндүгү бузулганын Берлин дубалына салыштырып, "кайгылуу жагдайдан улам Грузия да Германиядагы мурдагы муундардай эле көкүрөгүндө терең жарасы бар улутка айланды" деп ырастады. Анын сөзүнө ылайык, "Грузиянын бештен бир аймагы жаңы дубалдардын ар жагында калды, Европага кайрадан ичтен жик түшүп, европалык улуттардын жалпы дүйнө тааныган чек аралары репрессиялар менен коркунучтардын жаңы тилкелерине бөлүнүп-жарыла баштады".

Бу жагынан грузин президенти иш жүзүндө француз философу Бернард-Анри Леви, мурдагы чех президенти Вацлав Гавел баш болгон интеллектуалдардын өткөн аптада жарыяланган ачык катында айтылган ойлорду толугу менен кайталады. Бирок аларга шилтеме же ишаара жасаган жок.

Саакашвили "грузин эли өз өлкөсүндөгү жасалма дубалдарды эзели кабыл албай турганын", бул анын "улуттук айныгыс милдети" болорун белгиледи жана эл аралык коомчулукту Грузиянын тагдырын көз жаздымында калтырбоого чакырды. "Бул биздин эл аралык укуктарды сактоодогу коллективдүү жоопкерчилигибиз болот",-деп көрсөттү ал.

Абхазияны Саакашвили "грузин цивилизациясынын бешиги" деп атады жана анын келечекте Грузиянын составына кайтып келери калетсиз экенине ишендирди. Түштүк Осетияны тбилисилик президент сөз кылган жок, бирок "тышкы күчтөрдү" былтыр Грузияга кол салып, анын "аймактарын оккупациялап алганы" үчүн айыптады.

"Тышкы күчтөр" Саакашвилинин аныктамасында бир кезде Полшага, Финляндияга, Венгрияга, Чехославкияга жана Ооганстанга басып киргендердин "урпактары" болот. Алар "Грозныйды да жер менен жексен кылып ташташты".

Грузин президенти өз бийлигин "ылгый демократиялык режим" катары сыпаттады. Ага каршы оппозиция өткөрүп жаткан акцияларды Саакашвили "эркиндиктин анык көрүнүшү" деп баалады. Буга кошо "Грузия бардык жерде,анын ичинде Ооганстанда да терроризмге каршы күрөшүп жатканын" эске салып кетти.

Питтсбург университетинде бейшемби күнү студенттер менен жолуккан президент Дмитрий Медведев орус-грузин мамилелерине байланыштуу суроого жооп берип, "Россия Грузия,анын өкмөтү жана жетекчилиги менен жакшы санаалуу карам-катнаш түзөрүн" бышыктады.

Ал эми жеке өзүнүн позициясына кайрылып: "Менин Саакашвили менен эч кандай ишим жок жана болбойт",-деп айтты.  Анткени орус президенти аны "өз элине, абхаз жана түштүк осетин элине каршы кылмыш жасаган киши" деп эсептейт. 
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: arslan каяктан: france
26.09.2009 22:31
suiloso bolo beret ekenda tobo kyldym

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)