Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:29

Дүйнө

АКШ армян геноциди боюнча добуш берүүсү Түркияны ачуулантты

АКШ конгрессинин комитети бейшембиде дээрлик бир кылым мурда армяндардын осмон түрктөрү тарабынан кырылышын "геноцид" деп баалаган резолюцияны жактырды. Кандайдыр бир чара көрүүнү карабаган бул документ Конгресстин элегинен өтөөр-өтпөсү белгисиз, бирок ал Түркияны катуу кападар кылды.

Конгресс комитети резолюцияны жактырышына каршы Стамбулдагы нааразылык. 2010-жылдын 5-марты.
x
Конгресс комитети резолюцияны жактырышына каршы Стамбулдагы нааразылык. 2010-жылдын 5-марты.
Текст көлөмү - +
АКШ конгрессинин комитети кабыл алган резолюциядан кийин Түркия бул өлкөдөгү элчисин чакырттырып алды. Жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган «бул резолюция Түркияны чындыгында орун албаган кылмыш үчүн айыптайт» деди.

Былтыр октябрда Түркия менен Армения эки тараптуу алакаларды нормалдаштыруу максатында айрым иш-чараларды башташкан. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу бул аракеттер улана берет дегени менен, алардын парламентте жактырылышы коркунучта экендигин эскертти.

Ал эми Өкүлдөр палатасынын комитетин резолюцияны четке кагууга көндүрүү үчүн атайын АКШга барган түрк делегациясынын мүчөсү Мурат Мержан мындай дейт:

Түркия чоң, абдан маанилүү өлкө, биз мактанбайбыз. Буга чейин биздин сөзүбүз эки болгон эмес. Өкмөт да, өкмөт башчысы, тышкы иштер министри баары (резолюцияга карата) реакциянын жана ага кандай жооп берүүнүн үстүнөн иштешмекчи.

АКШнын администрациясы америкалык мыйзамгерлерди резолюцияны четке кагууга чакырган эле. Канткен менен Түркия НАТОнун мүчөсү жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чынында да айрыкча мааниге ээ болгон союздашы.

Бирок Армения добуш берүүнү адам укуктарын бекемдеген кадам деп жогору баалады.

Ереванда Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандиян добуш берүүнүн жыйынтыгын «Америка элинин универсалдык адам укуктарынын асыл-нарктарына берилгендигинин дагы бир далили, адамзатына каршы кылмыштарды алдын-алуу багытындагы маанилүү кадам» деп мүнөздөдү.

Армян-америкалык уюмдар ондогон жылдардан бери Конгресстен ал өлтүрүлүүлөрдү тукум курут кылуу аракети деп баа бериши үчүн күрөшүп келишкен, ошондуктан, алар бейшембидеги добуш берүүгө жогору баа беришти.

Ошол эле убакта алар Түркиянын кийлигишүүсүн белгилешүүдө. Америкадагы Армян улуттук комитетинин төрагасы Кенет Хачикян «түрктөр АКШнын конгрессинде добуш берүү же вето кою укугуна ээ эмес экендиги» далилденгендигине айрыкча курсант болду. Ал эми Резолюция эми Өкүлдөр палатасында колго салынат, бирок анын өтөөр-өтпөсү күмөн. Түркиянын союздашы Азербайжан «тарыхты бурмалоо» аракетине нааразы болууда.

2007-жылы да  АКШнын комитети ушул эле мазмундагы резолюцияны жактырганда, Анкара өз элчисин чакыртып алган. Президент Буш буга каршы болгондон кийин, документ Өкүлдөр палатасында добушка коюлган эмес. Ал эми түрк элчиси Вашингтонго бир жумадан кийин кайтып келген.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нурланбек каяктан: Москва
07.03.2010 18:05
Түркияда Армьяндрга каршы геноцид болгон деген хипотеза армьян диаспорасынын көз карашы. Анда эмне үчүн Армения Түркиянын "архивдерди ачалы" деген сунушуна жооп бербей турат? Геноцидди жайылтуу, чынында эле болгон деген түшүнүктү жайуу лобичилик иштердин жыйынтыгы болот. Болбосо Американын же башка өлкөнүн геноцид жөнүндө кеңири маалымыттары жок. Мындай иштер батышта, өзгөчө Америкада көптөгөн акчалар менен ишке ашырылат. Когрестеги сүйлөшүүлөр бүт лобилердин кылганы. 22 добушка каршы 23 ой менен когреден өттү. Эгер чындап эле геноцид болгондо. Толук добуш менен өтмөк да....

кимден: Самар каяктан: Бишкек
07.03.2010 07:17
Турциядагы МАКАга жана Чүйдөгү МИКАга. Албетте, Россия 16 - жыл үчүн сөзсүз кечирим сураш керек. А биз, кыргыздар, бул маселени Орустарга кое албай жатабыз, тескерисинче орустардын көзүн карап жашап жатабыз. Дагы кайталайм, кечирим суроо - бул маданияттуу адамдын жана мамлекеттин жасаар иши. А Түркия ошол Осмон Түркиясынын уландысы. Эгер Түркиянын жана Россиянын кечирим сураганга маданияты жана эрки жетишпесе, анда алардын өзүнүн проблемасы. Түркия ансыз да диний фундаментализмди күчөтүп, өз өлкөсүндөгү коомдук ынтымактын ыркын кетирип жатат.

кимден: Мигрант каяктан: Москва
06.03.2010 21:48
МАКА сен Самардыкын гана кочуруп албастан аны айыптап кетиптирсин.

кимден: МАКА каяктан: ТУРЦИЯ
06.03.2010 14:34
самар сен айтып жатпайсынбы "түрк өкмөтү кечирим сураш керек" деп баса белгилеп кеттиң. Эмне үчүн кыргыз элине келгенде "орус өкмөтү кыргыз элинен кечирим сураса туура болмок" деп баса белгилеп айтпайсың. Албетте орус өкмөтү дагы кыргыз элинен кечирим сурашы керек!!!. ой пикириңерди жазганда ойлонуп жазгылачы суранам.

кимден: Мика каяктан: Чуй
06.03.2010 12:11
Өзү Америка ким бир мамлекет ал ООН же башка дүйнөлүк уюм эмес Түрктөрдү кечирим сурата турган,Түркия Осман империясы үчүн эмнеге кечирим сураш керек азыр 21 кылым.анда Америка эмне үчүн Изираилге айтпайт Палестиндерди кырганын алар деле ар кандай кордукту көргөзүп жатат ко кырып жатат.

кимден: Самар каяктан: Бишкек
06.03.2010 00:03
Кетирген кемчиликтер учун кечирим суроо бул маданияттуулуктун белгиси. Америка эли индеецтерден кечирим сурап, аларга конституциялык жеңилдиктер жана акчалай жардамдар берилди. Австралия окмоту да жергиликтуу аборигендерден балдарын куч менен окутканы учун жана башка зыян кылганы учун кечирим сурашты. Немиис эли жана окмоту немис фашизми учун кечирим сураган. Христиан чиркоосү да мурунку кээ бир элдерге кылган туура эмес мамилеси учун ар дайым кечирим сурап журот. Кечирим суроо - бул маселенин чечилишине жасалган алгачкы кадам. Бир миллионбу же бир мин армян олдубу, баары бир Турк окмоту мурунку Осмон Турк мамлекети үчүн кечирим сурашы керек. Орус мамлекети да кыргыздардан 1916-жыл учун кечирим сураса туура болмок.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)