Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:25

Саясат

Пентагон кумсалардын ачык кызмат өтөөсү үчүн

АКШнын аскерий жетекчилиги Конгрессти аскерлер арасындагы кумсалар жөнүндө жаап-жашырбай сүйлөөгө чакырды.

АКШы президенти Барак Обама жана Коргоо министри Роберт Гейтс.
Текст көлөмү - +

АКШ Конгресси 1983-жылы кабыл алган мыйзамга ылайык, кумса эркек-аялдар алардын гомосексуалдык ориентациясы ачыкка чыгып кетмейинче, армияда кызмат өтөй берсе болот. Азыр 25 өлкөдө кумсалар гомосексуладыгын жаап-жашырбай эле армияда кызмат кылышат.

АКШнын деңиз аба күчтөрүнүн аскерлери 12-январдагы зилзалада жетим калган гаитилик баланы тикучарга салышууда. Порт-о-Принс. 16-январь 2010

 

Генералдар  “сураба, сүйлөбө” саясаты эскирди дешет

 

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими шаршемби күнү Сенаттын аскерий комитетинде болгон угууда аскер катарындагы кумсалар тууралуу “сураба, сүйлөбө” деген саясаттан баш тартууга чакырды. Мындай саясат, адмирал Майкл Муллендин сөзүнчө, өмүрүн Ата журт үчүн тобокелге салып жүргөн жаш аял-эркектерди кыйын абалга койот:

 

-Менин жеке ишенимимде, кумса аял-эркектердин армияда ачык эле кызмат өтөгөнү туура. Фактыларга таянсак, азыркы саясатыбыз өз мекендештерин коргогону жүргөн жаш аял-эркектерди жалган айтууга мажбурлайт. Алар инсан катары интеграцияланыш керек деп ойлойм. 

 

АКШ Конгрессинин 1983-жылкы мыйзамы токтотулса, кумса аялдар армияда сексуалдык ориентациясын жашырбай эле кызмат өтө алышат.

Азыр кумса эркек-аялдар гомосексуал экени билингенче Америка армиясында кызмат кыла берет.

 
Америкалыктар кумсалардын аскерде кызмат өтөөсүн колдошот

Президент Барак Обама кумсалар армияда жашырынбай жүрүш керек деп эсептейт. Бир жылдан бери АКШнын коргоо министрлиги 1983-жылкы кумсаларга аскерге барууга тыйуу салган мыйзамды алып салуу армияда кандай проблемаларды жаратышы ыктымал экенин изилдөөдө.  

 

Көпчүлүк америкалыктар береги мыйзам өзгөртүлүш керек деп эсептешет. Pew изилдөө борборунун 2008-жылкы сурамжылоосу америкалыктардын 59 проценти гейлер менен лесбияндар армияда ачык кызмат кылышын жактаганын көрсөткөн. Zogby борборунун 2006-жылкы изилдөөсү да Ирак жана Ооган согушунун ветерандарынын 75 проценти кумсалар менен ынтымакта болушканын тастыктаган.

 

Конгресстеги угууда сенатор-демократ Карл Левин бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде НАТОго мүчөлө мамлекеттерде гей жана лесбиян жоокерлер жап-жакшына кызмат кылышканын, андан армиядагы моралдык жагдай бузулбаганына көңүл бурду:

-Башка өлкөлөр гейлер  менен лесбияндарды эч кандай дискрминациясы жок эле жана бөлүктөгү моралдык кырдаалга зыян келтирет дебестен аскерий кызмат өтүүгө уруксат беришкен. Бейөкмөттүк RAND борборунун 1993-жылкы изилдөөсү кумсалар армияда кызмат кылуусуна ураксат берген Канада, Франция, Германия, Израил, Нидерландия жана Норвегиянын оң тажрыйбасын ырастаган.

 

Колумбия университетинин изилдөөсү боюнча 25 өлкөдө кумсалардын аскер кызматын өтүүсүнө ачык уруксат берилген.

 

АКШда кумса эркек-аялдардын армияда өз ориентациясын жашырбай кызмат өтөөсүнө уруксат берүү демилгеси эки жагдайга байланышкан. Биринчиси, тыш жерлердеги операцияга тартылган аскерлердин саны көбөйтүлгөндүктөн, армия кошумча колго муктаж болууда. Экинчиден, кумсалыгы айкын болгон жоокерлер, өзгөчө араб тилин мыкты билген котормочулар аскерден бошотулуп, алардын орду бош калган.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Расулбек каяктан: Москва
04.02.2010 05:53
Тообо кылдым, Кудай ушундай апааттардан өзүң сакта.
Кудай бул бирин бири канааттандырышы үчүн бул дүйнөгө ургаачы жана эркек кылып жараткан эмеспи, менимче мындай көрүнүштүн кеңири жайыла башташы Кудайдын мыйзамдарынын бузула башташы же башка тил менен айтканда жаратылыш мыйзамдарынын бузула баштаганын түшүндүрөт. Бул батыштын саясаты жыргалчылыктын түрүн ылгабаган өнүгүү багытында кетип баратат.
Хантингтондун божомолундай эле, кийинки чоң согуш Ислам цивилизациясы менен Батыш цивилизациясынын ортосунда болушу ыктымалдыгы жакындап келе жаткандай сезилди. Себеп дегенде Ислам өлкөлөрүндө чыныгы Ислам саясаты орногон кезде батыштын мындай көрүнүштөрүн караманча каршы айыптайт. Ал эми мындай көрүнүштөргө чек койбогон демократия саясаты өнүгүп олтуруп мындан да ашынган көрүнүштөргө барышы мүмкүн. Ошондо Цивилизациялардын айырмалары өтө чоңойуп, өтө чоң апаатка алып келеби дейм.

кимден: Жакып каяктан: Жалал-Абат
03.02.2010 21:03
Амирбек ака, Ушул килейген, дүйнөдө саясаты жана экономикасы биринчи орунда турган Америкадан ушул 25 кишинин мүдөөсүн таап, аны бизге сунуштаганыңызга таң калып жатам. Жок, мен бул тема сүйлөнбөсүн деген ортодокс деле эмесмин. Саясаттабы, маданияттабы, турмуш-жашоодобу, экономикадабы, айтор Американын жетишкендиктери зор деп ойлойм. Жакында эле алардын бир эле киносун көрүш үчүн дүйнө эли 1,5 миллиард доллар беришти. Айтор тема толуп жатат, ошолордон айтсаңар боло!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине