Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:26

Саясат

Украина: жеңген Янукович, жеңилбеген Тимошенко

Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович Украинадагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий жарыяланды. Бирок премьер- министр Юлия Тимошенко атаандашынын жеңишин тааныбай, шайлоо жыйынтыгын сотко берерин айтууда. Шайлоо комиссиясы болсо Тимошенконун дооматтарын карабай турганын билдирди.

Януковичтин шайлоодон кийинки милдети Тимошенко премьер- министрдин кызматын бошотуусуна жетишүү.
x
Януковичтин шайлоодон кийинки милдети Тимошенко премьер- министрдин кызматын бошотуусуна жетишүү.
Текст көлөмү - +
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Виктор Януковичти экинчи айлампасы 7- февралда өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий түрдө кечээ жарыялады. Жарыя шайлоо жыйынтыгын чыгаруу үчүн мыйзамда каралган мөөнөттөн үч күн эрте жасалды. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Володымир Шаповалдын айтымында, акыркы эсептер Янукович атаандашы Тимошенкону 3,48 % айрыма менен утканынын тастыктады. Бул Янукович топтогон добуш Тимошенконукунан 888 миңге көп дегенди туюндурат.

Бирок шайлоо комиссиясынын расмий жарыясынан бир күн алдыда премьер- министр да телебилдирүү жасап, Януковичтин жеңишин тааныбай турганын, талапкерлерин көчөгө чакырбасын, анткен менен шайлоо жыйынтыгын сотко берерин айтып чыкты:

-Муну сотко бербөө Украинаны криминалитеттин колуна күрөшсүз эле өткөрүү дегенди туюндурат. Мен дагы бир “майдан” чакырбайм, коомдук нааразылыктарга жол бербейм. Украина туруктуулукка жана тынчтыкка азыр мурдагыдан да абдан муктаж. Андыктак биз укуктук ыкмалар менен сотто гана аракеттенебиз. Мен баса белгилеп кетким келет – Янукович биздин президент эмес. Кандай болгон күндө да, ал келечекте Украинанын шайланган президенти боло албайт

Юлия Тимошенконун ырастоосунда, шайлоодо бурмаланган добуштардын саны бир миллиондон ашуун. Ал ошондой эле өзүнүн телекайрылуусунда ЕККУ уюмунун айрым байкоочулары сотто анын пайдасы үчүн видеоматериалдар менен көрсөтмө берүүгө даяр экенин белгиледи. Анткен менен ЕККУ байкоочулары расмий түрдө Украинадагы президенттик шайлоону жогорку деңгээлде “ачык жана адилет өткөн” өнөктүк катары баалаган. Тимошенко сотко доо-арыз жолдосо, аны кароо үчүн алдыда бир нече күн талап кылынат.

Януковичти болсо шайлоодогу жеңиши менен АКШ, НАТО, Евробиримдиктин лидерлери куттуктап коюшту. Өлкө жаңы кризиске муктаж эмес экенин белгилеген Янукович соңку күндөрү премьер- министр атаандашын кызматтан чегинип, оппозицияга өтүүгө утур –утур чакырууда. Украин мыйзамдары боюнча өкмөт башчы өз эрки менен кызматтан чегинбеген шартта, аны парламент гана бошото алат. Башкача айтканда ал үчүн азыркы өкмөттүк коалиция ыдыроосу керек. Бул аптада украин парламентинде мына ушул маселе көтөрүлүүсү мүмкүн.

Жаңы коалиция үчүн аракет көрөрүн Би-Би-Синин украин кызматына берген маегинде Януковичтин өзү да ырастады жана өкмөт башчылыгына көргөзүлүүчү ыктымал талапкер катары президенттик шайлоонун биринчи айлампасында үчүнчү орун алган мурдагы банкир Сергей Тигипкону атады. Киевдик саясат таануучу Дмитрий Выдвиндин пикиринде, жаңы премьер- министрди дайындоо маселесинде парламентте кайрадан кризис тутанышы ыктымал:

Тимошенкону бошотуу проблема эмес. Проблема жаңы премьер-министрди дайындоо. Андыктан ыктымал сценарийлердин бири – парламент Тимошенкону бошотот, бирок анын ордуна эч кимди дайындай албайт. Мындай шартта, парламент таратылып, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо дайындалат. Тилекке каршы, бул жагымсыз, бирок абдан ыктымал сценарийлердин бири.

Буга үндөш саясий кризистерге Украина соңку жылдары бир нече ирээт кириптер болгон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Калыс каяктан: Москва
16.02.2010 00:25
Украинадагы шайлоо адилеттүү өттү деп эсептейм, анткени 1 турда эле Янукович көп балл алган. Мурдагы ажосу да жакшы пайыз ала албай калды. Ал эми кыргызстанда болгондо мурдагы президент утмак. Кыргызстанстанда адилеттүү шайлоо болбойт. Өзүңүздөргө белгилүү чыныгы ыңкылап ушул украинада болгон экен. А бизде бийлик тамыр жайып кетти. Кийинки шайлоо келет улуу Максимди коет, албетте эл шайлабайт ал болсо административдик күчтөрдү пайдаланып жалган жалоо менен шайланат 2 жолу. Кийин Жаныштын балдарына өткөрүп берет...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)