Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:26

Дүйнө

Украинада кайрадан "ит тартыш" болгону турат

Украинада добуштардын 98 проценти саналып бүттү. Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович атаандашы Юлия Тимошенкодон эки проценттей алдыда келатат. Экинчи айлампада добуш берүүгө шайлоочулардын 69 проценти катышты. Борбордук шайлоо комиссиясы, эл аралык байкоочулар олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун ырасташты.

Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын күтпөй эле Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович өзүн жеңүүчү кылып жарыялап алды.
x
Шайлоонун ырасмий жыйынтыктарын күтпөй эле Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович өзүн жеңүүчү кылып жарыялап алды.
Текст көлөмү - +
Добуштардын толук санагын жана ырасмий жыйынтыктарын күтпөй эле региондор партиясынын лидери Виктор Янукович Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоону утуп алганын жарыялап жиберди. "Сиздерди шайлоодогу жеңиш менен куттуктайм, бүткүл украин элин жеңиши менен куттуктайм", - деп айтты ал.

Программалык айрым максаттарына токтолуп, Янукович жаңы өзгөрүүлөрдү калк тез аранын ичинде сезе тургандай саясат жүргүзөрүн дагы бир ирет бышыктады. Бу жолку шайлоону ал "украиналыктардын өлкөнү бириктирүүгө биринчи кадам жасаганы" катары баалады.

Деген менен добуштардын натыйжасы, айрыкча өлкөнүн эң батыштагы жана эң чыгыштагы аймактарында беш жыл мурда элди кескин жиктеп салган "саргылжын ыңкылаптын" салакасы али күчтүү экенин көрсөттү. Кээ бир жерлерде атаандаштар ортосундагы айрыма сексен процентке чейин жетти.

Негизгиси - ким президент болсо да социалдык-экономикалык проблемалардын тоодой жүгүн алат дешет: казына какшып турат, карыздар чачтан ашты, жумушсуздар көбөйдү, маяналар менен жөлөкпулдар өлчөмү күнүмдүк турмушка өп-чап жетип калды. Азыркы бийликтеги президент менен премьердин тирешинен улам быйылкы жылдын бүжөтү ушу күнгө чейин бекитиле элек.

Кокус добуштардын акыркы эсеби эки проценттей айрыманын тегерегинде болуп, эгей-шыгай чыга турган болсо, жаңы президент легитимдүүлүк проблемасына да кабылышы мүмкүн.

Премьер-министр Юлия Тимошенко шайлоодо утулганын азырынча моюнга ала элек. Анын штабындагылар шайлоо комиссияларына катарлаш санак өткөрүп, эки талапкер тең бирдей добуш алганын айтып жатышат. Тимошенко өзү кечээ түн ортосунда добуштардын ырасмий биринчи жыйынтыктары жарыяланган соң гана андан кийинки кадамдарын аныктай турганын айтып, таң атканча "танапис" алып, эс алганы кеткен эле. Болгону ал "Европага кошулган, демократияны эш туткан, күчтүү Украина үчүн добуш бергендер көп экенине" ишенет.

Эксперттер тараптар эми соттордо талашып-таймашарын болжолдоп, ошол эле учурда бул иш узакка созулбайт, ашып барса он күндүн ичинде бүтөт деген кыязда турушат.

Киевдеги саясий илимпоздордун бири Олексей Харан эски "ыңкылапчылардын" ич ара ыркы бузулганы бу жолку шайлоодо чечүүчү мааниге ээ болгонун белгиледи.

"Добуштардын натыйжасы так көрсөтүп турат: эгер өткөн шайлоодо "саргылжын" маанайлуу калкка таянган Ющенко менен Яценюк бу жолу өз тарапкерлерин эки талапкерге тең каршы добуш берүүгө чакырышпаганда Тимошенко утуп алмак экен", - деп билдирди ал "Азаттыкка".

Элдин "экинчи майданга" чыгарына да үмүт аз. "Өткөн шайлоодо идея үчүн күрөш болгон эле, эми болсо эки талапкерге тең эч ким ишенбейт, бери эле дегенде экөө тең абалды оң жагына өзгөртө албайт",- деп айтты шайлоочулардын бири.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: немис каяктан: Германия
09.02.2010 01:19
Кыргызстанда таза шайлоого жетишүүгө мүмкүн жана болот. Бирок кандай шартта? Орто-Азиялык элдердин менталитетине жараша болотко деп ойлойм. Ан үчүн элдин саясий аң сезими өсүп, туура ой-жүгүртүүгө жеткиликтүү болуш керек, эл башчыны шайлаганда жаңылыштык кетирбей, туура добуш бериш керек, ошол моменттеги кичине акчага, же анча-мынча белектерге алданып калбай. Эгерде акыйкатту, адилеттүү президент башкарган, патриоттук көз караштагы, коррупциясы жок системалуу бийлик турса, таза шайлоо болот эле, себеби эл ушундай системада эркин болот, укуктары корголуу болот, жашоо-турмуш деңгээли жогору болот. Эгер кыргыз жеринен ушундай сапаттары менен эл башчы чыгып, бийликке келсе, Кыргызстанда чыныгы гүлдөгөн, элдик мамлекет курулат эле. Эми бул чоң кыялдануу десек болот, бирок бул бийлик менен эл талыкпай, тайманбай күрөшө берсе, ушул кыялдар ишке ашат деп ишенем!!!

кимден: Айсалкын каяктан: Бишкек
08.02.2010 21:36
Украинада эн мыкты жана таза шайлоо отуп жатат. Бу жерде ким утат деген маселе негизги эмес. Бул жерде СНГда эн биринчи таза шайлоо отуп жатат. Мындай шайлоого кантип жетишсе болот, дегеле биз ортоазиялыктар таза шайлоо откоро алабызбы? Ан учун эмне кылуу керек? Журналист ушул маселенин тегерегинде да кеп кылса дурус болмок.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)