Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 13:03

Дүйнө

Украина: Кайра шайлоонун "шахматтык жүрүштөрү"

Украин парламенти президенттик шайлоонун чечүүчү экинчи айлампасына үч күн калганда “Президентти шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизди.

Украина. Президенттикке талапкерлер, премьер-министр Юлия Тимошенкон жана Региондор партиясынын лидери Виктор Януковичтин сүрөттөрү басылган футболкалар. Киев. 28-январь 2010
Текст көлөмү - +
Мыйзамга жаңы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, добуштарды бекитүү үчүн шайлоо комиссиясына кворумдун зарылдыгы жок. Президенттикке талапкер Юлия Тимошенко кворум жөнүндөгү беренени алып салуу добуштарды бурмалоого жол ачарын айтып, эгер
Украинада атаандаштар "Кара ПИАРды" кеңири колдонушту. Тимошенкону каралаган баракчалар. Крым. 2-февраль 2010
андай фактылар катталчу болсо, көчө жүрүштөрү уюштуруларын эскертти.

Жогорку Рада: Шайлооком үчүн кворум керек эмес

Украинанын шайлоо комиссияларына кворум болбосо да чечим кабыл алууга мүмкүндүк бербеген мыйзам беренесин өлкө парламенти өзгөрттү жана 4-февралда парламент төрагасы Владимир Литвин “Президентти шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдү бекитти. Бул шайлоо комиссияларында кворум болбосо да добуштарды бекитүүгө жол ачат.

Мурдакы мыйзам боюнча, шайлоо комиссиясы паритеттик негизде түзүлүп, мүчөлөрүнүн экиден үчү катышкан учурда гана бүтүм чыгара алчу. Эски жобону өзгөртүүнүн демилгечиси-президенттикке талапкер Виктор Януковичтин Региондор партиясы болду. Эгерде кворум сакталса, Юлия Тимошенконун блогунун өкүлдөрү шайлоокомдун жыйынына келбей коет жана шайлоону бузат, деп түшүндүрүштү
Украина. "Кара ПИАРдын" дагы бир түрү. Львов. 2-февраль 2010
мыйзамды өзгөртүүнүн зарылдыгын Региондор партиясы.

Шайлоо мыйзамын өзгөртүүнү президент Виктор Ющенконун “Биздин Украина” партиясы менен коммунисттер фракциясы колдоду.

7-ноябрдагы кайра шайлоодо эл кимге ишеним көрсөтөт, азырынча беймаалым. Биринчи турда Янукович көп добуш алган болчу.

Президент Ющенко шайлоонун шахмат оюнуна катышабы?

Тимошенко “Президентти шайлоо жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүүнү “адилет шайлоону өлтүрүү” деп атады. Бул, Юлия Тимошенконун сөзүнчө, Януковичтин тарапкерлерине Украинанын чыгыш облустарында добуштарды каалагандай бурмалоосун мүмкүн кылат. Ал бейшемби күнү Киевде өткөн пресс-конференцияда өз тарапкерлерине кайрылып, эгерде алардын добуштары уурдалса, жабыла көчө жүрүштөрүнө чыгууга үндөдү:

-Эгер элдин өз эркин татыктуу жолдор менен билдирүүсүн, ошондой эле добуштардын калыс саналышын техникалык жана уюштуруу жагынан камсыздай албасак, элди өз укугун коргоого үгүттөп чыгарабыз. Мен буга ишенем.

Юлия Тимошенко шаршемби күнү Чоң сегиздин Украинадагы элчилерин мыйзамга киргизилген өзгөрүүнү талкуулаганга чакырганын билдирген.

3 миңден ашуун эл аралык байкоочулар шайлоонун 17-январдагы биринчи туру калыс өткөнүн жана эч ким административдик ресурстарды колдонбогонун айтып, мыйзамды өзгөртүүгө чакырган эле.

Эми жаңы мыйзамга  Тимошенконун саргылтым ыңкылап кезиндеги союздашы жана азыркы касы президент Виктор Ющенко кол коюуга тийиш. Ал ошондон кийин күчүнө кирет.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Эрнис
05.02.2010 06:41
Ушул Юлияда да кыргыздын каны бар окшойт.Бийлейм,башкарам деген тилеги дайыма тоодой!!!

Онлайн шерине