Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:29

Дүйнө

Украина: Шайлоодо В. Янукович алдыда

Украинада 7-февралда өткөн президенттик кайра шайлоодо алдын ала маалыматтар боюнча оппозиция лидери, кремлчил Виктор Янкуович алдыда баратат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 50 проценти эсептелгенден кийин Янукович үчүн шайлоочулардын 49,6 проценти, премьер-министр Юлия Тимошенко үчүн 44,7 проценти добуш бергенин маалымдады.

Украина. Добуш берүүдөн кийинки сурамжылоо - экзит полдун жыйынтыгы. Киев. 7-февраль 2010
Текст көлөмү - +

Украин оппозициясынын лидери Виктор Янукович өзүн 7-февралда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жеңүүчүсү деп жарыялады жана атаандашы Юлия Тимошенкону премьер-министрликтен кетүүгө чакырды. Тимошенко өзүнүн көп добуш алганын айтып, премьер-министрликтен кетпесин билдирди.   

 

Президенттикке талапкер жана премьер-министр Юлия Тимошенко аксакал колдоочусун өөп жатат. 7-февраль 2010

Шайлоочулар добуш берип чыгар замат өткөрүлгөн сурамжылоо-экзит пол Янукович атаандашы Тимошенкого караганда беш процент көп добуш алганын көрсөткөн.

 

Янукович 7-февралда кеч бешимде өз колдоочуларына ыраазычылыгын айтып, ал Украинаны бириктирүү жана экономикалык кризистен чыгаруу үчүн күрөшөөрүн билдирди:

 

- Биз биздин өлкөдө же саясатта душмандарды издебешибиз керек. Биз баарыбыз биригип туруп, жакырчылык, жоопкерсиздик жана жемсөөлүк сыяктуу жалпы душманды жеңишибиз керек. Биз ийгиликтүү жана кубаттуу мамлекет курушубуз зарыл.

 

Юлия Тимошенко экзит-полду “жөнөкөй социология” деп атады жана анын маалыматы чындыктан алыс экенин айтты:

 

- Эгер кимдир бирөө добуштар толук саналып бүткөнчө кайсы бир талапкерди жеңди деп жарыялап жиберсе, бул - элди алдоо болот. Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө акыркы протокол саналып бүткөндөн кийин гана бир жаңсыл кеп кылуу мүмкүн.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 50 проценти эсептелгенден кийин Янукович үчүн шайлоочулардын 49,6 проценти, премьер-министр Юлия Тимошенко үчүн 44,7 проценти добуш бергенин маалымдады.

 

Бул шайлоодо ким жеңгени Украинанын Россия жана Батыш менен болгон мамилеси үчүн абдан маанилүү. 2005-жылкы президенттик шайлоодо москвачыл Януковичти Россия ачык колдогон жана президент Владимир Путин шайлоонун жыйынтыгы толук чыкканча эле Януковичти куттуктап жиберген.

"Азаттыктын" архивинен: Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.02.2010 14:23
УКРАИНАДА ГРАЖДАНДЫК СОГУШ
ЧЫГЫП КЕТПЕЙБИ,ОРУСТАР
КУН МУРУНТАН ЭЛЕ ЖЫРГАЙ БЕРИШЕБИ

кимден: Kanat каяктан: Bishkek
08.02.2010 10:30
ukrainada bizdin olkogo karaganda demokratia bar ekendigi dagi bir jolu dalildendi biz demokratialik olko degen ttushunukton kundon kungo alistap baratabiz

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине