Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:38

Кыргызстан

Батыш талабы жана чабал бийлик

Батыш өлкөлөрү, АКШ баш болгон күчтөр Кыргызстандагы жаңы башталыштарга, процесстерге тынчсызданууларын билдирип, окуялардын өнүгүш нугун буруу боюнча кеп-кеңештерин, ал тургай бийликке өз талаптарын кыйыр билдире башташты. Миллиондогон каражаттардын келиши да ошол талаптардын аткарылышына жараша болчудай.

Текст көлөмү - +
Бирок дале Орусиянын таасири күч, авторитардык өлкөлөрдүн кучагындагы Кыргызстан үчүн ал талаптарды аткаруу оор болчудай.

7-апрелден кийин Кыргызстанда чындап эле жаңы өлкөнү курганга мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, өлкө тарыхында жаңы процесс башталгандай болду. Башталгыч катары бийликтин бир колго топтолушун жокко чыгарган баш мыйзам кабыл алынганы менен Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаң өлкөдөгү саясий-экономикалык кризисти тереңдетип, чындап демократиялык мамлекет курууну убада кылган жаңы бийлик алапайын таппай калды.

Саясий-экономикалык кризистин тереңдешинде сөзсүз түрдө жаңы бийликтин да күнөөсү бар.

Мелис Мырзакматов Ош шаарынын борбордук аянтында. 20.08.2010
Биринчиден, К. Бакиев таштай качкан бийликке отуруп калгандар эч качан бирдиктүү команда катары иш алып барышкан эмес. К. Бакиевге оппозиция болуп жүргөндөрдүн ар биринин амбициясы өтө чоң жана ар бири өзүн бирден-бир лидер сезип келишкен. Муну өздөрү да моюнга алып жүрүшөт.

Экинчиден, аларды К. Бакиевдин бийлигин кулатуу максаты гана бириктирип турган. Андыктан 7-апрелден кийинки бийлик чаржайыт иш-алып барып, аргасыздыктан тандалган компромисстик фигура – президент Роза Отунбаевага толук баш ийбей келатышат. Мындай абал толук легитимдүү президент шайланып, Р. Отунбаева чоң күчкө ээ болгондон кийин да уланууда. Дал ушул себептен улам эл аралык донорлор аба менен суудай керек болуп турган убада кылынган каржылык жардамын берүүгө шашпай турат өңдүү.

Ушул тапта Европа Биримдиги, АКШ сыяктуу эл аралык донорлор дүйнөлүк таасирлүү маалымат каражаттары, таанымал экперттер аркылуу Кыргызстандын бийлигине эскертүүлөрдү жиберип, чечкиндүүлүктү талап кылышууда. Ал чечкиндүүлүк ири алды борбордук бийликке баш ийгиси келбеген Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго окшогондорго, июндагы коогалаңдын иликтенишине байланыштуу. «Guardian» сыяктуу дүйнөлүк таасирлүү маалымат каражаттары жазгандай, эл аралык донорлор борборго баш ийгиси келбеген жергиликтүү чиновниктер турганда ал жакка каражат бөлүүдөн чочулашууда.

Кыргызстанга убада кылынган 1 миллиард 200 миллион доллардын басымдуу бөлүгүн АКШ менен Европа өлкөлөрү бермекчи. Бул өлкөлөрдүн тажрыйбасында дайыма боло жүргөндөй, мындай кызматы үчүн алар Кыргызстандан ишенимдүү демократиялык процесстерди, ири реформаларды күтөрү анык. Бирок азырынча кабыл алынган баш мыйзамдан башка ишенимдүүлүк, реформалык кадамдар байкалбай атат.

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, азыр да мамлекеттик бийликте бир канча топтор өз алдынча башкарууга аракет кылышып, бирдиктүүлүк байкалбай атат. Мындай шартты байкаган батыш берилчү каражатты таасир берчү курал катары пайдаланып, борбордук бийликти чечкиндүүлүккө түртүүдө:
Марс Сариев

- Биз демократияны тандадык да. Андыктан батыштан жардам келип атканда, бул көзгө көрүнбөгөн таасир кылуу куралы болуп атпайбы. Ошондуктан алар отчет алып, билип турушу керек да баарын. Эми менин оюмча, бул жерде мындай жол бар. Кыргыздын элитасы бири-бири менен алышып, ресурстарды, бийликти талаша бербей тышкы оюнчулардын да оюнун түшүнүш керек. Бири-бири менен тил табышып, тентектерин тыйып, Кыргызстандын келечегин ойлоп кризистен чыгыш керек.

Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиевдин айтымында, эл аралык алдыңкы мамлекеттердин Кыргызстандын толук демократиялык жолго түшүп кетүүсүн талап кылган жүрүштөрү негизинен туура, бирок айрым жетекчилер борборго баш ийбей калды деген кеп-сөздөр көбүртүп-жабыртылган:

- Мелис Мырзакматов деле чектен чыгып кеткен жок. Андан чочубаш керек. Ал эми каражат келсе мэрдин колуна барбайт. Каражатты дайыма кармап, сарптап турган өкмөттүн атайын орун басары Жантөрө Сатыбалдиев бар...
Топчубек Тургуналиев

26-августта техникалык өкмөттүн жыйынында экономикалык абал талкууланып, быйыл жыл соңуна чейин өлкө бюджетине 6 миллиард сомго жакын каражат жетпей калуусу ыктымал экени айтылган. Жыл ортосуна чейин тыштан келери пландалган 6 миллиард эмгиче жок. Анын үстүнө быйыл бюджеттин киреше бөлүгү өтө азайып, чыгымдар ыксыз көбөйүп кеткен. Каржы министри Чоробек Имашевдин айтымында, быйыл бюджеттин кошумча чыгымдоолору 12 миллиард 437 миллион сомду түзгөн.

Кыргызстанга өтө зарыл каражаттын келүү шарттарын аткаруу да оорчулукту туудурууда. Адам укуктары маселесинде катуу турган батыш Ош шаар мэри сыяктуу “ашкере улутчул” делген адамдардын кетишин талап кылса, кылдын кырындагы кырдаалды курчутууну каалабаган бийлик аны алуудан чочулап атат. Жаңы парламент келсе деле мындай кырдаалдан чыгыш үчүн жогорудагы маселелерди чечүүсү керек болот. Өлкөнүн кийинки багыты да ошол парламентке кандай күчтөр келеринен көз каранды.

Анын үстүнө кыйын учурдан пайдаланып маң заттарын ташуучулар, диний экстремисттер, криминал баш көтөрүп калганы да айтыла баштады. Буга кошул-ташыл болуп багытын өзгөрткөн Кыргызстанга авторитардык кошуналары салкын мамиле кылып, Орусия бийлиги болсо Кыргызстанды Ооганстанга салыштырган маалыматтарды байма-бай таркатууда. Эми болсо мамлекет өз милдеттерин аткара албай калуу, дефолт болуу коркунучу турганда паламенттик шайлоо өткөнү турат. Мындай оор жагдай ошол парламенттик шайлоо өтүп, жаңы өкмөт түзүлгүчө улангыдай. Анткени донорлор негизги каражатты жаңы парламент куралган соң бөлүүнү пландашкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: tushtuktuk bala каяктан: tushtuktuk
31.08.2010 02:17
agregattar baari ishtesin buyursa. soroylor deysinerbi ejem apam deysinerbi baaribir. en obolu kg jakshi bolsun.
anan ayta ketchu MAANILUU NERSE menin eldi ekige bolup suyloyt deysinerbi chikdik deysinerbi bolgon korgon nersemi ayta keteyin. luboy tushtukton bolgondor osh bolobu batkendenbi jalalabattanbi ishi kilip kirgizstan jonundo tunduktogulorgo karaganda bir top jakshiraak tushunugu bar. sebebi jok degende bishkekke kolgo barip oz kozdoru menen bir top jerdi korushkon. al emi tundukto turup alip osh jonundo soz kylgandarga tan kalam.(omurundo TOO ASHUUDAN otpogondor). korup kelgender soz kilsa meyli. jok degende tushunugunor bar.
Too Ashuudan ashpagandarga: Emne uchun bilbesten asha chaap osh jalalabat batken dep ar kanday soz kylyp jatasinar? bul menin achik chindik suroom silerge. Keebirlerinin ichinde kiskanuu sezimi arbin. Sebebi oshtuktar bishkekti basip ketti degen oydosunar. Mamleket azirkiga cheyin jalan gana bishkekke akcha boldu. oshko bolunot degende tunduktuk chinovnikter bash bolup boldurbogongo araket kilishti. Bakievdi jaman deysiner(tuura bir tuugandari, ayban balasi it kildi). al ozundo jakshi ele kishi,kuu birok kg uchun bul kop ele paydaluu boldu. amerika bazaga tologon akchasi bakevdin jegeninen ashkani dele akayevdin ubagindagidan jana azirki okmottun algan akchasinan kop bolchu.butjet 18 milliard somdon ashkan emes akayevdin ubaginda. 63 milliardka chigarip ketpedibi. ooba katasi kop birok, birinchi jolu tushtukko proekt menen jani ele akcha bolup ish bashtamak. ani bolso akchani tushtukko tartip jatat dep bishkektegiler olo jaman korushtu.
oshtu borbor kilali degenge emne uchun bolsun debeysiner? emne tushtuktogulor el emespi? minday adam katari ozunordon surap korgulochu. kotorso jon ele bolot. oshonu menen katar al jak da onugup kalat ele. bishkekke tushtuktogulor kelbey kalmak. eldin agimi toktoyt ele. oshonu jasash kerek. oshtun infrastrukturasi oto nachar emes. kerek bolso astanaga kazaktardin borboru jani kotorulgan ubaktan bir kancha aldida.
mirzakmatovdu emne ele ketsin dep jatishat bilbeysinerbi? ani tekebaev ketirgizgenge araket kilip jatat. emne uchun en krutoy tonkorushchu bolup alip otunbaevani kolunun uchunda oynotup oturup aligeche oshko barbadi. jok degende eldin abalin surap koyso bolmok da barip. sebebi oshtogu okuyaga sebep bolgon dep el ani jaman korot. bishkektegi akuydun aldindagini ayta berbegilechi mincha adam oldu dep. oshto 4 minden ashik adam olgon. okugandardin kobu bilet. men ozum oshto bolchum. butjet oto ele kop jetishsizdik bolup ketti, kirgizstan srazu ele tilemchi bolup kaldi. Tilemchi mamleket bolbogondo gana onugobuz. sebebi ozubuzdun akcha az bolso da meenet menen bolgon uchun berekesin kormokpuz.

ISHI kilip KG aman bolsun. Birok tukduktuktorgo bolgon suroolorumu tuura oylop korgulo.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.08.2010 08:16
Мелис Мырзакматовду алгыла. Эгер ойлонуп корсонор, бийлик анан ордуна башка, силерге жакпаган адамды койсочу?? Эгер ал адам Ошту билбей, озунун жеке ишин бутургон неме болсочу?? Анда эмне кыласынар? Мен силердин "Бул мэр жаман экен, кетсин, башкасын койсун" деп айтаарынаргп эч кумон санабайм. Каждому не угодишь. Ошону учун тура турсун. Анын устуно абал оор бойдон калууда. Орустар айткандай "на переправе коней не меняют"

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Москва
29.08.2010 22:20
Мин уккандан бир коргон оштогу окуяны корбойтуруп ар нерсени дооруй бербей бир келип козунор менен бир коруп ошту, ким ак ким кара экенин далилдеп анан жазсанар Сураныч!!!!!!!

кимден: карабагыш уруусунан каяктан: Москва шаары
29.08.2010 21:03
Улуттук Окмоттогулор же болбосо бийлик талашкан,озун "лидермин "деп ойлогондор, аркасын(кийинкисин) ойлоп жатабы экен!? эми бир нерсе болсо(ылайым тынч эле болсун) эл биринчи болуп аэропортту(уча качпасы учун) алат,кача турган жолун тосот.андан кийин "отчет"алат.Эмне жедирип-илдирип ийип эле отуруп кала беребизби?? ОЙЛОНГУЛА!! ЭСИНЕРГЕ келгиле "кыйын чыкмалар"!!!!!

кимден: Кыргыз каяктан: Ала-Тоодон
29.08.2010 18:07
Сасыган политиктерди ээрчип экиге болунбойлу ( бул ачуу чындык). Терен ойлонуп. Мекенибизди сактап калалы туугандар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.08.2010 16:35
Акаевти, Бакиевти, Куловту, Атамбаевти, Бекназаровту колдоп жазган адамдарга тан берем, бул президент, лидер соройлор Кыргызстан учун МЕНДЕЙ да пайда кылган жок. Чет мамлекетте иштеп акча таап, Кыргызстанга келип чакан ишкана ачкам ,аспы-коппу 18 адамды иш менен камсыз кылдым. Ал эми жогорудагы мителердин кылган ишинен соргон каны 100 эсе коп. Аксылык Гулжигиттин созундо негизинен чындык бар.

кимден: eldar
29.08.2010 15:52
Жаным сыздаап ооруп турат журогум...

кимден: Mysyrali каяктан: Stockholm
29.08.2010 15:36
eshek takalap oturgan ministerstvlordun köbyn ubaktiluu bolso da kiskartsa bolmok Roza ezhekebiz
kancha degen bjudhetten akchani zhep oturushat
zhana akimchilikterdi dele zhojso bolmok ölkönyn tyndygyndö
han sarajlardin nalogun köböjtsö zhakshi ele akcha tyshmök bjudzhetke

кимден: Гулжигит каяктан: Аксы
29.08.2010 13:12
Жардам бербесе бербей эле койсун. Эмне кылабыз жалдырап. Жардам келген кундо деле элге бир тыйын тийбейт. Чиновниктердин чонтогуно тушот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.08.2010 12:48
Бугунку кундо олкобуздо саясий жана экономикалык туруксуздук кучоп турат. Кыргызстан мамлекет катары калыптана албай турат. Кыргызстан мамлекет болуп калыптаныш учун, дуйнодо колдонулуп жургон куу тажрыйбаларды колдонуш керек деп ойлойм. Азыркы окмот улутчул адамдырды туура эмес коргон, чет элдик инвесторлордон коркуп отурат. Келгиле чындыктын козун карап королу. Ошол эле европада, Германия улутчулдуктун кучу менен элинин башын бириктирип, саясий-экономикалык чон ийгиликке жеткен. Англия, Франция, Испания ж.б. олколор улутчул эмеспи? Алар болгондо да аябай улутчул, бирок алар аябай куу улутчулдар, алар биздин кээ бир кыргыздарга окшоп ачык айтып чыгышпайт, алар улучулдук саясатты мамлекеттик системага акырын кийрип коюшкан. Европада эч ким улучулмун деп айтпайт, бирок мамлекеттик система озу билинбей улутчул. Мисалы, Германиянын мамлекеттик системасында немистер биринчи сорттогу улут, ал эми калган улуттар экинчи сортто, бирок ошондой экен деп эч ким ачык айта албайт. Башка улуттар биринчи сорттогу немистердин катарына кошулуш учун, ото талантту жана шыктуу болушу керек, немис тилинде эн жакшы суйлоп, Германия учун чон пайда алып келиш керек. Кыргыз мамлекетинде да Германия сыяктуу куу система тузу керек деп ойлойм. АКШда улутчулдук жок дейбиз, ооба, ал жакта ар башка улуттардан турган держава десек болот, бирок АКШда бир чон улут бар, бул "америкалык" деген улут. Американын бийлиги АКШда эн сонун, эн куу мамлекеттик саясат жаратып коюшкан. АКШга кочуп келген башка улуттар, шак эле улуту америкалык болуп калат, анан АКШынын онугушу учун иштей баштайт, себеби мамлекет ошондой, америкалык болууга аргасыз болгон мамлекеттик система тузуп койгон.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)