Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:43

Илим, билим берүү, IT

Facebook тамырын жайылтууда

Facebook коомдук тармагын пайдалангандардын саны ушул аптада 500 миллиондон ашты. Кайсы бир убакта бул электрондук тармак жалаң англис тилинде иштечү, азыр болсо ал башка тилдерде да кеңири таралды.

x
Текст көлөмү - +
Facebook буга чейин дүйнө боюнча эң кеңири таралган коомдук тармак. Анын мындай чоң масштабына “Facebook баракчасын колдонгондордун саны 500 миллиондон ашты” деген 21-июлдагы билдирүү далил. Бул болсо дүйнөдөгү ар бир 14 адамдын бирөө бул баракчаны колдонот деген сөз.

Бул көрсөткүч алты эле жылдын ичинде мүмкүн болду жана интернет колдонуучулардын Facebook баракчасы аркылуу жакындары жана достору менен байланышканга кызыккандыгын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө алгач англис тилинде колдонула баштаган Facebook азыр бир нече тилдерде иштейт.

Мисалы, 2009-жылдын майында араб тилинде чыккан Facebook баракчасынын Ирак боюнча колдонуучулардын саны бир-эки айдын ичинде эле 100 пайызга өскөн. Колдонуучулардын саны өлкөдөгү интернет байланыштын жана электр кубаттуулугунун начардыгына карабастан өстү.

Ирактын тургуну Хайдар Радхинин айтымында, ал күнүгө эки сааттай Facebook баракчасына кирет. Анын оюнча, Facebook Ирактын жаштарына виртуалдуу түрдө болсо да дүйнө жөнүндө кеңири түшүнүк берет.

“Мен Facebook баракчасынын колдонуучусумун. Ал аркылуу мен чет өлкөдөгү жана Ирактагы досторум менен кабарлашып турам. Facebook биздин жаштарга башка маданиятка жаңы дарбаза ачкандай болду, чоң ааламга өзүнчө жол ачкандай болду” деди Хайдар Радхи.

24 жаштагы Хассан Кадхим Исса да Facebook баракчасына тез-тез кирип тургандыгын айтты.

«Мен күн сайын Facebook баракчасында 20-25 адам менен байланышып турам. Орточо алганда ар бир эки-үч күндүн ичинде мен үйдө болобу, интернет-кафедеби же жумушта болобу, бир-эки саатымды бул баракчага жумшайм. Ал мага аябай жагат, анткени Facebook аркылуу мен башка маданияттарга жакын болом да, аларды изилдеп, өзүм үчүн жаңы ачылыштарды жасайм» деди Хассан Кадхи Исса.

2009-жылы орус тилинде ишке кирген Facebook баракчасы орусиялык колдонуучулардын көңүлүн ээледи. Бирок ал Орусиянын рыногуна батып кетүү үчүн В контакте деген баракчадан да белгилүү болушу керек.

Facebook Орусиянын рыногуна кеч келген үчүн жергиликтүү сайттар өздөрүнө атактуу адамдарды тартып алышкан. Белгилүү адамдардын баракчалары адатта башка көптөгөн интернет колдонуучуларды тартат.

Ушул жылдын июнь айында Орусиянын пайдасына иштеген чалгынчы деп шектелип, АКШда кармалган Анна Чапмандын В контакте интернет баракчасы ошол айдын ичинде Орусия боюнча эң белгилүү болгон.

Жөнөкөй колдонуучулар сыяктуу эле, саясатчылар да интернет баракчаларды тез-тез пайдаланып калышты. Алар блогдорду колдонуп, Твиттерге сүрөттөрүн жайгаштырып, виртуалдык дүйнө аркылуу чыныгы дүйнө менен байланыштарын улантышууда.

Орусиялык блогчу жана медиа боюнча адис Антон Носсиктин айтымында, 15 жыл мурун гана Орусияда «блог» деген эмне экенин эч ким билген эмес. Азыр болсо бардыгы өзгөрдү.

- Бүгүнкү күндө блогдун эмне кереги бар экенин түшүнбөгөн саясатчылар көп. Ал эми блог кереги жок дегендер аны ачпайт да. Мисалы, премьер-министр Владимир Путин жарандар менен кабарлашып туруу керек деп эсептебегени үчүн анын блогу жана Твиттери жок. Ал эми президент Дмитрий Медведевдин болсо kremlin.ru сайтында өзүнүн блогу бар. Ошондой эле ал YouTube, Твиттер сайттары аркылуу эл менен байланышат.

Иранда да Facebook жеке жана саясий тармактарда кеңири колдонулуп калды. Мисалы, оппозициялык “Жашылдар» кыймылы 2009-жылдагы шайлоого каршы чыккандарга бийликтин күч колдонгонун далилдеген сүрөттөрдү, тасмаларды интернет аркылуу тараткан. Бул окуядан кийин эл аралык коом расмий Тегерандын аракеттерин айыптаган.

Кризис учурунда Facebook баракчасынын пайдасын нааразылыкка чыккандар гана эмес, башкалар да түшүнгөндөй. Ошондон улам Ирандын Башкы руханий лидери аятолла Али Хаменейи да Твиттер баракчасын ачканы кокусунан эместир.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ногойтек каяктан: Кыргызстан
25.07.2010 12:01
Кыргыздардын эң чоң группасына кош келиңиздер: facebook.com/kyrgyzdar

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)