Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Маданият / Дүйнө маданияты

"Оскар" сыйлыгы өз ээлерин тапты

08.03.2010

АКШнын киноакадемиясынын 82-жолку "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 7-мартта Лос-Анжелес шаарындагы "Кодак" театрында өттү. Дүйнөлүк кино жылдыздарды бир учурда, бир жерде топтогон бул азем “Буга чейин мындай "Оскарды" көргөн эмессиңер!” деген ураан алдында өтүп, кино жаатындагы 24 багыт боюнча "Оскар" сыйлыгы тапшырылды.

Эң көп сыйлык топтогон тасма - алты багытта "Оскар" сыйлыгын алган Кетрин Бигилоунун “Бороондун эгелери” (“Повелитель бури”) аттуу тасма табылды.

Американын кино академиясынын эң мыктыларга берилчү бул сыйлыгында “Жылдын тасмасы” деген башкы номинация үчүн быйыл адаттагыдай 5 эмес, 10 фильм ат салышты. Сыйлыкка татыктуу көп тасмалардын болгону үчүн бул багытта ат салыша турган фильмдердин саны мурдакы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп болуп, он тасманын ичинен “Эң мыкты тасма” деп Кетрин Бигилоунун Ирактагы согушту баяндаган “Бороондун эгелери” аттуу фильми табылды.

 

"Атаксыз бейбаштар" тасмасында ойногон Кристофер Вальц

Азем башталганга чейин айыгышкан күрөш так ушул тасма менен Кетрин Бигилоунун мурдакы күйөөсү Жеймс Кэмерондун “Аватар” тасмасынын ортосунда болоорун сынчылар айтып келишкен. Натыйжада “Бороондун эгелери” -  “эң мыкты тасма”, “эң мыкты режиссер”, “эң мыкты сценарий”, “эң мыкты үн жана үн кошуу”, “эң мыкты монтаж” өңдүү алты багыт боюнча "Оскар" сыйлыгына ээ болду.

“Эң мыкты режиссер” наамы тапшырылып жатканда, Кетрин Бигилоу айым буларды айтты:

- Мен бул нерсени түшүндүрө албайм. Жашоодо мындай учур эч качан кайра кайталанбайт. Бул өзгөчө сезим. Эгер бул тасманын сценарийинин жазуучусу Марк Боал болбогондо мен бул жерде сыйлык алмак эмесмин. Анткени ал өзүнүн жашоосун тобокелге салып, бул тасманын сценарийин жазды.

Кетрин Бигилоу "Оскардын" тарыхында “эң мыкты режиссер” сыйлыгын алган алгачкы айым болуп калды.

“Аватар” тасмасы “эң мыкты жасалгалоо”, “эң мыкты атайын эффекттер”, “эң мыкты оператордук иш” багыттары боюнча "Оскар" сыйлыгына татыктуу болуп, эң көп сыйлык алган тасмалардын ичинен экинчи орунду ээледи.

“Чарчаган жүрөк” (“Сумасшедшее сердце”), “Толгот” (“Тужься”) тасмалары жана “Жогору жакка” (“Вверх”) аттуу анимациялык тасмалар экиден "Оскар" алып, үчүнчү орунга чыгышты.

Мындан сырткары “эң мыкты эркек ролу” үчүн Жеф Брижес («Чарчаган жүрөк»), Жорж Клуни («Асманга көтөрүлсөм»), Колин Ферт («Жалгыз эркек»), Морган Фриман («Жеңилбеген»), Жереми Реннер («Бороондун эгелери») ат салышты. Жыйынтыгында бул сыйлыкка «Чарчаган жүрөк» тасмасындагы ролу үчүн Жеф Брижес ээ болду.

 

"Оскарга" татыктуу болгон Сандра Баллок

“Эң мыкты аял ролу” багытында негизги жарыш «Көрүнбөс тарап» тасмасындагы ролу үчүн актриса Сандра Баллок менен «Джули жана Джулия» фильминде рол аткарган Мэрил Стрип ортосунда болду. Мындан сырткары бул сыйлык үчүн Кэрри Маллиган («Билим»), Хэлен Мирен («Акыркы жекшемби»), Габури Сидибе («Толгот») да ат салышты.

Көпчүлүк сынчылар Мэрил Стрип жеңүүчү болот дегени менен “Эң мыкты аял ролу” сыйлыгына Сандра Баллок татыктуу болду. Сандра Баллок кубанычтан улам жашып да жиберди:

- Мен бул тасмада үй-бүлөсүнө дагы бир баланы алып келип, ага жашоонун багытын үйрөткөн айымдын ролун аткаргандыгым үчүн бактылуумун. Эгер мүмкүн болсо ыраазычылыгымды мага ушул жашоону тандашыма себепкер болгон апама билдирем.

“Эң мыкты чет элдик тасма” багытында "Оскар" сыйлыгына Аргентина, Израил, Германия, Франция жана Перунун фильмдери талапкер болуп, алардын ичинен аргентиналык режиссер тарткан “Көздөрүңдөгү сыр” аттуу тасма жеңүүчү деп табылды.

"Экинчи пландагы актер" номинациясы боюнча Квентин Тарантинонун "Атаксыз бейбаштар" тасмасында ойногон Кристофер Вальц "Оскарды" утту.

"Жылдын мыкты анимациялык тасмасы" деп "Жогору жакка" деген тасма аталды. Ал эми "Чарчаган жүрөк" тасмасы үчүн жазылган музыка "эң мыкты" деп табылды.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: jangy muun каяктан: kitaydan kyrgyz studenti
11.03.2010 19:05
ehee.. kyrgyzdyn chygaan rejisyeru tolomush okeevdin Kok-Serek degen filmin bilgender bolso kerek. ushul kino 1974-jyly Oskarga korsotulgon ..eng mykty chet eldik film degen nominatsyada.. demek kyrgyz rejiserunun aty Oskarda atalgan.
Suimonkul Chokmorov oinogon bashky roldo. munu bilgender jok oskhoit.. jazip ketse bolmok kenenireeek.... Kyrgyz kinochusu Oskarga atalgan dep ..

кимден: azattan каяктан: kazaktardan
09.03.2010 20:16
Sakam kachan kikender oskarga katishat boldu eken a???
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)