Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:49

Дүйнө

Ооганстан: кыздуу болуунун "бактысы"

Жакында Ооганстанда бир киши жубайын эркек бала төрөбөгөнү үчүн муунтуп өлтүргөн деген жаңылык көпчүлүктү айран таң калтырды. Эркек балага артыкчылык берүү Ооганстанда кадимки көрүнүш.

Гераттагы төрөт үйү, 30-ноябрь, 2011
Текст көлөмү - +
Рухсар үчүн бала төрөө жаңылык эмес. Азыр бешинчи жолу боюна бүткөн бул жаш эне бирок кимди төрөй турганын алдын ала айта албайт.

Анын буга чейинки төрт перзентинин баары – кыздар. Ошондуктан күйөөсүнөн бул ирет ал сөзсүз эркек бала төрөшү зарыл экенин кыйыткан кысымды сезе баштаган. Непада ал бул жолу да “осол болуп” кыз төрөп койсо, жолдошу башка аялга кетип калышы турган иш.

“Мен ага экинчи катынды таап бергенге мажбур болом. Күйөөм дагы бир жолу үйлөнүшүн каалабайм, бирок ажырашпай коюштун башка аргасы калбай калат”, - дейт Рухсар.

Уулдуу боло албай жатканы анын үй-бүлөсүн чоң сыноого кептеген сыяктуу.

“Кечир, кыз төрөп койдум...”

Ооганстандагы көпчүлүк үй-бүлөлөрдө калыптанып калган салтка ылайык, эркек баланы өзгөчө жакшы көрүшөт, улук көрүшөт. Эгерде аял кыз төрөп калса, мойнуна жүктөлгөн милдетти аткара албаган таризде айыпка кабылат.

Буга себеп көп: эркек баланы келечекте үй-бүлөнү бага турган, нан таап келе турган адам, тукумду улантуучу, ата-энесинин мүлкүнүн мураскору деп карашат.

Укук коргоочулар ооган аялдарына төрөгөн баласынын жынысына жараша мамиле кылуу сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес дешет
x
Укук коргоочулар ооган аялдарына төрөгөн баласынын жынысына жараша мамиле кылуу сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес дешет
​​Кабулдун 33 жаштагы тургуну, эки кыздын жана бир уулдун атасы Эхсанулло: “Бизде ата-энелер картайганда аларды эркек балдары камкордукка алышы керек”, - дейт. Көптөгөн пуштундар картайганда күйөө-баласынын колунда калышын такыр эле элестете алышпайт.

Эхсануллонун айтымында, оогандар кызды башка бирөөнүн бүлөсү болуп кетет деп, олуттуу карашкан эмес. Ал өзү үчүнчү жолу бала көрүп, уулдуу болгонго чейин жоро-жолдошторуна, туугандарына “Менин кыздарым бар” деп айткандан да тартынчу экен. Ошол эле учурда ал “Мени кыздарын жакшы көрбөйт экен деп ойлобогула”, - деп коет.

“Кыздарын жакшы көрбөгөн” башка бир эркектин окуясы бир нече күн мурда көпчүлүктүн чачын тик тургузгандай болду. Кундуз провинциясынын тургуну аялын “үчүнчү ирет кыз төрөгөнү үчүн муунтуп өлтүрүптүр” деген кабар тараганда, оогандардын өздөрүнүн ичинде да көпчүлүк үчүн бул такыр түшкө кирбеген жоруктай туюлду.

Аялдардын укугун коргоо боюнча жергиликтүү активисттер бул өңдүү өтө эле опурталдуу окуялар сейрек кездешээрин айтышты, бирок аялдарга төрөгөн перзентинин жынысына карата кодулоо же мактоо өңдүү нерсе аз деп айтууга болбой турганын билдиришет.

“Энеси эркек төрөгөндөй...”

Көп учурда аялды эркек бала төрөй албаганы үчүн тилдеген же жекирген өзүнүн күйөөсү эмес, үй-бүлө мүчөлөрү болоору да айтылат. Бул тууралуу жакындан тарта Нангархар вилаетинде аялдар иштери боюнча жооптуу кызматты аркалай баштаган Аниса Имрани билдирди.

“Эркек төрөгөн аялга төрөттөн кийинки мамиле такыр башкача. Күйөөнүн үй-бүлөсү мындай келинге эң мыкты тамагын берет. Адатта, ал үчүн деп атайын тоок союшат. Колунда барын аяшпайт, чоң той беришет. Бирок кыз төрөп койгон аял уятка калат жана кайын журтунун кодулоосуна чыдап, күн көрүшү керек”.

Имранинин айтымында, азырынча бул көрүнүш өлкөдө канчалык күчтүү же канчалык кеңири тараганын аныкташ үчүн так иликтөө жүргүзүлө элек. “Бирок аялдарга карата мындай мамиле көбүнчө билими төмөн үй-бүлөлөр арасында жайылган”, - дейт ал.

Кабулдагы төрөт үйлөрүнүн биринин акушеркасы болуп иштеп жүргөн Фарида Хоад мунун баарын “караңгылыктын натыйжасы” деп атады.

“Аялдарды кыз төрөгөнү үчүн айыптагандар болочок ымыркайдын жынысы атанын уругунан болоорун түшүнүшпөйт”, - деп кейийт Хоад.

Патриархалдык мамиле

Ата-энелердин кыздарга караганда эркек баланы көбүрөөк самашканы бул терең диндешкен өлкөдө аял менен эркектин коомдогу ролу менен байланыштуу көрүнүш. Патриархаттык түзүлүш үстөмдүк кылган ооган коомунда эркек үйдү бага турган, аял болсо үйдүн иши менен алек болгон киши катары каралат.

Консервативдүү үй-бүлөлөрдө кыздар менен балдарга түрдүүчө мамиле жасалат. “Биз эжем экөөбүз иним тамагын жеп бүткүчө эч нерсе жей алчу эмеспиз, тыюу салынган болчу”, - дейт Пактия провинциясында жашаган өспүрүм кыз Нурия.

Эркек балдар үйдө картайган ата-энесин эле эмес, өзүнүн бир туугандарын да камкордукка алат деп күтүшөт.

55 жаштагы Гүлхотай Махмадзайдын уулу жок. Ошондуктан кандагарлык бул аялдын эртең көрөр күнү кандай болоору белгисиз.

Махмадзай 10 перзент төрөп, онунчусу да кыз болгондон кийин күйөөсү таштап кеткен. Эркек балалуу болуп калар бекем деген үмүт менен 26 жаштагы кызга үйлөнсө, анысы дагы эки кызды төрөп бериптир.

Азыр эми кыздарынын биринин да үйүнө батпаган Махмадзай жалгыз жашайт. “Бирок эркек балам болгондо жашоом такыр башкача болмок”, - деп ишенет.

“Исламга жакпаган жорук”

Ооганстандагы аялдардын укугун коргоочу активисттер азыр коомдогу бул кырдаалды жалаң билим берүү, эл агартуу менен гана жойсо болот деп ишенишүүдө. Алар молдолорду да ортого салып, аялдарга карата дискриминацияны жоюуда чоң сый-урматка ээ молдолорду да чакырууну эп көрүштү.

Жергиликтүү динаятчы Мавлана Мустафа: “Биздин динибиз жыныс боюнча дискриминацияны четке кагат. Анткени биздин жынысыбыз исламга чейин аныкталган нерсе. Эркек же аял экенине карап бөлүү – ислам динине туура келбеген жорук, ал караңгылыктын жана динсиздиктин эле белгиси”, - деп белгилейт.

Сөзүбүздүн башында ысымы аталган кош бойлуу Рухсар жакында УЗИге барайын деп, жүрөкзаада болуп турган чагы. Анткени анын жыйынтыгы кандай болооруна жараша Рухсардын күйөөсү аны менен калат, же экинчи аялга үйлөнүшү мүмкүн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: jyldyz каяктан: asmandan
14.02.2012 21:39
Menin 4 baikem bar, ata enem kyz tileship en akyry kyz torolupmun. Baikelerime alyp berbegen,alar jebegendi maga tashyp berishchi, kaalaganymdy alyp berishchi. Abdan baktyluu kenmin dep atam azyr. Al emi azyr bolso chonoiup, ata enemdi artyk bagyp, karalasham desem janylyshbaimgo...........
Bul jerde thema boiuncha din je bashka nersenin ech bir taasiri jok, jon kana karangychylyk,tupizm.

кимден: сейрек
10.02.2012 21:52
Мына мусулмандар баланы баксын деп туйт. Балалык жок сразу бели ката электе жумушка салат. Европа балдарын окутат билим берет. Балалыкты бактылуу откорот. Анан психихикасына доо кетбей билим алышат.Албетте анан алар космоско марска учат. Техника кучтуу инженер болот. Бизди 7-8 жаштан акча акча деп башкага уйротпосо.Кайдан бизде акчадан башка билим. Акчанын кулу кылып тыштайт. Кооп акча тапкан учурда да сандыка катып акчаны иштетпейбиз.
Пикирге жооп

кимден: студент каяктан: Бишкек
15.02.2012 01:12
Урматтуу Сейрек! Бул жерде артта калуунун Ислам менен эч кандай тиешеси жок. Эгер маалыматыныз болбосо Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) адамдарды ар дайым мээнеткеч болууга, оз оокатын озу таабууга ундоп келген. Европага келсек, аларда материалдык жактан алдыга кеткен менен моралдык дуйносу абдан начар абалга келди.
Бул созумо далил бугунку кундо батышта эн эле адамдар коп катташкан психиаторлор болуп калды. Куйоо менен аялы ортосундагы эн жонокой маселени чече алышпай психиатрга келишет ж.б. ушул сыяктуу нерселер. Эгерде сизди 7-8 жаштан ата-энениз акча тап деп уйротсо ага Исламдын эч кандай тиешеси жок. Ал эми аял заты Ислам дини келгенден баштап эркиндикке чыккан жана тарыхта болуп корбогондой эркиндик алган. Мухаммед (САВ) "Бейиш эненин бут алдында" дейт же "Уч кызды жакшы тарбиялап остургон бейишке кирет" дейт.
Пикирге жооп

кимден: канат
13.02.2012 19:35
урматту сейрек айым/мырза.
сиздин 7-8 жашыныздан баштап жумуш кылышыныз мусулманчылыктын айынан эмес, атеисттик советтер союзу талкалап кеткен кыргызстандын калдыгында 90-жылдары болгон кедей-кембагалчылык, ачарчылык себепкер. мен дагы кичинемден талаада иштегем, атаэнеме жардам бергем, 90-жылдарга туш келиптир биздин бала башыбыз. 70 жыл онугуудон артка тартып келген советтер доору дагы урады, анын кесепетин 2000-жылга чейин кордук. эсинизде болсо керек, коммунисттик ураандар менен окуучуларды, студенттерди картошка, кызылча, пахта тергени алып барышчу. андан бери онугуп келатабыз, коммунисттик коз караштар жоголубатат барган сайын. мына эми дагы бираз откондон кийин, кыргызстан онугот, биз да балдарыбызга илим-билим беребиз. балдарыбыз билимдуу да болот, бизди да карайт, багат карыганыбызда.
а сиздин онуккон европанызда, балдарын чонойтуп, окутуп коюп, озулору карыганда карылар уйун карай басып кете берет.

кимден: барчын каяктан: москва
10.02.2012 21:42
кыздар тороло берсин Ооганда согуш тезирек токтойт
Пикирге жооп

кимден: Сулуу айым каяктан: Ысык-Кол
14.02.2012 05:43
ООба Барчын туура айтасын, кудай атайы буларга кызды кобуроок берип жататго, конулум которулуп калды пикирине:)

кимден: Aziza каяктан: Bishkek
10.02.2012 16:11
Мен мактанбай эле койойун, бирок ата-энемдин айтканын айтайын: 16 жашыман тарта иштедим, жол киремден баштап, кийимиме чейин өзүм таап жүрдүм. Кийин жакшы жумушка орношуп, квартирадан квартира алмаштырып жүргөн ата-энеме адегенде 1 комната, анан 2 комната үй айлып бердим. Ата-энемди эч нерседен кем кылбай багам, айткандары айткан, дегендери деген. Кудай жүзүн ары кылсын, бир да жолу бетин жер карата элекмин. Апта сайын апама 100 доллар карматам, “халат кийип алыңыз” деп. Ата-энем келген кеткенге айта беришет: эркек балдар аман болсун, кыздардын арты менен оокат кылабыз деп. Андыктан кыз төрөсө куурайт, эркек төрөсө жыргайт деген болбогон кеп. Тескерисинче кыздар эркектерге караганда күйүмдүү, боорукер, карамдуу болот. Рахмат.
Пикирге жооп

кимден: Daskg каяктан: Osh
13.02.2012 18:07
Турмушта ар кандай уй-булолор кездешет. Кээсин балдары бакса кээсин кыздары. Негизгиси алардын бардыгынын ырыскысын улуу Жаратуучубуз мандайларына жазып койгон. Ошондуктан мен бактым мен мен дей бербей Кудайдан ырыскы, ден-соолук сурайлы. Ата-энебизге кыз болобу уул болобу кызмат кылалы. Кийин келип оз башыбызга да жетчу мезгил келет.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.02.2012 13:52
Мен дагы кызмын Бирок мен университетти артыкчылык диплому менен бутурдум Албетте ата-энемдин тарбиясынын натыйжасы менен. Андан кийин аспирантураны бутуп, кандидаттыгымды жактадым, анда деле коп акча сурачу эмесмин. Андан сон эл аралык программаны утуп алып Америкада изилдоо жургузуп ата-энемди алыскы океандын ары жагына алып барып мени менен эки ай жашап келишти. Мен ар дайым эле жардам берем. Апам дагы айтат, кыз бала эле жакшы экен деп.

кимден: Taaлай каяктан: Нарын
10.02.2012 14:55
Эркек кылгысы келгендер кейип жата бербей сексапатолог,уролог дегенге барып,аялынарды гинекологго улам улам айдап турбайсынарбы.Кыз же эркек каалаганга жараша тамакты да таптап,баптап жеш керек.Анан уйдо жатып алып эми эмне торолот дегенде толк жок да.Японский метод планирования ребенка деген бар,озу А4 форматтагы бир эле бет.Анда айлар,кундор жазылып,жубайлардын - эркектин же аялдын туулган кунуно жараша кайсы куну эмне бутоору - эркек же кыз бойго бутоору жазылган.Ал гана эмес схема-график турундо тартылып турат.Жок дегенде ошону бир издеп карап койгулачы ай.

кимден: Аэлинь
10.02.2012 14:40
Канышай молодец!!! Мен эки колум менен, бут ички дуйном менен колдойм айтылгандарды. АЛыс барбай эле коелу, биздин суйуктуу жергебиз Кыргызстанда деле андай нерселер толтура. АЛ эле эмес бардыгын тушунгон, билимдуу, илимдуу уй булолордон деле чыгат. "Кыйраткансып кыз торойсун дайыма" деген кептер. Менин таэжемдин 4 кызы бар. Анын кайындары кезинде жеп сала ташташкан, куйоосу менен кошо. Кыз торойсун деп. Кызык нерсе, оруста макал бар го "Что посеешь, то и пожнешь" деген. Эмне куйса ошону алат да. Анан барып эле байкуш аял куноолуу. Кыздары чоноюп, буттарына туруп, анан ата-энесин эркек баладан артык баккан кундо гана "ии баланчанын кыздары кыйын чыкты" деп айтып калышат. АГа чейинки аялдын коргон кордугун, ыйлаган тундорун эч ким ойлоп да койбойт. Анан бизде дагы афгандыктарга окшоп, эркек бала коломтонун ээси, уйдун ээси деп айтылат эмеспи, коп конул баары бир эркек балдарга болунот, кыздарды болсо "башка бироонун булосу" деп айрым ата-энелер кош конул мамиле кылышат. Андай фактылар алыс кетпей эле Бишкектин борборунан чыгат. Айыл жерин айтпай эле коеюн. Ал турган иш.

кимден: Nurdin Janaliev каяктан: Naryndyk, azyr London
10.02.2012 14:31
Azamatsyz jazuuchu demekmin. Ar dayim sizdin makalalaryngyz oor salmaktuu, maaniluu jana tak-tak jazylat. Kaisyl jerden bolbonguz ar dayim ishingizdin maiyn chygyryp jasaganyngyz bul ozunguzdun talanttuu jana bilimduu i jumushka ditingizdi bergen jigit ekeningizdi korsotup turat. sizdin ishingishge iygilkter! Ar daiym internetten sizdin makalalardy izdep okuim ata-mekendi, bala chakamdy sagynganda.

Bul masele oto orchunduu Kyrgyzstan uchun dele. Ar 3-4-chu ui-bulodo chyksa kerek. 3 kyz 1 uulduu bolushkan chakta dele jubaiyna kun berbei kelet tupoi kuyooloru. Ozumdun ele ui-bulomdo eng suyuktuu jalgyz ejem 3 kyzdan kiyin 1 uul torodu ele jezdem ele emes kaiyn jurtu da jemelep jurushot jalgyz bala bolup kaldy dep. Kyzdaryna jakshy kongul burushpai kelishet. Ejem den-sooluguna bailanyshtuu bashka toroi albai kaldy. Kudai bergenine yraazy bolushubuz kerek.

кимден: Marat каяктан: Bishkek
10.02.2012 07:52
Din dep jyryshyp bulardyn aibandan aiyrmasy kalbai kalgango, chirkin.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.02.2012 15:13
Урматтуу Марат! Сиз интеллектуалдык денгээли жогору, билимдуу эле жигит болушунуз керек. Бул нерсенин дин менен байланышы жок. Эгерде сиз макаланы толук окуган болсонуз, анда жергиликтуу динаятчынын комментарийин да окудунуз болуш керек.Анан ушул созду айтуунун кажети жок го дейм. Абайлап суйлоо жакшы.

кимден: Таттыбу каяктан: Рим
10.02.2012 05:52
Ары жок эркектер, ушундай претензиялуу болушат, кудайдын берген перзентине ыраазы болуу керекда, жеригенге жети кыз деген соз бар, биздин кыргызбайлардын арасында толтура андай афгандыктарга окшогон малдар, мен торт кызым бар,(экоосу эгиз) мурунку жолдошум да эркек торобойсун деп шылтоолоп ажырашып кыздар менен таштап, коюп жаш кызга уйлонуп алган, ал аялы да эки кыз удаа тороп бериптир, эми жатсын кутуп эркекти качан торойт деп. Озум Италияга кыздарымды багайын деп иштеп журом, кудайга шугур, олбогон адамдын ырыскысы тугонбойт деген туура, кыздарымды бутуна тургузсам кудайга ыраазы элем.Дагы уялбай эркек баштары менен аял патриот намыской боло калышат, эн жонокой оздорунун милдетин аткара алышпай келжиректер!
Пикирге жооп

кимден: сагын каяктан: россия
10.02.2012 12:27
Куйоонузго таарынып баардык кыргыз жигиттерине шек келтирбениз. Жакшынакай жар кутуп уйбулоосун сыйлап уул-кыз тарбиялап бактылуу жашагандар да жок эмес.
Пикирге жооп

кимден: Таттыбу каяктан: Рим
14.02.2012 05:55
ООба , мен баардыгына шек келтиргим келбейт, бирок кобунчосу ушундай, аны туура тушунуп коюнуз! Мен куйоомо таарынбайм бул да турмуштун белеги катары карайм, себеби кудай мени жалгыз калтырган жок, кулгондо кайгырганда, суйунгондо куса болгондо тен болушкон жолдошума жолуктум, кыздарыма жардам, мени жалгыз картырбаган ушул адамга кудай омур берсин, мен коптон куткон уулдуу болобуз, баардык нерсени кудай орду ордуна буюрганына берген сыяктуу....Албетте, жакшы кыргыз жигиттери бар жарын сыйлап, кыз болсо да кокко которгон, мен ошол тушунугу чектелген келжиректерди айтып жатам.

кимден: Anvar каяктан: Evropa
10.02.2012 04:24
Men kyzga zar bolgon ui-bulodo ostum. 5 uulbuz. Apama ele ichim achyshat.Baikush apam 5 erkek balany chongoitom dep 50don ashkanda ele kartayip kaldy. Ar dayim atam da apam da ushulardyn jok degende biroosu kyz bolup kalganda dei beret ele. Uido bir ele uluu agam apama jakshy jardam bergendi uirondu, kalganybyz durusuraak jardam da bergenge uironboduk. Kamyr da jasait, ui da jyinait ele... Kobuncho apamdyn singdisinin kyzyga kunubuz kalat ele. Apam oorup kalsa ui jyinap, tamak jasap berchi, kir juup berchi dep chakyra beret elek. Kyzdar ata-enesige meerimduurook bolot degeni da chyn okshoit. Men uilonoyun dep turgan chagym. Menin kyzdarym kop bolso dep tilek kylam. Tushunugu jok, tomon adamdar gana ozunun balasyn, ozunun urugun, ozunun kanyn kabyl albait dep oiloim.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине