Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

Ооганстан Түркиядан курал сурады


Ооган президенти Ашраф Гани менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кабулдагы жолугушуусу. 18-октябрь, 2014-жыл.
Ооган президенти Ашраф Гани менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кабулдагы жолугушуусу. 18-октябрь, 2014-жыл.

Түркия менен Ооганстан коопсуздук, соода-экономикалык жана инвестиция боюнча кызматташтыкты кеңейтмей болду.

Буга байланыштуу келишимдерге өткөн апта соңунда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ооганстанга расмий сапар менен барган учурда кол коюлду. Сүйлөшүү алкагында Ооганстан Түркиядан курал сурады.

Кабулга бир күндүк расмий сапарга барган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган алакалардын башкы багыттарына, Борбор Азия коопсуздугу, Ооганстандагы кырдаалга токтолду. Ошондой эле Түркия-Ооганстан-Пакистан үчилтиги жана анын терроризмге каршы күрөшүүдөгү маанисин белгиледи. Эрдоган расмий Кабулга жардам берүүнү токтотпой турганын билдирди.

Түрк лидеринин бул аймакка президент катары биринчи келиши. Аны Ооганстан сый -урмат менен тосуп алды. Эрдоган президент Ашраф Гани менен жолугуп, эки тарап коопсуздук, соода-экономикалык жана инвестиция боюнча келишимдерге кол коюшту. Түрк лидери Ооганстандын инфраструктурасын кайра курууга жана НАТО аскерлеринин көпчүлүк бөлүгү бул аймактан чыгып кеткенден кийин дагы жардамдашууну уланта берээрин ырастады.

- Өзүңүздөр билгендей, НАТОнун эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрүнүн миссиясы (ISAF) жыл соңунда аяктайт. Бирок төрт өлкө, Түркия, АКШ, Германия жана Италия аскерлери Ооганстанда кызмат өтөөсүн улантат. Алар Ооганстандын коопсуздугу үчүн бардык колдон келген жардамды берет. Түрк өкмөтү ооган элин дайыма колдойт. Түркия эл аралык аскерлердин басымдуу бөлүгү бул аймактан чыгып кеткенден кийин дагы өз милдеттемелерин аткарууну улантат.

Мурда белгилүү болгондой, Ашраф Ганинин бийлиги НАТОнун он миңдей аскерин калтыруу боюнча АКШ менен келишимге кол койгон.

Эки өлкө лидерлеринин биргелешкен маалымат жыйынында, Ооганстандын президенти Ашраф Гани Түркия кен казуу тармагына ири инвнестиция салууну караштырып жатканын билдирди. Ошондой эли эки лидер Ашраф Гани президенттикке келе электе туңгуюкка кептелген терроризмге каршы күрөшүүнүн чараларын талкуулады. Гани түрк кесиптешинен ооган коопсуздук күчтөрүнө курал-жарак сурады.

-Түркия - Ооганстандын тынчтыгы, стабилдүүлүгү жана өнүп-өсүүсү үчүн көмөк көрсөткөн өнөктөшү. Биз жаңы эле кол койгон келишимдер да муну далилдеп турат. Биз ал келишимдер ишке ашат деп терең ишенебиз.

Сүйлөшүү жыйынтыгында Гани Түркияны «Ислам дүйнөсүндөгү тынчтык жана стабилдүүлүк үлгүсү» деп атап, Эрдоганга Ооганстандагы эң даражалуу делген «Гази Аманулла Хан» медалын тапшырды.

Буга чейин Эрдоган Кабулга 2005-жылы, өкмөттү башкарып турган учурда келген. Талибдердин бийлиги кулаган 2001-жылдан бери Түркия Ооганстанга аскерий, экономикалык жактан колдоо көрсөтүп келет. НАТОнун алкагында Түркиянын 400дөй аскери өлкөнүн коопсуздугун сактоо багытында кызмат өтөдү.

XS
SM
MD
LG