Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Саясат

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БИЙЛИККЕ ӨЗ ТАЛАПТАРЫН ЖАРЫЯЛАДЫ (сүрөт баян)

Жарыяланган учуру: 12.04.2008

Бүгүн саат 12де Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Акыйкат үчүн” кыймылы уюштурган Элдик курултай өз ишин баштады. Жыйынга республиканын ар бир аймагынан келген 1474 делегат катышып, 15 кишиден турган президиумду шайлашты.









Курултайды “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов ачып алып барды.



Алгачкы сөздү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев алды. Ө.Текебаев өз докладында азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясат Кыргызстандын келечегине балта чабат деп, башкы байлыгы болгон энергетика тармагы менен кен байлыктарын менчиктештирүү бир гана адамдын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат деп билдирди.



Андан соң “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Темир Сариев өлкөнүн экономикалык абалына арналган доклад жасап, экономикадагы башкы оору-коррупция, жумушсуздук, баанын өсүшүнө тоскоолдуктун жоктугу жана мыйзамсыздык деп билдирди.



Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев 3 жыл мурда болгон март ыңкылабынан кийин саясатта да, экономикада да, социалдык тармакта да эч өзгөрүү болгон жок, конституциялык реформа тескерисинче бир адамдын бийлигин бекемдеген натыйжага алып келди деп билдирди. А.Эркебаев кырдаалды оңдоо үчүн демократиялык принциптерге кайтуу зарыл, ал үчүн президенттик шайлоого чейин аракет көрүү керек экендигин кошумчалады.



Жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын лидери Жоомарт Сапарбаев Каркыра жайлоосунун жана пансионаттардын Казакстанга берилишине каршылык билдирип жаткан жаштарды бийлик камап, соттоо жолу менен коркутуп-үркүтө албастыгын белгиледи.



Элдик курултайга келген делегаттарга манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү айтып, өнөрүн көргөзүштү.

Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров, Бишкек
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive