Угуу

Азыр ободо

Кечки Азаттык, 1-чыгарылыш

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Маданият / Илим жана билим берүү

24-октябрь: тарых барактары

24.10.2008
Муратбек Кожобеков

1847-жылдын 24-октябрында Ормон хан Сибирь кыргыздарынын чекара начальниги генерал-майор Вишневскийге кат жолдогон. 1928-жылдын 24-октябрында Юсуп Абдрахманов Орто Азия Аткаруу комиссиясынын жыйынына катышып, сөз сүйлөгөн.

Ормон хан 1847-жылдын 24-октябрында Сибирь кыргыздарынын чекара начальниги генерал-майор Вишневскийге кат жолдогон. Ормонхандын катында, козголоңчу Кенесарынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу орус бийлиги кыргыздарды сүйлөшүү үчүн чакыргандыгына ыраазычылык билдирилет.

Императорго таазим көрсөтүп, белек-бечкек тапшырыш үчүн Орсон хан уулу Үмөтаалыны баш кылып атайын элчилик жиберген. Каттын мазмуну далилдегендей, орус бийлиги кыргыз урууларынын башчысына сый-урмат көрсөтүп, алтын медаль, алтын жалатылган чепкен, ардак грамота берген. Мындан тышкаары, Ормон хан генерал-губернаторго, Кашгарды ээлеп алган кожолордун Кытайга каршы биргелешип аракет көрөлү деген чакырыгына көнбөй койгондугун билдирген.

Юсуп Абдрахманов 1928-жылдын 24-октябрында Орто Азия Аткаруу комиссиясынын жыйынына катышып, байлардын чарбасын экспроприациялоо маселеси боюнча каршы пикирин билдирген. Анын көз карашына ылайык бай-манаптардын мал, мүлкүн тартып алуу жол-жобосу али иштелип чыккан эмес жана аны кандай ыкма менен жүргүзүш жобосу али белгисиз. Ошондуктан, адегенде кедей, кембагалдардын чарбасын уюштуруунун методун жолго коюп, анан барып байлардын мал-мүлкүн ортого алуу ыкмасын иштеп чыгуу зарыл деп маселени кабыргасынан койгон.

24-октябрда Кыргызстанда элчилердин кесиптик майрамы белгиленет. Тыш иштер министрлигинин кабарлоосуна караганда азыркы убакта дипломатиялык кызматта жүздөгөн дипломаттар эмгектенип, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүңдө кыргыз элчилиги иштейт.

Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан нааразылык акция, 2005-жылдын 24-октябрында таң эртеден тарта Жогорку Кеңеш имаратынын кашында улантылды. Имарат маңдайына тогуз боз үй, эки көчмө кафе, эки аскер чатыры тигилип, акцияга чыккан адамдарга ысык тамак, чай берилип атты. Алар премьер-министр Феликс Кулов менен Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Адистердин айтымында, миңге чамалаган митинчилердин басымдуу көпчүлүгү Р. Акматбаевдин криминалдык тобундагы укук менен мамилеси келишпеген элементтер экендиги белгиленди.

Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов 2005-жылдын ушул күнкү кечинде маалымат жыйын өткөргөн. Катчы Жогорку Кеңеш депутаты Т. Акматбаевдин өлүмү жана анын жактоочулары уюштурган митингден улам курчуган кырдаалды президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлгө алганын кабарлаган.

Кыргыз өкмөтү 2005-жылдын 24-октябрында криминалдык элементтердин күч алышына байланыштуу калкка кайрылуу жолдогон. Анда учурдагы кырдаалды жөнгө салып, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн күч структуралары мыйзам чегинде чара колдоноору айтылат. Кайрылууда өлкө атуулдарынан ар кандай баш аламандык, азгырыкка берилбестен өкмөткө көмөк көрсөтүү зарылчылыгы белгиленет.

Бул күнү, Бириккен Улуттар Уюмунун уюшулушу белгиленип, 1935-жылы Кремлдин Спасский мунарасына рубин жылдызы орнотулуп, 1939-жылы Дэлавер штатында дүйнөдө биринчи жолу нейлон байпак сатыкка түшүп, 1632-жылы голланд натуралисти, микроскопту чыгарган Антони ван Левенгук, 1804-жылы немец физиги, телеграфты ойлоп тапкан Вильгельм Вебер, 1942-жылы таланттуу кинорежиссер Динара Асанова жарык дүйнөгө келген.
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)