Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Саясат

Апта: "Түндүкэлектро" түбү менен кетти, курултайлар заманы келди

"Түндүкэлектро" ишканасынын башкы имараты
Жарыяланган учуру: 07.02.2010

“Түндүк электро” сатылды. Адахан Мадумаров бийликти сындап чыкты. Ынтымак курултайына талапкерлерди көрсөтүү башталды.

"Түндүкэлектро" 3 млн. долларга кетти

Кыргызстандагы эң ири бөлүштүргүч компания - “Түндүкэлектро” сатылды. Анын жаңы ээси чыныгы кожоюнун аты аталбаган “Чакан ГЭС” болуп чыкты. Бөлүштүргүч компаниянын 3 млн. долларга "Чакан ГЭС" сатып алганын мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жума күнү айтып чыкты.

“Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” сатылганы айкындалган күндүн алдында, 1-февралда “Ошэлектро”, “Чыгышэлектро” жана “Жалал-Абадэлектрону” сатып алуучулардан документ алуу убактысы да соңуна чыкты. Эми бул ишканалар да менчик колдорго өтөт.

Бирок Мүлк министрлиги бул ишканаларды сатып алуу боюнча кайсы ишканалардан арыз түшкөнүн ачык айтпай жатат. Министрликке кайрылууларыбыз жоопсуз калууда. Кыязы Мүлк министрлиги бул жерде да кандайдыр бир будамайлоо иштерин жасоонун алдында тургандай.

Будамайлоо демекчи, “Түндүкэлектрге” баа койбой сатуу боюнча тендер 29-декабрда соңуна чыккан. Мына ошол күнү “Азаттыктын” кабарчысын кабыл алган мүлк министрлигинин статс-катчысы, “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Сүйөркул Бакиров бул бөлуштүргүч компанияны сатып алуу үчүн конкурска үч компанияны арыз бергенин билдирген:

- Биз комиссиянын мүчөлөрөнүн, катышкан компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачтык. Үч компаниядан катышууга арыз түштү. Бул Кыргызстандын “Спецэнергострой” акционердик коому, Казакстандын “Алматаэнерго” акционердик коому жана Россиянын “Якутспецстрой” деген компаниясы, жалпысынан үч компания арыз берди.

Көрүнүп тургандай анда “Чакан ГЭСтин” катышканы тууралуу сөз да болгон эмес. Анан эле бир айдан кийин “Чакан ГЭС” тендерге катышканы, ал эмес утуп чыкканы айкын болуп жатпайбы...

Кыргызстандагы эң ири бөлүштүргүч компания үчүн “Чакан ГЭС” 3 млн. доллар төлөгөн жана 10 жыл ичинде 74 млн. доллар инвестиция салууга убада берген. (Айрым маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү жакшы бир гектар жер 3 млн. доллар).

“Чакан ГЭСтин” Аламүдүн каскадындагы сегиз чакан ГЭСи бар.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл “Түндүкэлектронун” сатылышын кескин сынга алып, Бакиевдин үй-бүлөсү бийликтен кетер замат бул ишкана мамлекетке кайтарыларын билдирди. Оппозиция өкүлдөрү ошондой эле “Түндүкэлектронун” он миллиондогон доллар жабдуулары, жүз миңдеген абоненттери бар, болгондо да төлөөгө жөндөмдүү Бишкекте, Чүйдө жана Таласта жайгашкан абоненттери бардыгын, потенциалдуу кирешелүү ишкана экенин белгиледи.

Бийликтин бул кадамын мурунку коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров да кескин сынга алды:


- Бул жалпы кыргыз мамлекетинин байлыгы. Биз ага 14 жыл бою каршы чыгып келгенбиз. Мен Жогорку Кеңеште төрага болуп турганда да өзүмдүн пикиримди кесе айтканмын. Улуттун байлыгы эч качан жеке менчиктин колуна тийбеш керек. Кыргызда, мусулманда жакшы сөз бар “эч качан жетим менен жесирдин акысын жебе” деген. Ошол эле компанияларда алардын дагы үлүшү бар. Алардын дагы чон ата, чоң энелеринин акысы бар.


А. Мадумаров ачыгын айтып чыкты


Адахан Мадумаров демекчи, ал Конституциялык реформа, бөлүштүргүч компанияларды сатуу, Өнүктүрүү агенттигине өлкөнүн активдерин бүтүндөй топтотулушун кескин сынга алды. Ал ошондой эле Исмаил Исаковдун ак жеринен камалып отурганын баса белгилеп, өлкө армиясын көтөргөн патриотко мынчалык кара ниеттик кылбаш керектигин ачык айтты:

- Мен өтө терс баа берем. Болгондо дагы эч кандай күнөөсү жок адамды отургузушту. Бул боюнча Кыргыз Республикасындагы бираз-бираз сабаттуу укук коргоочулар же тартип коргоо органдарынын кызматкерлери билип эле турушат. Бул туура эмес. Ошол батирди балаңа берип койдуң деп айыпташты. Ага Исмаил Исаковдун кандай тиешеси бар? Болгондо да өзү кызматта министр болуп отурганда кайра кайтарып берсе... Тескерисинче миллиондогон зыяндарды келтиргендер жогору жакта отурушпайбы. Исмаил Исако чөгөлөп калган кыргыз жоокерлерин тикелеп тургузуп, курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип, казармаларын салып, офицерлерди үйлөргө киргизип койгон киши. Ага мынчалык кара ниеттик кылбаш керек. Бул өтө туура эмес. Исмаил Исаков, дагы бир жолу айтайын, кыргыз элинин мекен сүйүү боюнча эң алдыңкы мыкты инсаны, мыкты ишмери. Менин Исмаил Исаковдун ак экендигине кенедей дагы күмөнүм жок.

Мадумаров Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы, Вице-премьер-министр, Мамлекеттик катчы жана Коопсуздук кеңештин катчысы кызматтарын аркалап келген.

Ал 2008-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде президенттик администрациянын жетекчилиги жана президенттин өзүнүн дарегине каршы пикирин айтып, кызматтан бошоп кеткен болчу. Андан кийин ошол эле жылы күзүндө Коопсуздук кеңештин катчысы кызматына келген. Акыркы мезгилде президенттин саясаты менен келишпей, Курманбек Бакиевдин жаңы бийлик конфигурациясын сынга алган.

Адахан Мадумаровдун бийликке каршы чыгуусу менен өлкөдөгү эки ортодо турган айрым саясий күчтөрдүн, топтордун ичинде ары-бери жылыштар пайда болушу ыктымал. Эл ичинде да кызуу талкууларды пайда кылып, бийликке карата баалар бычылышы мүмкүн. Ал Исаков камалгандан кийин пайда болгон терс бааны ого бетер күчөтүшү мүмкүн.

Саясат таануучу Марс Сариев Мадумаровдун кадамына карата мындай пикирин билдирди:


- Азыр байкап атасыңар, Темир Сариев дагы сүйлөй баштады. Позициясын күчөтүп жатат. Мен ойлоймун, бул Ак үйдүн дагы бир стратегиялык маневру болушу ыткымал. Себеби азыр курултай жакындап жатат. Ушундай күчтөр, Мадумаров, Сариев оппозицияга, конструктивдүү оппозицияга өтүп, ошондойлор көбөйсө, мүмкүн курултайдан кийин чоң оппозициялык топ түзүлүп калат. А тиги радикалдуу оппозиция Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жана башкалар четтеп, оппозициянын талаасынан чыгып калат. Мен ойлоймун ушундай багытта атайын кадамдар жасалып жатат.

Ал эми экинчи бир саясат таануучу Орозбек Молдалиев Конституцияны үй-бүлөгө ылайыктап түзүү аракети ушундай натыйжага алып келди деп эсептейт:

- Бул реформанын багыттарына нааразы болгондор элдин арасында эле эмес бийликтин чөйрөсүндө көп болуп жатат. Ошо бийлик элитасынын ичинде жактырбагандар бар. Мындан көрө башкаларды тандасак болмок экен деген кеп бар. Булардын мындай ачыка чыга башташынын себеби бар, жанагы Конституцияга өзгөртүү киргизип, Президенттик кеңеш эле президенттин милдетин аткаруучуну дайындап коет деген Конституцияны өтө одоно түрдө бузуу. Илгери кийин адилет шайлоо болсо мен ушул жакка бара алам го дегендердин үмүтү таш каап, каршы чыкканга аргасыз болуп жатат. Бул каршылашуунун башы эле.

Ынтымак курултайынын алдындагы талоон

Бөлүштүргүч компанияларды сатуунун же менчиктеп алуунун шаңында Ынтымак курултайына байланыштуу үгүттөр, пиар аракеттер күчөдү. Башкача айтканда, Ынтымак курултайына байланыштуу күчөтүлгөн ызы-чуунун астында бөлүштүргүч компаниялар менчик колдорго кетүүдө.

Ынтымак курултайы - бийлик өкүлү айткандай эл “буусун” чыгаруучу аянт болот экен. Эл ошол жерге келип, өзүнүн муңун айтып, желин чыгарып кете берет экен.

Ал эми президенттик администрациядагы дагы бир акыл кошчусу Сергей Масауловдун айтымында, Ынтымак курултайы реалдуу оппозицияны калыптандыруучу жай же жол болуп калышы ыктымал.

Бул жагынан алганда, “Ак шумкар” партиясынын демилгеси Ак үйдүн акылмандарынын ою менен үндөшүп турат.

Белгилүү болгондой жума күнү “Ак шумкар” партиясы саясатчыларды, коомдук ишмерлерди чогултуп, анда Ынтымак курултайына катышуу маселесин талкуулады. Ага катышкан саясатчы Абдыганы Эркебаев президентке 150 кишиден турган квотасына киши тандоо боюнча кеңешин берди:

- Президент өзүнө алган 150 квотаны дагы бир кылдат карап туруп, эң кур дегенде ошонун жарымын болбосо дагы үчтөн бирине өзү үлгү көрсөтүп, белгилүү коомдук ишмерлерди, оппозиция өкүлдөрүн, саясий партия лидерлерин кошуп койсо, жакшы эле болмок.

“Ак шумкар” партиясы уюштурган талкуунун катышуучулары ошондой эле Ынтымак курултайына президенттик квота аркылуу катышуунун жолдорун карап көрүүнү, катышууга аракет кылгандарга колдоо көрсөтүүнү жана эгерде Ынтымак курултайы менен кызматташуу ишке ашпай калса, өзүнчө курултай уюштуруу чечимин кабыл алышты.

Өздөрүн чыныгы оппозиция деп атаган Бириккен элдик кыймыл ишемби күнү ич ара маселелерди чечүүгө чогулду. Белгилүү болгондой буга чейин Мукар Чолпонбаев башында турган БЭКтин мүчөлөрү “Элдик кеңеш” аттуу кыймылга бириккенин билдиришкен. Бирок ишемби күнкү талкууда БЭКтин мүчөлөрү бирдиктүү болууну жакташып, 20-февралга БЭКтин кеңиртилген жыйынын чакырууну чечишти. Бул тууралуу кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди:

- 20-февралда БЭКтин Улуттук кеңешинин кеңейтилген жыйыны болот. Жер-жерлерден делегаттар келет. Ошол наркы Бакиевдин курултайына катар курултай өткөрөбүзбү, башка нерсе өткөрөбүзбү ошого даярдык болот. Кандай өткөрүү боюнча кеңеште чечим кабыл алабыз. Ошого аракет кылабыз. 

Бекназаров ошондой эле оппозициянын курултайында энергетикалык бөлүштүргүч компанияларды бийликтин сатуусу негизги маселелерден болоорун белгиледи:

- Саткандар эртеби-кечпи эл алдында жооп берет. Керек болсо соттолот. Коррупцияга байланыштуу берене ушуларга тиешелүү.
Былтыр БЭК түзүлгөндө экинчи максатыбыз болуп ушулар кирген, булар элдин менчигинде болсун дегенбиз. БЭКтин жобосунда да бар бул нерсе. Ушул маселелерди элдик курултайга алып чыгабыз. Силер макулсуңарбы энергетикалык компаниялар Ширшов-пиршовдордун менчигине кеткенге деп сурайбыз. Мына ошого жараша иш кылабыз. Курултайда ушул маселелерди көтөрөбүз.

Ошентип, бийлик Ынтымак курултайын 23-мартка белгилеген. Ошол эле күндөргө оппозиция өзүнүн курултайын белгилегени жатат.

Бул арада 11-январдан бери УКМКнын абагында камалып отурган Исмаил Исаковго “кечирим сура, абактан чыгасың” деген ортомчулардын үчүнчү каты жолдонуп, анын үчүнчүсүнө да Исаковдон тескери жооп алды. Исаков эч кандай күнөөсү жок экенин, ошондуктан кечирим суроо жөнүндө сөз болбошун, айрым адамдардын анын артынан өздөрүнүн саясий маселесин чечүү аракетин токтотуусун талап кылган.

Алайда, Бишкекте Исмаил Исаковдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантып жатышат. 3-февралда Сопу-Коргондо жана Бүлөөлү айылында 300дөй киши нааразылык акциясына чогулуп, Исмаил Исаковду бошотуу, жер, бөлүштүргүч компанияларды сатууну токтотуу талаптарын коюшту.

Исмаил Исаковдун апелляциялык арызы 10-февралда аскердик сотто карала турган болууда. Бул күнү Алай районунун борбору Гүлчөдө Исмаил Исаковду коргоо комитети көбүрөөк кишинин катышуусу менен митинг өткөрүүгө камданууда.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Тоо гулу каяктан: Нарын
09.02.2010 11:18
Жетим Тоо кеткени чын болуп калды окшойт, анткени Нарынга азыркы губернатор эмнеге келмек эле. Эсиңерде бар чыгаар өткөн жылы жайында Жети Өгүздөн 60 кытай киргизген аким 60 кытайды кубалап чыккан Суваналиевдин ордуна губернатор болуп келсе, кандай ой болду бийликте. БЭК тин курултай өткөрөлү, альтернатива катары дегенине мен кошулам.
Жаныш аканын Салам Кыргызстан деген партиясы жанданып парламенттик шайлоого келип спикер болуп анан БАКС мен оорума жараша президент боло албайм дегенде мамлекеттик кеңеш МАКСты көрсөтүп калат го.
Ноябрь митингисинде БАКС кете берейин десе так ушул Адахан аке Баш мыйзамды өзгөртсөңүз эле митинг тарайт деп алдап ийишип орто жолдон ар кандай көпүрөлөр чыга калбадыбы антпесе бул балееден эчак эле кутулат элек.
Ыраматылык Р. Акматбаевдин митингиси ак үйдүн алдында болуп атса мен билбей калыптырмын эл чогулса чыгыш керек деген президент Алайда 85 Умай Эне ачкачылык жарыялап олтурса бир кың дебейт да тобоо. Исаковдой генералды тарбиялаган энени кантип Умай Эне дебейбиз.

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyz
09.02.2010 00:55
Bakievchige : Dosum Atang Orus okshoyt oruscha jazganina karaganda ee ?

кимден: Кыргыз каяктан: Россия
08.02.2010 22:46
Ажобуз такка отурганда эле. биринчи ооз анган сөзү менчиктештирүү деген.

кимден: Бакиевчи
08.02.2010 18:14
Молодец Курманбек ака, Макс ака, Жаныш ака! Так держать. Мы на коне! Оппозиция ничего не сможет сделать.

кимден: Баки каяктан: Баткен
08.02.2010 16:33
Таң каласың кантип, ушул Түндүкэлектро 3 млн. доллар турсун, жең ичинен сатышып, Ширшов немеге беришти да калышты. Кантип, ушундай көнүмүштөргө чыдап отурабыз, кылымдар бою ата-бабадан калган байлыкты басып алып жатса, кыргыз деген атыбыз өчкөнү калды го....

кимден: ули каяктан: баткен
08.02.2010 12:04
Абал мындай улана берсе кандай кылабыз калайык менин оюмча Кыргызстанда кыйамат кайым башталган окшойт келгиле бийликке сын тагып алардын кылган иштерин туура же ката экендигин текшербей андан көрө ислам жолуна кирип намаз окуп жан дүйнөбүздү тазалайлы биз карапайым калк эмне дебейли баарибир бизди угушпайт .................

кимден: Нтс каяктан: Бишк-таун
08.02.2010 00:05
Максиму надо дать реализовать себя!!!

кимден: Берен каяктан: Россия, Алайдан
07.02.2010 23:14
Жарыктык, Абдыганы ака. Дагы эле бийликтин көзүн жалдырап карай бересизби, "Президент коомдук-саясый ишмерлерди делегат кылып кошуп койсо" деп үн чыгарасыз. Ал ишмерлердин арасына өзүңүздү да кошуп атасыз да. Андан көрө үнүңүздү бийик чыгарып, чыныгы элдик Курултай чакырбайсызбы БЭК менен бирге, Алай эли тамагы кургап, кыйналып Сизден жакшы сөз жана жакшы иш күтүп турганда.

кимден: ELBEK каяктан: Kytai El Respublikasy
07.02.2010 22:15
BEK azamatsynar!Azyrky builik el u4un emes,ozdorunun erteni u4un iwtep jatat,bul biulik kopko barbait.Beknazarov,Madumarov,Sariev jana bawka belgiluu kyrgyz u4un janyn berip,kyrgyz eli u4un kuigon azamattar,siler azyrtan azyrky biulikti jok kylbasanar erten ke4 bolup kalat.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.02.2010 21:38
Элди макоо деп ойлошот окшобойбу.
Ушул жерден ак үй катуу жаңылды,Сариев менен Мадумаровтун ким экенин эл билбейби.Анча болду Эшимканов,Карабеков,Бабановторду деле тигил экөөңө кошулгула дебейби.
Канча жылдан бери эл кыйналып жашап келатат,канчалаган азаматтар тентип кетти.Бул бойдон кете берсе бул бийлик Кыргызстанды деле Кытайга сатып жиберчүдөй.Нарындыктар ачык эле айтып жатышат Жетим тоо темир кенин иштетүүнү кытайлыктарга берип жатыптыр дешип.А бул деген Үзөңгү кууш эмес,миң эсе зор аймак. Калк айтса калп айтпайт дейт ко.
Ак эми БЕКке айтарым бекем болгула,ушул ирет бирдиктүү туруп эл үчүн иштеп бере албасаңар анда силердин бааңар сокур тыйынга да арзыбай калат
    Алдыга 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)