Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 13:22

Кыргызстан

Ынтымак курултайы: делегаттар шайма-шай

Президент Курманбек Бакиев бөлгөн орун боюнча Ынтымак курултайга катышчу делегаттардын тизмеси жарыяланды. Андагы жүз элүү кишинин арасында келишкис оппозициядан бир да өкүл жок.

Ак үй чакырган курултайга жети жүз элүү өкүл катышат
x
Ак үй чакырган курултайга жети жүз элүү өкүл катышат
Текст көлөмү - +
Президенттик квота менен түзүлгөн тизмеге “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова да кирген. А. Абдирасулова “Азаттыкка” аталган уюм соңку учурда адам укугунун абалы кескин начарлап баратканына тынчсызданып, бул жагдайды кандай формада болсо да бийликке жеткирүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты. Ошондуктан уюм жетекчиси курултайга шайланган:

- Мага бир гана делегат болуу эмес, чоң жоопкечилик жүктөлүп жатат. Менин алдыма ошол курултайда сөзсүз чыгып сөз сүйлөп, адам укуктарынын абалы жөнүндө курултайда айтып, бул абалга курултайдын көңүлүн буруу деген тапшырма коюлган. Ошондуктан жөн эле барып катышпайм, сөзсүз сөз сурайм.

Курултайда көтөрүлчү маселерди биз сунуш кылсак, бийлик сунуш кылды, өзүнө ылайык күн тартибин түздү деп айтышы мүмкүн
А. Абдирасулова жакынкы күндөрү укук коргоочу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы бир жолу жыйынга чогулуп, курултайда көтөрүлчү маселелер боюнча масилет курушканы жатканын маалымдады.

“Ала-Тоо ынтымагы” коомдук фонддунан президенттин бөлгөн орун боюнча Ынтымак Курултайына беш өкүл кирген. Аталган кордун лидери Карыпбек Аманкулов бийликтин курултайында электр энергиясына баалардын көтөрүлүп кетиши боюнча маселе козгоорун билдирди:

- Курултайдын кандай болуп өтөөрүн азыр айтыш кыйын болуп жатат. Анын күн тартиби деле толук бекий элек окшойт. Кааласаңар да, каалабасаңар да электр энергиясынын тарифтердин көтөрүлүшүн айтып чыгат. Ошондуктан муну сөзсүз киргизиш керек, деп өзүмдүн оюмду айткан болчумун. Киргизишеби, киргизишпейби аны билбейм.

Азырынча Ынтымак курултайынын күн тартиби тактала элек. Президенттик катчылыктын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов “Азаттыкка” курултайда көтөрүлчү маселелерди делегаттар өздөрү бекитерин айтты:

- Азыр күн тартибин бекитпей жатат деп сын айтылып жатпайбы. Курултайда көтөрүлчү маселерди биз сунуш кылсак, бийлик сунуш кылды, өзүнө ылайык күн тартибин түздү деп айтышы мүмкүн. Биз азыр эң активдүү делегаттарды чогулттук, алар жакында телевидение, гезиттер аркылуу күн тартибинде кандай маселелер козголот, ошонун тегерегинде ойлорун бүгүн-эртеңден баштап айта башташат.

С. Жумагулов курултайды уюштуруу комитети мына ушулардын негизинде баардык сунуштарды, анан президенттик сайттагы курултай деген бөлүмгө да келип түшкөн ойлордун баарын чогултуп бир долбоор иштеп чыгарын кошумчалады.

Бул курултайга жалпысынан жети жүз элүү өкүл аныкталып камданып атышат. Алардын беш жүз элүүдөйү жер-жерлерден шайланышты.  Жүз элүүсүн президент тандады. Ошондой эле чет жердеги кыргыздардын диаспоралары, мигранттардын кыймылыны жана диндердин, улуттардын өкүлдөрү бар.

С. Жумагуловдун айтымында, Ынтымак курултайга катышуу сунушу өлкөдөгү баардык саясий күчтөрдүн, анын ичинде оппозицияга да айтылган. Бирок алар мындай иш-чаралардан майнап чыкпасын айтып катышуудан баш тартышкан.  

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр өзүнчө, эртелеп 17-мартта Элдик курулайга чогулганы жатышат. Алар курултайга келчү адамдар санына чек койгон эмес.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жер сатпай турган улутчул каяктан: президент керек
11.03.2010 20:52
Урматтуу Кыргыздар! Кыргызстанды улутчул инсан гана онуктуро алат! Улутчул президентти тандайлы. Урматтуу оппозиция! Тезинен бир кишини президенттикке корсотуп чыккыла. Баш-аламандык Бакиевдин пайдасына чечилет.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)