Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Дүйнө

Берешен Хью жана караколдук көчө балдары

Жин Култер балдар менен, Кара-Кол
Жарыяланган учуру: 12.03.2010

Кыргызстанда чет элдиктер элге көп аралашпайт, бирок арасында кыргыз коому үчүн убактысын да, акчасын да аянбагандар бар. Алардын бири Хью Култер алты жылдан бери Караколдогу көчө балдарына, аялдарга, чакан ишкерлерге жардам берип келет.

Ирландиялыктарга кыргыздын кандай эл экенин сүрөттөп берсеңиз, адатта «ой, бизге аябай окшош турбайсыңарбы!» деп санын чабат. Сөзгө чебер, сыйчыл, кабагы жарык, берешен... Хью Култер да дал ошондой адамдардын бири.

Европа Биримдигинин Бишкектеги техникалык адиси болуп иштеген Хьюнун кеңсеси Киев көчөсүндөгү айыл-чарба министрлигинин төртүнчү кабатында. Кеңсенин дубалындагы сүрөттөрдө компютерде иштеп жаткан кыздар, жаркыраган жаңы бөлмөлөрдө килемдин үстүнө ойногон тестиер балдар.

 

Кара-Колдогу балдар борборунун көрүнүшү

Колун жаңсап жандуу сүйлөгөн Култер өмүрлүк жары Жина экөө Кара-Колдогу кароосуз балдардын борборуна сүрөөнчү. Чынара Дубанбаева жетекчеген бул социалдык адаптация борборунда 10 дон 25 ке чейинки санда балдар жашайт.

Култер Жина экөөнүн бош убакта кылаар иштери көп, бирок алардын ичинен башкысы – мына ушул караколдук улан-кыздардын турмушуна кам көрүү. Кеп балп эттирип, акча берип койгондо эмес. Чындыгында, мындай сүрөөнчүлүктүн ырахатынан машакаты көп. Берген жардамдан майнап чыкпаса, анын пайдасы канча? Ошондуктан, Култер каражаттын сарпталышын тыкыр көзөмөлгө алып турат:

- Чынара мага төлөмдөрдүн квитанциясын берет, мен ай сайын аларды төлөп берем. Алардын бүжети бар, Чынара айдын аягында мага отчет берет.

Финансылык көзөмөл менен катар ирландиялык жубайлар жергиликтүү спонсорлордун болушун талап кылышат. Чынара «мына чет элдиктер жардам берип жатат, силер да бирдеме дебейсиңерби» деп эл кыдырат. Бири койун берсе, бири килемин алып келет. «Заря» деген дыйкан чарбасынын директору Иван Василевич, Бишкектик фирмалар, Эл аралык Аялдар комитети, Ирландиялык «Эр жүрөк саякатчылар» деп аталган топ да караколдук борборго колдоо көрсөтүп келатат. Култер мекениндеги жоро-жолдошторун да сүрөөнчүлүккө тарткан.

Караколдук борбордо балдар ата-энеси, жакын туугандары табылганга чейин убактылуу турушат. Алар былтыр сүрөөнчүлөрдүн акчасына курулган оюн аянтына ээ болушту.

Спонсорлор болуп турса жакшы, бирок ар кандай иштин финансылык көз карандысыз болгону оң эмеспи. Бул жаатта бир нече багытта иштер жүрүп жатат:

- Биз балдар борборуна алып берген үйдү ремонттуп, азыр анын өзүн өзү каржылашына басым жасап жатабыз. Балдар үйүнүн картошка айдаган бир гектар жери бар, ирландиялык "Эр жүрөк саякатчылар" берген бир уйга уйкана, тоок кармаганга тоок кана курдук. Анда 130 тоок бар, дагы эки улактуу эчки бар.

Балдар борборунан баштаган Кутлер кийин микро-насыяга да аралашып калды. Бүгүн анын эки программасы боюнча кыркка чукул долбоор иштеп жатат. «Тумар» чакан бизнес корун ачышкан. Ал аркылуу караколдук бир ишкер күндө жүз тандыр нан жаап саткан ишканасын кеңейткенге насыя алган, башкасы кесме жасайт, дагы бири кой өстүрөт.

 

Айгүл Дүйшеева

Жаш балалуу Айгүл Дүйшеева алган карызына жүн байпак, кол кап түйүп сатат. Орто эсеп менен бир насыя 200 евро болот, бүгүнгө чейин Хью менен Жинни өз чөнтөгүнөн бул максаттарга бардыгы болуп 11000 евро жумшашты.

Бул тууралуу сиз Култер жубайлар мезгилдүү жарыялаган жаңылыктар баракчасынан да окуй аласыз. Ооба, алар өз иши тууралуу бюллетен да чыгарып турушат. Ананчы, үлгүлүү сүрөөнчү болуш оңой бекен!?

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: асан
12.03.2010 09:22
Азамат деймин!Молдолорго караганда!

кимден: karakol
12.03.2010 07:51
Shaar tuura Karakol dep jazylat
     
Текст көлөмү - +

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)