Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

ИИМдин кызматкерлери жол кырсыгына кабылды


Бишкек - Ош жолу, 17-январь, 2013
Бишкек - Ош жолу, 17-январь, 2013

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан ИИМдин тоз-тополоңго каршы атайын полкунун эки кызматкери ажал тапты.

Маалыматка караганда, алар Бишкектен Ошко прицеп чиркелген унаа менен митинг-пикеттерди кууп таратууда колдонулчу атайын каражаттарды алып бара жаткан. Жол кырсыгы кандай жагдайда болгону жана анын себептери азырынча айтыла элек.

Кырсыктан каза тапкан милиция кызматкерлеринин биринин атын ачык айткысы келбеген тууганынын “Азаттыкка” билдиришинче, жол кырсыгы 12-апрелде таңга маал Жалал-Абад облусунун аймагындагы Ала-Бел ашуусунда болгон:

- Бул жактан үн чыгарган граната өңдүү атайын каражаттарды жүктөп алып Ошту көздөй баратышкан. Ошол унааны атайын каражаттар менен кошо Ошко алып барып ташташмак экен. Ал бир тууган жээним болчу. Милициянын атайын даярдыктагы полкунда иштечү.


Каза болгон милиция кызматкерлеринин жакындары Ички иштер министрлигинин жетекчилери коопсуздукка кайдыгер караган, атайын каражат алып бараткан унаанын жанында коштоочу болгон эмес, түндө жолго чыгарган деп айыптап жатат:

- ИИМдин кемчилиги - аларды түндө жолго чыгарган. Төө-Ашуудан кечки саат тогуз жарымда чыккан. Биз эмнеге аларды түндө жолго чыгарат деп жатабыз. Азыр эми милициядан чоңдор келип жанында коштоочу унаа бар болчу деп жатат. Бирок биз ишенбей турабыз.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов кырсык тууралуу маалыматты тастыктап, каза тапкан кызматкерлер Ошко иш сапар менен баратканын айтты:

- Жол кырсыгынан эки кызматкер каза болду. Бирок анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат эртең болот. Алар жакында уюшулган ИИМдин атайын полкунда иштечү. Ошко иш сапар менен баратышкан.

Каза болгон кызматкерлер иштеген милициянын атайын полку калайман иш-чараларда, нааразылык акцияларда коомдук тартипти сактоо максатында ушул жылдын башында түзүлгөн жана 600 адамдан турат.

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев атайын бөлүк Генералдык штабга кошулган ички аскерлердин ордуна түзүлгөнүн буга чейин "Азаттыкка" билдирген болчу:

- Бизге адегенде тартип керек. Ал эми тартипти атайын бөлүк сактайт. Концерт болобу, чоң-чоң майрам өтөбү, же массалык акциялар болобу ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ал жерге аймактык тергөөчүлөр, же кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерин коймок белек? Ошондуктан атайын бөлүк керек. Муну мен чыгарган жокмун. Ал буга чейин эле болгон. ОМОН деп коёт, атайын даярдыктагы аскерлер деп коёт. Мен кичинекей кезимде деле ошондой бөлүк бар болчу. Ошону биз ордуна койдук, ички аскерлерди алмаштырдык.

Министр Суранчиев атайын полктогу кызматкерлердин саны миңге жеткизилээрин, теңине жакыны Ошто болоорун кошумчалаган. Мындай атайын полк түзүлгөн соң айрым укук коргоочулар жана оппозиция өкүлдөрү милиция нааразылык акцияларга чогулгандарды күч менен таратууга камынып жатат деп сындап чыккан эле.

XS
SM
MD
LG