Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Жикчилдердин туткундарды маскаралаган "парады"


Донецк. Жикчилдер туткунга түшкөн украин аскерлерин "параддан" алып өтүп, элге мазактатты. 24-август, 2014-жыл.
Донецк. Жикчилдер туткунга түшкөн украин аскерлерин "параддан" алып өтүп, элге мазактатты. 24-август, 2014-жыл.

24-августта орусиячыл жикчилдер Донецк шаарынын борбордук көчөлөрүнөн туткун болгон украин аскерлерин алып өтүштү.

Көчөнүн эки жагына тизилген адамдар туткундардын дарегине оозго алгыс сөздөрдү айтып, аларды көздөй ар кандай заттарды ыргытышты. Артынан болсо атайын машинелер көчөнү суу менен жууп баратты.

Туткундарды минтип маскаралоо эл аралык коомчулукта кыжырдануу жаратты. Ал эми адам укугун коргоочулар бул окуяга Согуш туткундары боюнча Женева конвенциясын ачыктан ачык бузуу деп баа беришти.

Согуш туткундары боюнча 1949-жылы 19-августта кол коюлган Женева конвенциясы уруш майданында колго түшкөндөргө адамгерчиликтүү мамиле жасоого милдеттендирет.

Бирок Донецк шаарынын көчөлөрүнөн айдалып өткөн туткундарга найза кезелип, таш, помидор, жумуртка жана башка нерселер ыргытылды.

Донецктеги “парад” тууралуу эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун жетекчисинин орун басары Рейчел Денбер "Согуш туткундарына татыктуу мамиле жасоо боюнча Женева конвенциясынын жобосун түздөн түз бузуу" деп жазды Твиттерде.

Уюмдун Москвадагы бюросунун жетекчилеринин бири Таня Локшина “Азаттык” радиосуна берген интервьюда 24-августтагы "парадды" инсандын насил-наркын кордоо деп сүрөттөдү:

- Туткундардын Донецкте өткөн парад деген немеси адамгерчиликке сыйбаган наадандык. Бул эл аралык адам укуктарын же согуш укугун орой бузуу. Женева конвенциясынын ички жана эл аралык куралдуу жаңжалдарга тиешелүү 3-беренеси адамдын ар-намысын тебелөөгө же шылдыңдап, кордоп мамиле кылганга тыюу салат. Бул парад ошондой бир спектакль болду.

1944-жылы фашисттик аскерлер Римдин көчөлөрүнөн жүзгө жакын америкалык жана британиялык туткунду атайын параддан өткөргөн. Параддын уюштуруучусу генерал-лейтенант Курт Майздерди 1946-жылы АКШнын Аскердик комиссиясы туткундарды эл алдында маскаралап, адамдык намысын кордоду деп соттогон. 1949-жылы БУУнун комиссиясы аныктагандай, Италиянын гезиттери туткундардын сүрөтүн “Акыр- аягында америкалыктар менен британиялыктар немис штыгынын коштоосу алдында Римге кирди” деген сүйлөм менен чыгарган.

Экинчи Дүйнөлүк согуш кезде туткундарды шаарлардын көчөлөрүнөн алып өтүп баратканда аларды ташбараңга алган жана сабап өлтүрүп койгон учурлар көп эле болгон. Ага байланыштуу Нюрнберг сотунда бир нече адам жоопко тартылган.

Юристтер да Донецтеги "парадды" уруш туткундарын ачыктан ачык кордоп-кемсинтүү деп эсептешет. АКШнын Кейс Вестерн университетинин юридикалык факультетинин деканы Майкл Шарф да туткун аскерлерди эл алдынан айдап өтүү Женева конвенциясына каршы иш экенин айтат:

- Женева конвенциясынын жобосунун максаты - туткунга түшкөндөргө адамгерчиликтүү мамиле кылууну камсыздоо же ага жетишүү. Адамгерчиликтүү мамиле жасоо - Женева конвенциясында жазылгандай, туткундун карды ток болуп, чылымды эркин чеккенге уруксат берилгенинде эле эмес. Ал ошондой эле сүрөткө тартууга же көчөдө парад уюштуруп, коомчулукка спектакль көрсөтүүгө тыюу салат.

Донецктеги "спектакль", көпчүлүк серепчилер баамдагандай, 1944-жылкы Москвадагы парадга үндөшүп турат. Анда да немис туткундары каргыш сөздөрдүн коштоосунда айдалып өткөндөн кийин артынан машинелер көчөнү суу менен жууган.

Америкалык юрист-эксперт Дэвид Глэйзер Донецктеги парадда туткундардын укуктары бузулганын белгилөө менен, аны уюштургандардын жоопкерчилиги согуш эл аралык же ички деп аныкталганына жараша болорун айтат:

- Үчүнчү Женева конвенциясы ачык бузулса да, туткундарды көчөдөн өткөрүп, элге көрсөтүү гана болдубу? Бул толук айкын эмес. "Согуш кылмышы" деп таанылуу үчүн инсандын нарк-насили бузулган деңгээлге жетиши керек.

Д. Глэйзер - Лос Анжелестеги Лояла юридикалык мектебинин (университет) эл аралык мыйзамдар боюнча эксперти.

Бирок согуш кылмышкерлерин соттоочу Эл аралык Гаага трибуналын түзүү боюнча келишимге аликүнчө же Орусия, же Украина, атүгүл АКШ да кошула элек. Бирок расмий Киев өлкөдө 2013-жылдын 21-ноябрынан 2014-жылдын февралына чейин президент Януковичке каршы митингдер учурунда жасалган кылмыштарды Гаага сотунда кароого макулдук берген.

Женева конвенциясынын аткарылышын көзөмөлдөгөн Эл аралык Кызыл Чырым уюму Украинада апрель айынан бери жүрүп жаткан канды булоонду “эл аралык эмес куралдуу чатак” деп атаган.

Украин өкмөтү жана Батыш мамлекеттери Орусияны жикчилдерди каруу - жарак менен камсыздоодо деп айыпташкан. Ал эми Москва мындай айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG