Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Куловдун “ар-намысы”


Феликс Кулов парламенттик шайлоо өнөктүгүндө өзү туулган Байтик айылында. 8-октябрь 2010-жыл.
Феликс Кулов парламенттик шайлоо өнөктүгүндө өзү туулган Байтик айылында. 8-октябрь 2010-жыл.

Адабиятчылардын, акын-жазуучулардын арасында айтыла жүргөн бир сөз бар. Эми ал да айла жоктон айтылган сөз, бирок таасын, таамай айтылганбы дейсиң: "Жаман акындын адабиятка кошкон салымы - жазбай койгондугу". Бул сөздү бир аз бурмалап айтсак, "чабал саясатчынын коомчулукка кошкон салымы - саясатка аралашпай койгондугу" болмок. Андай саясатчылардын бири - Феликс Куловбу?..

Ушул сөздөр камтылган «Куловдун коомчулукка кошкон салымы - саясаттан кеткени болобу?” деген аталыштагы макаланы мен мындан туура төрт жыл мурда бир гезитке жазган экем. Азыр карасам, ал макала гезиттин жарым бетин ээлеп, генерал Куловду катуу сындагандын аракетинде болуптурмун. Бул апрель окуясынан кийинки мезгил эле.

Анда Феликс Кулов 87 адамдын өмүрү кыйылган кандуу окуядан кийин бир канча күн дымып калып, бирок кайра саясатка аралашууга далалат кылып жаткан. Макалада Куловдун авторитардык-тоталитардык мүнөз күткөн Бакиев бийлигинин түптөлүшүнө салым кошконуна басым жасалган. Эгер ал 2006-жылдагы ноябрь митингинде, 2007-жылдагы апрель митингинде туура кадам жасаганда 2010-жылдын кандуу апрель окуясы болбойт эле деген тыянак менен аягына чыккан макала.

Ошентип төрт жылдан кийин Феликс Куловдун ишмердиги тууралуу жазууга кырдал кайрадан мажбурлап туру.

18-сентябрда Феликс Кулов жетектеген “Ар-намыс” фракциясы 13 адамдын ичинен маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер катары Алтынбек Максүтовду тандап алды. Адеп Алтынбек Максүтовдун ысмын укканда, аны мурда-кийин жакындан билбегендердин көбү “ар-намыстын” тандоосуна ичтери чыккан жок. Экинчи жагынан, 13 талапкер деген менен арасынан “жарк” деп көрүнгөндөрү жоктугун айтып, Кыргызстанда кадр таңкыстыгы күч алып турганын жазгандар да болду. Деген менен “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" демекчи, “Ар-намыс” тандаган талапкер менен баары макул болгондой дымып да калган. Анын үстүнө Максүтовдун ийгиликтүү өткөн “Көчмөндөр оюнунда” режиссер болгондугун, басып өткөн чыгармачыл жолун укканда “маданиятты ичинен түшүнгөн эле киши турбайбы” деп калышкан көбү.

Бирок “жылан чакпай, жылкы теппей” эле “Ар-намыс” фракциясы анын талапкерлигин өкмөткө сунуштаганга келгенде күтүүсүз бурулуш жасады. Тагыраак айтканда, фракциядагы конкурста 9 добуш алып, Максүтовдон ат чабым артта калган Улуттук китепкана башчысы Жылдыз Бакашеваны да маданият министрлигине талапкер катары премьер-министрге сунуштап жиберди. Феликс Куловдун башкы аргументи “биз өкмөт башчыга тандоо укугун беришибиз керек" дегени болду. Бирок анын бул аргументи көпчүлүктү ынандыра албай тургандай. Айрымдар эгер эле премьер-министр Жоомарт Оторбаевге тандоо укугун берүү керек болсо, анда эмне үчүн фракцияда өткөрүлгөн конкурска ысымдары келип түшкөн 13 талапкердин тең тизмесин жөнөтпөйт десе, башкалары жок эле дегенде фракцияда өткөрүлгөн сынакта экинчи айлампага чыккан үч талапкердин тең ысмын сунуш кылбайбы деп чыгышты. (Максүтов, Бакашева менен бирге ырчы Урмат Үсөнов да экинчи айлампага чыккан).

“Ар-намыс” фракция башчысынын талапкер тандоодогу “ойт бермелиги” буга чейин да белгилүү болчу. Айтсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын директору Эрлан Сапарбаевди кызматтан алып түшкөндөн кийин анын ордуна фракция сынак жарыялаган. Ушул жылдын 21-февралында өткөн сынакка 16 адам катышып, анын ичинен фракция Аскар Төрөбаевди добуш берүү менен тандап алган болчу. Бирок ал жолу да Кулов Төрөбаевдин талапкерлигин бекитүүнү өкмөткө сунуштабай, акыры унутта калтырган. Ошентип “Ар-намыстын” депутаттары өткөргөн ал сынак да фракция башчысына гана белгилүү себептерден улам жараксыз болуп, элди бир таң калтырган эле.

Эми Максүтовдун маселесине келсек, бардык демократиялык, моралдык-этикалык жана адамгерчилик принциптерди эске алганда премьер-министр Жоомарт Оторбаев жалгыз гана анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштоого милдеттүү. Эгер эле андай болбосо, Феликс Кулов чалган “аталага” премьер-министр да аралашып калчудай болуп турат. Ал эми “Ар-намыс” фракциясындагы башка депутаттар да “түзүлгөн кырдаал” боюнча калыс пикир билдирет деген ишенич бар.

Башкасын айтпаганда да, 120 депутаттын жүрүм-турумун тескеген Этика жана регламент комитетинин төрайымы, арнамысчы депутат Айнуру Алтыбаева бир нерсе деп айтаар. Ошондой эле маданиятты жакшы түшүнгөн, адабиятчы, акын, арнамысчы депутат Каныбек Иманалиевдин фракциясын жок дегенде бу сапар жаман сөздөн сактап калганга таасири жетсе керек. Эң башкысы карапайым эл, шайлоочулар, коомдун активдүү бөлүгү Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын ишмердигин көзөмөлгө алганга али кудуреттүү, жөн гана карап отуруп бере албайт деген үмүт чоң.

Баса, 29-сентябрда бир катар аттуу-баштуу акын-жазуучулар, адабиятчылар премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жана “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловго кайрылуу менен чыгышканы белгилүү болду. Анда алар Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин маданият министрлигине бекитпей турууга чакырышкан. Жазуучу-акындардын кайрылуусунда арнамысчы депутат Каныбек Иманалиевдин чыгармачыл ишмердиги да сынга алынып, Алтынбек Максүтовду ошол гана жалгыз сүрөп атканы жазылат.

Ошол эле кезде бир канча күн мурун театр ишмерлери, актёр-режиссерлер тескерисинче, өкмөт үйүнүн алдына чыгышып, Алтынбек Максүтовду министрликке тезинен бекитүүнү өкмөттөн суранышкан болчу. Кыскасы, Маданият министрлигине кандай гана жетекчи келбесин, “макул” гана болуп келген маданият ишмерлери бу сапар эки жээк болуп турушкан чагы. Муну алардын ойгонгону, кайра жаралуусу деп түшүнсөк болчудай окшойт.

P.S. "Өзгөчө пикир" рубрикасындагы автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG