Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Конституцияны өзгөртүү кайрадан талкууда


Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга колун коюп, ант берүүдө. 1-декабрь, 2011-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга колун коюп, ант берүүдө. 1-декабрь, 2011-жыл.

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады. Бийлик башчылары да бул маселени колдоп чыкты.

“Республика” жана “Ата Журт” партиясынын биргелешкен курултайында азыркы бийлик системасы иштебей жатканы айтылып, Башмыйзамды өзгөртүү маселесине дагы май тамызды.

Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүү демилгесин сентябрь айында адегенде “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов көтөрүп, анда мамлекеттин атын өзгөртүү сунушталган эле. Андан кийин “Ата Мекен” партиясынан бөлүнүп чыккан Карганбек Самаков 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө боюнча чекти алып салууну айтып чыкты. Өткөн жуманын соңунда президент Алмазбек Атамбаев сот системасынын реформасы үчүн конституциялык өзгөртүүгө барууну жактады.

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев сот системасы жетекчи органсыз калып, башаламандык болуп жатканын, ошондуктан Жогорку Сотто жетектөөчү орган-президиумду түзүү үчүн референдум жарыяланышы мүмкүндүгүн билдирген:

- Эгерде Конституцияда тиешелүү беренелерди чечмелөө ошондой мүмкүнчүлүк бербесе, анда президент ачык айтты, биз референдумга барып туруп, муну оңдошубуз керек. Себеби мааниси өтө зор. Бир эле сот системасы үчүн эмес, жалпы Кыргызстан үчүн мааниси зор.

Данияр Нарынбаев беш жылдын ичинде азыркы Конституция кемчилдиктерин көрсөткөнүн, аны өзгөртүү зарылдыгы бышып калганын белгилеген.

Азыркы Конституциянын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев Жогорку Сотто президиумдун зарылдыгы жок дейт:

- Жогорку Сотто президиум деген тепкичти киргизүүнү зарыл эмес деп эсептеймин. Президиум мурунку совет өлкөлөрүнүн азында эле бар. Ал эми бүткүл дүйнөдө андай тепкич жок. Кыргызстанда бул 2002-жылы жоюлган. Ошондо Данияр Нарынбаев муну чоң жетишкендик катары баалап, колдоп жүргөн. Бүгүн ага кайра каршы чыгууда...

Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртүүнүн жашыруун максаттары тууралуу суроолорго азырынча жооп бере албасын кошумчалады.

Ал эми оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров Конституцияны өзгөртүүнүн артында башка максаттар бар деп боолголойт:

- Ошол президиумду түзөбүз деген шылтоо менен башка бир нерселерди киргизиши мүмкүн. Мүмкүн президенттин ыйгарым-укуктарын кеңейтишер, же болбосо бир эле жолу алты жылга шайланат дегенди өзгөртөр. Кептин баары мына ушуларга байланыштуу нерсе болуш керек.

Президент Алмазбек Атамбаев референдум анын президенттик ыйгарым-укуктарын көбөйтүү үчүн эмес, сот системасын өзгөртүү үчүн гана керектигин айткан.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев Жогорку Соттун президиумун Конституцияга өзгөртүү киргизбей туруп эле түзүүгө болорун, бирок сот системасы деталдуу жазылып калган Конституциянын беренелерин өзгөртүү зарыл дейт:

- Конституцияга жөнөкөй эле норма киргизилип, сот мындай-мындай болот деп жазылып, анан калганы мыйзам аркылуу такталыш керек эле да. Азыркы Конституцияда болсо, алар деталдуу түрдө жазылып калган.

Шамарал Майчиев Конституциянын сотко тиешелүү бөлүгүн гана өзгөртүүнү жактарын кошумчалады.

Конституцияны өзгөртүү талкуусуна 20-октябрда болгон “Республика” жана “Ата Журт” партияларынын биригүү курултайында Өмүрбек Бабанов да май тамызды. Ал азыркы бийлик системасы жоопкерсиздикке алып келгенин, ошондуктан аны өзгөртүү керектигин белгиледи. Белгилүү болгондой бийлик системасын өзгөртүү үчүн Конституцияны өзгөртүү керек.

"Ата Журт" жана "Республика" партияларынын биргелешкен курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл
"Ата Журт" жана "Республика" партияларынын биргелешкен курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл

​Кыргызстанда бийлик системасын өзгөртүү, президенттин жеке басар бийлигин кыскартып, өкмөттүн колуна финансы жана экономиканы өткөрүп берүү маселеси Аскар Акаевдин бийлиги учурунда кызуу талкууланып, Курманбек Бакиевдин учурунда дагы актуалдуулугун жоготкон эмес, тескерисинче кайра күчөгөн. Мына ошол талкуулардын негизинде 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин азыркы Конституция жазылып, азыркы бийлик системасы түзүлгөн эле. Конституцияда өкмөттүн президенттен көз каранды болбошу үчүн теоретикалык шарт түзүлдү. Бирок иш жүзүндө президенттин дагы эле өкмөткө үстөмдүк кылганы айтылып келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG