Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Сынга кабылган Путин саммиттен эрте кетти


Путин "Чоң жыйырманын" саммитинде. Австралия.
Путин "Чоң жыйырманын" саммитинде. Австралия.

Орусиянын президенти Владимир Путин Австралияда өткөн “Чоң жыйырманын” саммитинин аягына чейин катышпастан учуп кетти.

Орус лидери бул иш чарада Украинанын чыгышындагы жаңжалдагы Москванын ролуна байланыштуу дүйнө лидерлеринин кескин сынына кабылды.

Австралиянын Брисбен шаарында өткөн саммиттин аягына чыкпай кетип жаткан Путин жекшемби күнү эртең менен маалымат жыйынын өткөрдү. Өзүнүн шашылыш кетип жаткан себебин президент Путин мындай деп түшүндүрдү: "Бул жактан Владивостокко чейин тогуз саат, ал жактан кайра Москвага жетиш үчүн ошончо эле убакыт талап кылынат. Анан мен үйгө жетишим керек, дүйшөмбүдө жумушка чыгууга туура келет. Анын алдында жок дегенде 5-6 саат уктап алууга татыктуумун го деп ойлойм. Мен Тониге (Австралиянын премьер-министри Тони Эббот) бул тууралуу айттым, ал түшүндү... Ошону менен мен бул жердеги миссиябызды жыйынтыктадык жана ал ийгиликтүү болду деп айта алам" , - деген Путин саммиттен алган таасирлери менен бөлүшүп жатып, иш чараны уюштургандар “Чоң жыйырма” үчүн жагымдуу жана иштөөгө ылайык маанай түзүп бергенин айтып, өз ыраазычылыгын билдирди.

"Чоң жыйырманын" саммити.
"Чоң жыйырманын" саммити.

Деген менен орус президенти бул саммитте Украинанын чыгышында орун алган жаңжалдагы Москванын ролуна байланыштуу дүйнө лидерлеринин кескин сынына кабылды. Путин журналисттерге сүйлөп жатып, Украинанын чыгышында орус армиясы жана оор артиллериясы бар деген кептерди дагы бир ирет четке какты. Кремлдин жетекчиси ал анын эч кандай тиешеси жок окуялар үчүн эле адилетсиз сынга туш болуп жатканын билдирди.

Бир күн мурда саммит алкагындагы жолугушуулар маалында Австралиянын, АКШнын жана Жапониянын лидерлери Орусияны Украинанын чыгышын дестабилдештирүүнү токтотууга чакырган.

Кырсыкка кабылган "Боинг" учагы.
Кырсыкка кабылган "Боинг" учагы.

Тони Эббот, Синдзо Абэ, Барак Обама Орусиянын Крымды аннексиялап алышына каршы пикирлерин айтышып, ушул жылдын июнь айында Украинанын чыгышында кырсыкка кабылган "Боинг 777" учагынын кыйрашына күнөөлүүлөрдү сот жазасына тартуу чечимин билдиришти.

Жайындагы бул каргаша боюнча бир катар Батыш өлкөлөрү учакты атып түшүргөн деп болжолдонуп жаткан "БУК" зениттик-ракеталык системасын орусиячыл козголоңчуларга Москва бергенин айтып, Орусияны айыптап келишет. Июнь айында кулаган малайзиялык учактын бортундагы 298 бейкүнөө адам көз жумган.

Кошмо Штаттардын лидери Барак Обама 15-ноябрда саммит жабылгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө эгер Путин эл аралык укукту жана Украинадагы жаңжалды токтотууга багытталган келишимдерди бузууну уланта берсе, Орусия эл аралык коомчулуктан обочолонуп калаарын эскертти.

- Учурда биз киргизген санкциялардын таасири күчтүү эле болууда. Ошентсе да, биз эгер керек болсо басымды дагы күчөтө алабыз. Биздин адистер тийиштүү механизимдердин үстүндө иштөөнү улантууда.

Европалык кеңештин башчысы Херман Ван Ромпей эгер Орусия өз армиясын Украинадан чыгарып кетпесе, Евробиримдиккке кирген өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери ноябрдын соңуна чейин чогулуп, Москвага каршы мындар аркы кадамдарды талкуулашарын билдирди.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон дагы эгер Москва Украинаны дестабилдештирүүнү токтотпосо, Орусияны жаңы санкциялар күтөөрүн эскертти: "Менин оюмча президент Путин көп жолдун кесилишинде турганын сезип турат. Бирок ал башка да жол бар экенин билет жана аны кабыл алса болот. Путин кечээ өзү мага айткандай, Украина бирдиктүү саясий аймак. Демек ал бирдиктүү саясий аймак башкалар тарабынан сыйлоого жана өз келечеги тууралуу чечимдерин кабыл алууга укуктуу экенин билет жана тааный алат” , - деген Кэмерондун сөзүнө Германиянын канцлери Ангела Меркел да кошулду.

“Чоң жыйырманы” жаап жатып, Австралиянын премьер-министри Тони Эббот саммит негизги максатына жеткенин айтып, дүйнө лидерлери бир катар экономикалык макулдашууларга келишкенин билдирди.

Премьер билдиргендей, эгер самитте келишилген чаралардын комплекси ишке ашса, беш жылдын ичинде дүйнөлүк экономика 2,1 пайызга көтөрүлөт.

Австралиянын Брисбен шаарында өткөн саммитте «Чоң жыйырманын» лидерлери материктин сомволу саналган коала менен сүрөткө түштү. 15-ноябрь, 2014 жыл.

XS
SM
MD
LG