Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Ошто кир жуугуч машине жасала баштады


"Жин Мей” заводу эки апта ичинде 500дөн ашык кир жуугуч машинелерин жасап чыгарды.
"Жин Мей” заводу эки апта ичинде 500дөн ашык кир жуугуч машинелерин жасап чыгарды.

Жакынкы айлардан баштап “Кыргызстанда жасалган” же Made in Kyrgyzstan деген жазуусу бар кир жуугуч машинелер базарда пайда болот.

Ошто кытайлык ишкерлер ачкан “Жин Мей” заводу ишке кирген эки апта ичинде эле 500дөн ашык кир жуугуч машинелерин жасап чыгарды. Завод толук кандуу ишке кирсе, кийинки жылдан баштап күнүнө 200дөн кир жуугуч аппарат даяр болот.

Өндүрүшчүлөр муздаткыч да чыгарууну пландап жатышат. Жергиликтүү бийлик бул завод кеминде 150 адамды жумуш менен камсыз кыларын айтууда.

Жаңы эле ачылган заводдун устасы Майрамбек Алимбек уулу кир жуугуч машине кантип кураларын үйрөнүптүр. Мындан эки ай мурда ал кадимки электрик болсо, кытай усталардын окуусу менен азыр заводдун инженери:

- Азыр жумушчулар өз жумуштарыбызды таап алдык. Биринчи моторун, зымдарын, электроникасын, кабын акырындан тизип жасап атабыз. Кир жуугуч машине негизги беш бөлүктөн турат. Алгач Кытайдан инженерлер келип, бизди окутуп кетишти. Учурда түзүк эле үйрөнүп калдык. Колдон келишинче жасап атабыз.

Оштун Туран кичи районунда жайгашкан “Жин-Мей” деп аталган бул заводдо “Авангард” кир жуугуч машинесинин дээрлик 70% жасалууда. Татаалыраак электроникасы жана моторлору Кытайдан алынып келинүүдө. Ишкананын эсепчиси Чыныбек Зулпукаров мындай деди:

- Азыр биздин завод ишке кирген эки апта ичинде эле 500дөн ашык кир жуугуч машине чыгарды. Завод толук кандуу ишке кирсе, кийинки жылдан тарта күнүнө 200дөн кир жуугуч аппаратты жасаса болот. Адистерибиз толук үйрөнүп бүтө электигинен планга жетпей жатабыз. Муздаткычтын эң негизги нерселери ушул жерден жасалууда. Корпусу, астыңкы жапкычы, кургаткычы, кыскасы көлөмдүү нерселерин ушул жерден куюп, калыпка келтирүүдөбүз. Мындан сырткары кутусун да өзүбүз жасайбыз. Кыргызстанда жок, же бизде жасаганга мүмкүн эмес тетиктерин, маселен моторун жана башка майда-чүйдөлөрүн Кытайдан алдырып, салып атабыз.

Жарым автомат үлгүсүндөгү бул кир жуугуч машине 85-90 доллардан сатылмакчы. Базарга чыкканда балким мындан бир аз кымбатыраак болуп калышы да мүмкүн. Товар негизинен Кыргызстандын ички рыногунан сырткары Өзбекстан менен Тажикстанга чыгарылмакчы. Кийинки жылдары Казакстан жана Орусияга да экспорттолот дейт заводдун аткаруучу директору Ванг Кай Жен.

- Кытайдан бул жакка ташып келүү чынында оорлой баштады. Мисалы, жол жаман, же узак болот да, товар кымбат болуп калат. Кийинки жылдардан кир жуугуч машиненин беш моделин чыгара баштайбыз. Анда дагы кененирээк мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Азыр бизде Made in China деген жазуу болсо, эми “Кыргызстанда жасалган” же, Made in Kyrgyzstan деп чыга баштайт. Бул статус менен Казакстан, Өзбекстан же Тажикстан өлкөлөрүнө экспорт кылуу биз үчүн арзаныраак түшөт. Жашырганда эмне, албетте биз инвестор катары көбүрөөк киреше тапкыбыз келет. Бирок мунун баары Кыргызстанга да чоң пайда алып келет деп ишенем. Биринчиден, заводдо жалаң кыргызстандыктар иштейт, экинчиден, биз бул жерге көп салык төлөйбүз.

Кыргыз-кытай биргелешкен бул ишканага кытай ишкерлери 5 млн. доллардай инвестиция салышкан. Алар базасын мындан да кеңейтип, кийинки жылдан тарта муздаткычтарды, көрсөтмө айнек үкөктөрдү (витрина) чыгаруу максатын көздөшүүдө. Азыр заводдо 50гө чукул адам иштеп жатса, толук иштеген мезгилде мында 200гө чейин жумуш оруну түзүлөт.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров бул саамалык Кыргызстан Бажы биримдигине кирердин алдындагы аракет экенин билдирет:

- Кытай дүйнөлүк экономиканы багындырган өлкө катары ушул жерде көрөгөчтүк кылып жатат. Кыргызстан Бажы биримдигине кирип атканы үчүн так ушул жерде завод ачууга алар кызыкдар. Анткени жаңы жылдан кийин биз Бажы биримдигине кирсек, алардын товары чек арадан кыйынчылык менен, же кымбат өтүп калат. Ал эми Кыргызстанда жасалган болсо, өлкөбүздө, же Казакстан, Орусияга да кенен экспорт кыла беришет. Натыйжада Кыргызстанга да, кытай ишкерлерине да пайда болуп жатат. Башкысы биз Ош шаарынын тургундарын жумуш менен камсыз кылууга шарт жаратып атабыз.

Кантсе да ишкана чыгарган товарлардын сапаты алдын ала текшерилсе дегендер да бар. Алардын бири - Ош шаарынын тургуну Самара Кедейбаева:

- Кытай товарлары сапатынын начардыгы менен Кыргызстанга гана эмес, бүт дүйнөгө таанылып калды. Ал эми Кыргызстан чыгарган товарларды Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө сапаттын белгиси катары кабыл алышат. Анткени биздин өлкөдө чынында бардык нерсени сапаттуу, стандартка туура келтиргидей жасашат. Ошол себептүү бул кир жуугуч машинелери Made in Kyrgyzstan болуп чыгып аткандан кийин, кытай ишкерлери буюмду да ошого жараша сапаттуу кылышса деген тилек. Ош шаардык бийликтери да ушул жагын көзөмөлдөшү керек. Бул жаңы ачылган заводду криминал менен рэкеттер баса калбаса экен деп да чочулайбыз.

Ошто мындан сырткары гипсокартон, пенопласт, арматура жана башка курулуш материалдарын чыгарган 12 кыргыз-кытай ишканасы бар.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG