Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Жең ичинен үй берүү дале күчүндө


Ош. Июнь коогасынан кийин курулган үйлөр.
Ош. Июнь коогасынан кийин курулган үйлөр.

Ошто июнь коогасынан кийин курулган үйлөрдү берүүдө чыккан чыр али да токтой элек. Мунун айынан атайын мамлекеттик комиссиянын соңку отуруму бүтпөй калды.

Комиссия мүчөлөрү да, үй алып аткандар да турак жайлар коогалаңда жабыр тарткандарга эмес, акча бергендерге бөлүштүрүлүп кеткенин айтышууда. Бийликтер болсо кимде ким үйдү мыйзамсыз алган болсо, алар кайрадан аныкталып, жазага тартылат деп ишендирүүдө.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы Ош шаарында 11 көп кабаттуу үй курган болсо, анда жалпысы 1400дөй батир болгон. Ушу күнгө чейин алардын дээрлик жарымынан көбү тиешелүү жарандарга бөлүштүрүлүп берилген.

Ош шаардык мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин өкүлү Кадыракун Жолдошбаев мындай деди:

- Бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы 772 жаранга үй берилген. Анын ичинен 120сы күч түзүмдөрүнө кызматтык батир катары, 45 батир көрүүсү жана угуусу начар жарандарга, андан калган 607 батир 2010-жылкы коогалаңдын жабырлануучуларына деп мамлекеттик комиссия тарабынан бөлүнүп берилген. Учурда биздин муниципалдык менчиктин балансына 349 батир алынды, дагы 271 батир баланска алынуу алдында турат. Жалпылап айтканда, 620 батирди мындан кийинки комиссиянын чечимине ылайык жарандарга таркатып беребиз.

Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири.
Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири.

Июнь окуясында жапа чеккендер үчүн курулган турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия 11-отурумунда калган үйлөрдү да бөлүштүрүү маселесин карады. Бирок буга чейинки берилген батирлер коогалаңда жабыр тарткандарга эмес, башка эле адамдарга өтүп кеткени комиссия мүчөлөрүн кыжырдантты.

Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова өзү эле бир нече фактылардын жүзүн ачты:

- Алмаматов Кайрат Талантбекович деген жигит биринчи жолу келип үч бөлмөлүү батир алган. Андан кийин Талантбек уулу Кайрат деп туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн оңдотуп келип, эки бөлмөлүү үй алган. Муну мен мурдагы жыйындарда эле көтөрүп чыктым эле, ушул мезгилге чейин бириң дагы келип, аныктап, тактаганга жараган жоксуңар. Ошол батирдин тагдыры эми эмне болот? Алмаматов документтерин Алай районунан оңдотуп келиптир. Ал тополоң учурунда Ошто эмес эле, Орусияда соода кылып жүргөн экен. Эмне үчүн ошол жаран, анын документтерин жасап берген кишилер жазага тартылбайт? Бул мендеги толтура фактылардын бирөө гана.

Мамлекеттик комиссиянын башка мүчөсү, бейөкмөтчү Авазхан Ормонова да алардын буга чейинки чечимдеринде каралган үйлөр ээсин таппай жатканына таң калды:

- Күйөөлөрү өлүп, батир алган келиндер кайната-кайненелери менен соттошуп атышат. Маркумдун балдарына берилип, бирок аны туугандары ээлеп алган фактылар да толтура. Биздин комиссия мурдагы отурумда бекиткен адамдар батир алган жок, ал үйлөргө башкалар кирип алыптыр. Бул эмне деген уят нерсе. Ушуну тактап, аныктап чыгаруу үчүн өкмөт, жергиликтүү бийлик кызыкдар болушу керек. Анткени ошолор жооптуу. Мына окуядан бери төрт жыл өтүп кетти, үй бөлүштүрүү кечеңдеп эле жатат. Ушунун баарын тактап, бетин ачуу керек, анткени эртең эл бизди, ушул комиссиянын мүчөлөрүн “үйдү силер бөлүштүргөнсүңөр” деп айыпташат.

Ошто өткөн жыйын. 2014.
Ошто өткөн жыйын. 2014.

Бийликтер да турак жайларды бөлүштүрүүдө мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын моюнга алды. Бирок анын баары эртедир-кечтир иликтенип, баа берилерине биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ишендирүүдө:

- Ар бир документти электен өткөрүп, кайра-кайра текшергенден кийин гана үй берип жатабыз. Бүгүн да 16-17 адамга гана батир бердик. Эмки отурумда калгандарын карайбыз. Комиссиянын ичинен да өзүнчө бир топ түздүк. Алар ар бир батирге кирип, ар бир кишини иликтеп чыгышат. Коррупцияга жол берилип же тааныш-билиштик менен батир алган кишилер болсо, алар өздөрү эле эмес, аларга уруксат берген, жалган документ жасаган кишилер да кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Буга чейин туура эмес тартипте берилген турак жайлардын 10 чактысына ички иштер бөлүмү, жети-сегизине прокуратура органдары кылмыш ишин козгогон. Эми бериле тургандардын тизмесинен 200гө жакыны документи мыйзамсыз деген шек менен иликтенип жатат.

Ага карабай үй алуу үчүн тизмеге жазылган “Ош шейиттери” коомунун мүчөлөрү комиссиянын чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Коогалаңда жабыр тарткандардын бири Гүлбарчын Жармаматова буларга токтолду:

- Документтерибизди көтөрүп алып, чуркаганыбызга төрт жыл болду. Бизге окшогон ок жеген, көзү-башы талкаланган, туугандары каза болгон адамдар үй албай эле, башка бир адамдар алып жатышат. Ушул күндө да коррупция жок дешет, коррупция бардык жерде, чындык жок. Жалаң акча бергендерге, таанышы барларга батир берилүүдө. Бул комиссия деле тизмелерди, үй берүүнү акыйкат караган жок. Үстүртөн эле карап, документтери толук текшерилбей эле кетип калып жатат. Биз азыр бул жерде комиссиянын чечимдери бүт жокко чыгарылып, кайрадан каралышын талап кылабыз.

Ушу маселелерден улам комиссиянын соңку 12-отуруму бүтпөй калды. Эми кийинки жыйында калган батирлерди мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, Баткен окуясынын катышуучуларына жана муктаж адамдарга берүү маселеси каралмакчы.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG