Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Нарын: электрдин жаңы баасына эл нааразы


Нааразы болгондор менен өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов чыгып жолукту. 17-декабрь.
Нааразы болгондор менен өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов чыгып жолукту. 17-декабрь.

Нарын шаарында электр энергиясынын жаңы тарифине каршы нааразылык акциясы өттү.

Көчөгө чыккандар быйыл кыш өзгөчө катуу болуп, үйлөрдү жылытууга эбегейсиз көп электр тогу короп жаткандыгын айтышып, тоолуу аймактарга жеңилдиктерди берүүнү өкмөттөн талап кылышты.

Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулган жүздөй киши электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча өкмөт чечимине нааразылык билдирип жатышты:

- Мына Нарында 40 градуска жеткен суук болуп жатат. Пенсиябыз 5 миң сом болсо аны светке төлөсөк эмне ачка өлөбүзбү. Негизги талабыбыз – светтин акысы мурдагы баа менен калсын. Азыр элдин баары жумушсуз. Болгон акчаны электрге төлөп койсок, жылаңач тентийбизби? Суунун баарын сатып жиберишип азыр бийлик элди кыйнап жатат. Министр, депутаттар келип маселени чечип беришсин. Алар жылуу кабинетке отуруп алып элдин жашоосун билишпейт, - деди шаар тургуну Бактыгүл Жумабаева.

Чогулган элдин көйгөйүн өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов угуп, жагдайды түшүнүүнү элден суранып, акцияга чыккандарга талаптары боюнча бийликке кайрылуу жолдоону сунуш кылды:

- Токтогул ГЭСинде суу жок. 2000-жылдары деле жумалап, айлап свети жок отурчу эмес белек, бир жыл чыдай тургулачы. Азыр өкмөт электрди 5 сом 65 тыйындан сырттан алып жатат. Элден 2 сом 5 тыйын алганы менен калганын өзү төлөйт. Түшүнүп койгулачы.

Өкмөттүн өкүлүнө чогулгандар жогорку бийликтен бирөө-жарым келип, беш күн ичинде маселебизди чечип берсин деген талапты койгондон кийин, тарап кетишти.

Синоптиктердин маалыматында, учурда Нарын жергесинде 30 градустан ашкан суук болуп жатат. Үйүнө көмүр жагып, ага кошумча электр мешин сайып жылыта албай жатканын айткан жергиликтүү эл сууктун чыныгы көрсөткүчүн жашырып атышат деп түкшүмөлдөшүүдө.

Жети баланын энеси Токжан Жүдөмүшова шаардын мектептеринин биринде пол жууп, 6 миң сомго жакын айлык алат. Күйөөсү иштебейт. Азыр ал жаккан энергиянын акысын кантип төлөйбүз деп жүрөкзаада болуп турган чагы:

- Мен бир эле жылыткыч колдоном. Бир жылыткыч менен эки бөлмөдө жашайбыз. Көп сайсам, көп акча чыгып кетеби деп корком. Кимге жалдырап бармак элем, мага жардам берип койчу деп. Азыр от да жагып атабыз. Ошондо да жылыбайт. Балдарды болсо оорутуп алдык. Грипп деген бат эле жугат экен. Биртике көмүр алдык эле, эми ал түгөнсө эмне кыларымды билбейм. 70 тыйын кезинде 500 сомдон төлөчүмүн, азыр 2 сом 5 тыйын кылса канча төлөйм деп башым маң.

Муздак аудитория, жер тепкилеген студенттер

Турак үйлөрдүн жылыбай жатышы менен Нарын шаарындагы студенттер окуу жайлар да муздак болуп жатканын айтышат. “Сабакта күрмөбүздү чечпей, бутубуз менен жер тепкилеп отурабыз” деди Нарын Мамлекеттик университетинин студенти Тамара.

- Аудиториябыз суук. Сабак бүткөнчө араң чыдап отурабыз. Калем кармаганга кээде колубуздун күчү жетпей калат. Айла жок сабакка келишибиз керек. Суук деп үйдө жатып алсак, университеттен айдап салат да.

Нарын облусунун өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азизов буга чейин облустук бийлик кышы катуу Нарын өрөөнүнө электр энергиясын пайдаланууга артыкчылык берүү сунушун өкмөткө бергенин, бирок ал колдоо таппай калганын айтты:

- Биз райондордун өкүлдөрү менен бирге талкуу кылганбыз. Талкуунун негизинде Энергетика министрлигине кышы катаал Нарын облусу үчүн электр энергиясына болгон чектөөнү айына 1000 кВт саатка чейин беришин суранып, тилекке каршы колдоо тапкан жокпуз.

Электр энергиясы менен кошо суук катуулаганы көмүргө да баа өсүп жатканы байкалат. Нарын бийлиги бааны 3 миң 500 сомдон ашырбайбыз дегени менен шаарда 4 миң сомдон ашык баага сатылып жатканы айтылууда. Ал эми Нарында кыш чыккыча ар бир үй-бүлө кеминде төрт тоннага жакын көмүр жагат. Бирок Нарын облусунун өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азизов мындай маалыматты четке кагууда:

- Элде мындай сөздөр болуп жатканда биз атайын жумушчу топ менен Нарын шаарындагы көмүр саткан кампаларды кыдырдык. Баа көтөрүлбөй эле турат. Ал эми ишкерлер өз алдынча алып келип жаткан көмүрлөр кабы менен сатылып жаткандыктан 4 миң сомго чыгат экен.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 11-декабрдан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөй баштады. Муну өкмөт электр энергиясы Казакстандан сатылып алынып жаткандыгы менен негиздөөдө.

Нарындагы суук. Ак-Талаа району. 15-декабрь.

XS
SM
MD
LG