Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Анапияевдин өлүмү боюнча президент үн катты


Алмамбет Анапияев
Алмамбет Анапияев

Президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл деп айтылып жүргөн Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевди күнөөлөдү. Аны өткөрүп берүүнү Минскиден талап кылды.

Ал арада Анапияевдин жанында жүрүп, анын өлтүрүлүшүнө күбө болгон, мындан улам жансоогалап Минскиден Бишкекке качып келди делген Гүлжигит Абилазизовдун милициядагы көрсөтмөсү көп суроолорду жаратууда.

26-февралда президент ​Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Алмамбет Анапиевдин өлтүрүлүшү боюнча атайын билдирүү жасады. Беларус бийлигинен өз мекенинде оор айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган, эл аралык издөөдө жүргөн ага-ини Бакиевдерди өткөрүп берүүнү талап кылган билдирүү менен чыкты.

Кайрылууда Минскидеги кандуу окуяга мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев менен анын жан-жөкөрлөрүнүн тиешеси бар деп ачык айтылат. Анда Бакиевдердин Минскидеги “криминалдык териштирүүлөрү” алардын жазага тартылбай турганына ишенгенинен жана алардын кандуу жолун улантып жатканынан кабар берет, бул кооптуу белги” деп көрсөтүлгөн.

Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Ошондой эле Атамбаев беларус бийлигин “Кыргызстанда “мыкаачы” катары кабыл алынган адамдарды колтугуна катып олтурат” деп айыптады жана аларды өткөрүп берүүгө чакырды.

Азырынча расмий Минск Атамбаевдин билдирүүсү боюнча үн ката элек.

Алмамбет Анапияевдин өлтүрүлүшүн Беларустун тергөө комитети иликтеп жатат. Буга чейин кылмышка тиешеси бар деген шек менен Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Айбек Абдразаков Минскиде кармалганы айтылган. Маалыматты кыргыз тартип коргоо органдары расмий тастыктай элек. Ошол эле кезде башка бир маалымат булактары ал кармалбагандыгын жазып чыгышты.

Беларустун Тергөө комитетинин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Кабакович азырынча камалган адамдар тууралуу расмий маалымат жоктугун “Азаттыкка” билдирди:

- Беларустун тергөөчүлөрү өлтүрүлгөн адамдын тек-жайын аныктоо жол-жобосун кылышты. Өлгөн адамдын туугандары да ал Алманбет Анапияев экенин тастыктады. Бирок муну менен эле тек-жайы толук аныкталды деп айтуу азыр эрте. Анын тек-жайын так аныктоо үчүн генотипоскопикалык экспертиза да дайындалган, азырынча мунун жыйынтыгы чыга элек. Өлгөн адамдын денесин туугандарына өткөрүп берүү тууралуу чечим экспертизанын жыйынтыгынан кийин гана кабыл алынат. Кылмыш иштин тергелиши боюнча, кимдир бирөөлөрдүн кармалганы тууралуу Тергөө комитеттен, ошондой эле башка өлкөлөрдүн тартип коргоо органдарынан бизге азыр маалымат түшө элек. Биздин тергөөчүлөр жана Ички иштер министрлиги маалымат каражаттарына жарыяланган бардык маалыматтарды текшерип жатат.

Жаныш Бакиев менен Рустам Сайдуллаев. Беларустагы “Чындыкты сүйлө” коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич тартып алган сүрөт. Минск,17-август, 2012-жыл
Жаныш Бакиев менен Рустам Сайдуллаев. Беларустагы “Чындыкты сүйлө” коомдук уюмунун мүчөсү Михаил Пашкевич тартып алган сүрөт. Минск,17-август, 2012-жыл

​Беларустагы Бириккен жарандык партиянын төрага орун басары Лев Марголин бул окуя беларус коомчулугунда бир топ резонанс жаратканына токтолду.

- Негизинен муну Кыргызстандын президенти өзү менен кошо ала келген адамдар кылды деген пикирлер басымдуу. Өзү да, анын жанындагылар да кылмыштуу иштерге аралашкан деген пикирлер арбын. Беларустагы демократиялык коомчулук Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүү керек деп эсептешет. Бирок биздин Лукашенконун ою башка да. Ал ириде өзүнүн келечегин ойлоп, Бакиевди коргоп, колдоп жаткан болушу мүмкүн. Көпчүлүк эксперттер Лукашенко Бакиевди баары бир өткөрүп бербейт деген пикирде. Ал эми Бакиевдерди бул же тигил жактан көргөндөр бар, андай маалыматтар маал-маалы менен пайда болуп калат. Алар Минскиден анча алыс эмес жерге бир хансарайды салып бүтүп, азыр эми экинчи хансарай салып жатышыптыр. Албетте мунун баары интернетте социалдык тармактарга жазылган, расмий эмес маалыматтар. Алар эми жашынган деле жок. Ачык эле жашап жатышат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 25-февралда Алмамбет Анапияевдин жанында болгон, аны өлтүргөн адамдарды көргөн деген Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсүн ачык жарыялап жиберди. Абилазизовдун адвокаты Кайрат Загибаевдин маалымдашынча, ал Анапияев өлтүрүлгөн түнү келген үч адамды тааныды:

- Абилазизов былтыр август айында Анапияевдин чакыруусу менен Беларуска барып 18-февралга чейин Минскиде анын ашпозчусу болуп иштеп жүргөн. 18-февралда Анапияев буга саат сегизде үч киши келерин, олуттуу сүйлөшүү болорун, ошондуктан сыртка чыгып турушу керегин айткан. Саат сегизде эшикке чыгып кетип жатканда үч киши алдынан чыккан. Анын бирөө Айбек Абдразаков, экинчиси Жаныш Бакиевдин жансакчысы Рустам Сайдуллаев, үчүнчүсү Жаныш Бакиев экенин таанып, көрсөтмө берди.

Гүлжигит Абилазизов
Гүлжигит Абилазизов

Анапияев Минскиде өлтүрүлдү деген кабар тарары менен эле буга анын жансакчысы делген Гүлжигит Абилазизовдун тиешеси бар деген жоромолдор айтылып жаткан. Кыргыз милициясы алгач Абилазизовду кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Азыр болсо аны башкы күбө катары катуу кайтарып жатат. Абилазизов көрсөтмөдө жанын коргоп, милицияга өзү келгенин билдирген:

- Мен эгер качпаганда Москвадан, же болбосо Бишкектен өлтүрүп коюшмак. Анан мен болгонун болгондой айтуу үчүн мени коргоп бергиле деп суранып, Ички иштер министрлигине келдим.

Бирок Абилазизовдун көрсөтмөсү да бир топ суроо жаратты. Социалдык түйүндөрдө Анапияевди мыкаачылык менен өлтүрдү делген адамдар эмнеге анын жанында болгон ашпозчусу Абилазизовду "унутта калтырышты", ал Минскиден кантип Бишкекке келди, адатта тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп жарыяланбай турган көрсөтмө эмнеге коомчулукка чыгып кетти деген суроолор кызуу талкууланып жатат. Ички иштер министрлиги болсо, 27-февралда маалымат жыйын өткөрүп, бардык суроого жооп берилет деп убада кылууда.

Ал арада кыргыз милицияларына эми Казакстандан доомат пайда болгону калды. Анткени Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кылмышкерди аныктоо үчүн Гүлжигит Абилазизовго Жаныш Бакиевди тааныр-тааныбасын сынап көрүү максатында ага түспөлдөш үч кишинин сүрөтүн көрсөткөн. Кийин белгилүү болгондой, алардын бири Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын сүрөтү экен. Казак министри бул боюнча юристтерге кайрылып, укуктук жагын териштиргени жатат.

XS
SM
MD
LG