Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Сот Келдибековдун ишин кыскартууну карайт


Акматбек Келдибеков сот залында. 2014-жыл. Ал азыр үй камагында
Акматбек Келдибеков сот залында. 2014-жыл. Ал азыр үй камагында

Келдибековдун адвокаты 3-мартта ал Социалдык фонддун төрагасы болуп иштеп турганда коррупцияга жол берген деген кылмыш ишти мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келтирди. Эми аны сот караганы жатат.

Депутат Акматбек Келдибековго кылмыш ишин козгогон Аида Салянова баш прокурорлуктан кетери менен анын чет өлкөдөн кайтып келиши, үй камагына калтырылышы, эми минтип ишин кыскартуу маселесинин көтөрүлүшү саясий соодалашуу тууралуу сөздөргө жем таштады.

Соттогу өтүнүчтүн төркүнү

Акматбек Келдибековго үч кылмыш иш козголгон. Биринчиси Социалдык фонддун төрагасы болуп турган маалга туура келет. Экинчиси Салык кызматынын жетекчиси, ал эми үчүнчүсү Жогорку Кеңештин спикери кезиндеги иштер болуп эсептелет.

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

Келдибековдун коомдук жактоочусу, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов ишти кыскартуу тууралуу сотко берилген өтүнүчтү мыйзамдуу деп атады:

- Тергөөнүн өндүрүшүндө болсо тергөө, соттун өндүрүшүндө болсо сот кыскартышы керек. Бул мыйзамдын талабы. Кечээ прокурорлордон ишти кыскартуу боюнча пикирин сураса, “Келдибеков күнөөсүн мойнуна алат бекен, же жокпу” деп сурап жатышат. Мыйзамда күнөөсүн мойнуна алса да, албаса да кыскартышы керек деп жазылган. Прокурорлор биз келтирген өтүнүч менен таанышуу үчүн бир жума убакыт сурашты. Негизи бул ошол процессте эле жарым саатпы, 1-2 саатпы, таанышып эле коё турган жагдай болчу. Бир жумага тыныгуу жарыялап салышты.

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго эң оор - коррупция боюнча айыпты дал ушул Социалдык фонддогу ишине байланыштуу койгон эле. 2013-жылы күзүндө Келдибеков камакка алынганда ошол кездеги баш прокурор Аида Салянова Келдибековдун ири коррупциялык айла-амалы ашкереленгенин, анын айынан миллиондогон сом чыгым келгенин айтып чыккан. Ага ылайык, Келдибеков өзү “Ротак-Бишкек” деген ишкана түзүп ири өлчөмдөгү акчаны кымырып алганы белгиленген:

- Бир эле “Ротак-Бишкек” деген ишкана боюнча Соцфондго 21 миллион сом зыян келтирилгенин айтып жатабыз. Келдибековдун өзүнө караштуу түзүлгөн “Ротак-Бишкек” компаниясы бул Соцфонддун каражатын пайдалануунун өтө чоң жана татаал коррупциялык схемасы болгон. Буга бир нече фирма жана көптөгөн мамлекеттик кызмат адамдары менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тартылган. Анын башында Келдибеков өзү жана анын жубайы Аида Токтоматова турган. Мына ушундай бири-бири менен байланышкан чынжырча аркылуу Соцфонддун акчасы тегеренип турган. Буга биз "коррупция" деген берене менен иш козгодук.

Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Башкы прокуратура Келдибеков Салык кызматын жетектеп турганда бир миллион сомдон ашык салык өлкө казынасына түшпөй калган деген айып таккан. Кийин парламенттин төрагасы болуп турганда Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачып, ага он миллион сомдун бөлүнүшү мыйзамсыз болгонун айткан. Келдибеков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Келдибековдун сотуна байланыштуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Биринчи кезекте бул сот, прокуратура жана бийлик үчүн чоң сыноо. Ушунун жыйынтыгынан негизинде коомчулук өзүнүн баасын берсе керек.

Бүгүн камакта, эртең кызматта

Келдибеков 2013-жылы күзүндө камакка алынган. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу сот үй камагына чыгарып, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Кыргызстанга өткөн айда, ага кылмыш иш козгогон Аида Салянова кызматтан кеткенден кийин кайтып келген жана сот аны үй камагына калтыруу тууралуу чечимин күчүндө калтырган.

Бул жагдай Келдибеков бийлик менен тымызын саясий соодалашууга барды, мындан улам аны актоо аракети башталды деген сөздөргө жем таштады. Талдоочу Бакыт Бакетаев бул сөздөрдүн жүйөсү бар жана Келдибеков келерки парламенттик шайлоого барышы ыктымал деп эсептейт:

- Саясий соодалашуунун пайдубалы бар. Биринчиден, мыйзамдарда Келдибековду актай турган беренелер бар. Эгер ошол беренелер колдоносо, Келдибеков акталып кетет. Экинчиден, Келдибековдун түштүктө көп партиялаштары, санаалаштары бар. Булар шайлоо маалында кырдаалды туруксуздаштырууга барышы мүмкүн. Ошондуктан кырдаалды жумшартуу жагы да каралып жатат окшойт. Салянованын кетиши өбөлгө болду. Ал келерки шайлоого катышып калышы, өтүп кетиши толук мүмкүн. Анткени мунун саясий потенциалы бар, ошон үчүн кайтып келди да.

Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

Мындай пикирге саясий серепчи Уран Ботобеков кошулбайт. Анын пикиринде, Келдибековго бийлик менен саясий соодалашууга баруу пайда деле алып келбейт:

- Мисалы, Кумтөр боюнча айыпталган аткаминерлердин деле иши кыскарып, жабылбадыбы. Ошон үчүн мыйзамдын бул жобосу Келдибековго да адилет колдонулушу керек. Экинчиден, шайлоо жакындаган сайын бийликке сатылган, бийликтин жетегинде калган саясий күчтөр элдин колдоосун жоготот. Ошондуктан Келдибеков бийлик менен саясий соодалашууга барбаганына ишенем. Себеби артында шайлоочулары турат. Алар өзүнүн саясий лидери мындай саткынчылыкка барышын каалабас эле.

Биринчи май райондук соту Акматбек Келдибековдун ишин кыскартуу тууралуу өтүнүчтү 10-мартта караганы жатат.

XS
SM
MD
LG