Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Ыйык сахнаны тойканага айланткандар


Сүрөт "Вечерний Бишкек" интернет сайтынан алынды
Сүрөт "Вечерний Бишкек" интернет сайтынан алынды

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү тууралуу маалымат театр ишмерлеринин нааразылыгын жаратууда.

Бишкек шаардык кеңеши бул жосунсуз жорукка жол бергендерди жоопко тартууну сурап, парламентке жана өкмөткө кайрылды. Ал эми интернет булактары экс-премьер-министрдин баласынын туулган күнүнүн урматына өткөн бул шаан-шөкөткө Шаардык кеңештин депутаттары, өкмөт башчынын жардамчыларынын бири баштаган мамлекеттик кызматкерлер катышканын жазып чыгышты.

Интернет булактарына тараган сүрөттөрдө Бишкектеги опера жана балет театрынын чоң сахнасында шапар тепкендер шам жагылып, дүйүм тамагы, арак-шарабы жайнаган дасторкондо отурганын көрүүгө болот. Cахна бурчундагы пианино да ойнолуп жаткандай. Айтор, көз алдыңа 18-19-кылымдагы орус ак сөөктөрүнүн салтанаттуу кечеси элестейт.

Театрдын сахнасындагы шаан-шөкөттөн бир көрүнүш
Театрдын сахнасындагы шаан-шөкөттөн бир көрүнүш

Айрым маалымат каражаттары турмуштагы көнүмүш эмес мындай үлпөткө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов катышканын маалымдашкан. Аманкулов уу-дууга айланган отуруштун Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан уюштурулбаганын, өзү ал жерде болбогонун билдирди:

- Мен өзүм интернеттен бул маалыматты көрүп алып таң калдым. Жеке мен ал жерде болгон эмесмин. Кечеге шаардык депутаттардын ичинен кимиси барганын да так айта албайм. Азыр сүрөттөрдү чоңойтуп карап жатам. Алардын арасынан бир дагы депутатты көргөн жокмун. Кечеде мага тааныш эмес бизден кичүү балдар отурат.

Анткен менен Аманкулов сахнадагы уюшмага Шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков жеке инсан катары катышканын четке каккан жок.

Сахнада өткөн туулган күн

Театр сахнасына уюшулган кечеге катышкан делген Жумабек Салымбеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок ал өзү социалдык түйүндөрдүн бирине маданияттуу инсан катары досунун туулган күнүнө барганын жазып чыкты. Шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков «Дордой» базарынын теңшерик кожоюну, Жогорку Кеңештин Социал- демократтар партиясынан депутат Мамытбай Салымбековдун уулу.

Опера-балет театрынын көрүүчүлөр залы. 2013-жыл.
Опера-балет театрынын көрүүчүлөр залы. 2013-жыл.

Бул тапта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчилиги чырлуу жагдайдан кантип чыгуунун аргасын издеп жаткан кези.

Театр директору Тимур Саламатов «Азаттыкка» бул кечеге эч кандай тиешеси жок экенин айтып, "орун басарым Ишенбек Мамбетов жооп берет" деп кутулду. Ал эми Ишенбек Мамбетов дасторкон жайгандар сүрөткө түшөлү деп эле суранышкан деп жооткотту:

- Алар жөн эле шаардыктар. Театрдын ичи менен таанышып, анан сүрөткө түшүп алалы дешкен. Аларга уруксат бергенбиз. Бирок кийин бир спектакль болуп калса жардам бересиңер дегем. Мен ошо бойдон кетип калгам. Анан кечинде айтышты, ушинтип сүрөткө түшкөндөн кийин отуруп кофе же тамак ичкен дештиби? Азыр мен аларды "атаңдын оозун урайындар" деп урушуп атам.

Анткен менен бир нече маалымат булактары болуп өткөн чакан той Ишенбек Мамбетов айткандай, карапайым шаардыктардын сүрөткө түшүп алалы деген суранычы болбогонун, бул жерде экс-өкмөт башчылардын биринин уулунун туулган күнү белгиленгенин жазып чыгышты.

Байбачаларга бардык жер базар

Бизге өз атын атагысы келбеген маданият кызматкерлеринин бири жогорудагы окуя Опера жана балет театрынын чоң залында өтүп жаткан биринчи кече эмес экенин, булар аталган театрга демөөрчү болуп жаткан байлардын балдары болорун, алар каалаган учурунда, каалаган жеринде майрамдай беришерин айтты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен «Азаттыкка» болуп өткөн чуулгандуу окуя боюнча чечкиндүү чара колдонуларын убада кылышты.

Бул аралыкта Бишкек шаардык кеңеши маданий жайларды тойканага айландырууга жол берген театр жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо сунушу менен парламентке жана өкмөткө кайрылуу жолдоду.

Убагында театрдын буп сахнасында атактуу бийчи, маркум Чолпонбек Базарбаев бийлеген.
Убагында театрдын буп сахнасында атактуу бийчи, маркум Чолпонбек Базарбаев бийлеген.

​Опера жана балет театрдын ырчысы Сталбек Алмасбеков бул тойкана эмес, ыйык сахна экендигин анда Чолпонбек Базарбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкыев сыяктуу залкар таланттар иштегенин айтып кейиди:

- Ошол көзү өткөн гений адамдардын сахнада калтырып кеткен издери бар. Маселен, азыр мен сахнага киргенде ошолордун үндөрү угулуп, элестери көз алдыга тартылат. Бул сахнага той өткөргөн ошол адамдардын түшүнбөстүгү болуп калды. Ыйык сахнада арак ичкенге болбойт. Туулган күн өткөрүп, арак иче турган ресторандар шаарда толуп атпайбы. Ошол жакка барышпайбы.

Улуттук, академиялык маданий очокко жасалган мындай мамилеге өнөр адамдары кыргыз маданиятынын тарыхын тепселеп, учурун, келечегин шылдыңдаганга тете иш деп баа беришүүдө.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG