Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Апта: Аласалган сом, конституциялык реформа


Узап бараткан жумада улуттук валюта сомго басым күчөп, Улуттук банк үч күн бою катары менен интервенцияга жасоого аргасыз болду.
Узап бараткан жумада улуттук валюта сомго басым күчөп, Улуттук банк үч күн бою катары менен интервенцияга жасоого аргасыз болду.

Узап бараткан жумада бийликте конституциялык реформага даярдык көрүлө баштаганы маалым болду. Өкмөт көмүр коррупциясынын учугу көмүрдү бир булактан сатып алууда экенин тастыктады.

Бийлик Конституцияны өзгөртүүгө багыт алды

Кыргызстанда кезектеги конституциялык реформа даярдалып жатканы маалым болду. Реформанын демилгечилери күзгү парламенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүнү сунушташууда. Бул ирет болчу өзгөртүүлөр бийлик системасын астын-үстүн кылган ыңкылапчыл реформага алып келбейт. Ал азыркы Конституциядагы айрым жерлерге тактыктарды киргизүү менен чектелет. Мына ошондой тактоолорду киргизүү азыркы системанын натыйжалуулугун көбөйтөт деп үмүт артылган. Чындыгында азыркы Конституция партиялык негиздеги парламенттик башкарууга ыктаган менен, андай системанын табиятын алсыраткан жагдайлары бар.

Маселен, шайлоодо жеңишке жетишип, өкмөт башына келген партия лидери депутаттык мандатын жоготот. Коалиция бузулуп, өкмөт башчылыктан кеткен учурда мандаттан да, башкадан да кол жууп, мамлекеттик чечимдер кабыл алынып жаткан саясий аренадан четтеп калат. Жаңы конституциялык реформада мына ошондой кемчиликти четтетүү каралган. Тактап айтканда, өкмөт башчылыкка келген адам депутаттык мандатын сактап калат. Өкмөт башчылыктан кокусунан кетип калган болсо, депутаттыгын улантып, фракциясын жетектеп, шайлоочуларынын ишенимин актаганга мүмкүнчүлүгү сакталат.

Дагы бир өзгөртүү фракцияларда тартипти жана партиялардын таасирин күчөтүүгө арналган. Ага ылайык, партиянын чечими менен фракциядан депутатты чыгаруу мүмкүнчүлүгү жаралат. Фракциядан чыгарылган депутат Конституцияга ылайык, депутаттык мандатынан дагы ажырайт. Ошондуктан сунушталып жаткан бул өзгөртүү партия лидерлеринин диктатурасын пайда кылат деген чочулоолорду жаратууда.

Өлкөнүн мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башчыда депутаттык мандаттын сакталышы бийлик системасынын натыйжалуулугун арттырат деп эсептейт. Ошол эле учурда президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүү жагын өтө абайлоо зарыл деген ойдо. Депутатты фракциядан чыгаруу укугун партияга берүү партиялык-парламенттик курулушту бекемдерин Шыкмаматов белгилейт:

- Биз парламенттик башкаруу формасына, партиялык курулушка өткөндөн кийин жарандар өздөрүнүн саясий позициясын саясий партиялар аркылуу билдирет да. Шайлоо аркылуу жана башка ыкмалар аркылуу. Ушул өңүттөн алганда партиялык тартипти орнотуудагы бул кадам колдоого аларлык. Ошол норманын жоктугунунан партиялык фракцияларды баш аламандык болуп атат.

Алмамбет Шыкмаматов Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизилүү боюнча талкууларга коомчулуктун кеңири катмары тартылыш керектигин кошумчалады.

Өлкөдөгү белгилүү юристтердин бири Мукар Чолпонбаев Конституцияга киргизиле турган анча-мынча өзгөртүүлөр натыйжа бербейт деп эсептейт. Ал өкмөт башчы бийликтен кеткен шартта жаңы шайлоо жарыялана турган жагдай түзүлүш керек дейт:

- Премьер-министрдин жоопкерлигин күчөтүш керек. Эгерде ал өкмөт башчы катары иштей албаса, анда өзүнүн коалициясы, фракциясы менен кошо парламенттен кетиш керек. Ошондой норма болмоюнча жоопкерчилик болбойт. Алар сунуштагандай, бир кетип, бир келип жүрө берген депутат-премьер-министр абалдан чыгуунун жолу эмес. Ошондуктан цивилдешкен мамлекеттердей эле парламенттик кайра шайлоо болуш керек.

Мукар Чолпонбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү боюнча долбоорлор коомдук жана саясий уюмдарда дагы бар экенин кошумчалады.

Кыргызстандагы дагы бир белгилүү юрист Кубатбек Байболов Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу референдумда кабыл алынган чечимге ылайык, Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн эки жолу референдум өткөрүлүш керектигин айтууда. Анын бири менен конституция 2020-жылдан кийин гана өзгөрөт деген чечим жокко чыгарылса, экинчиси менен жаңы өзгөртүүлөр кабыл алынат.

Өзгөртүүнүн жол-жоболору туура жасалган учурда гана Конституциянын легитимдүүлүгү жөнүндө суроолор токтоорун кошумчалаган Байболов реформа терең жана ар тараптуу болуш керектигин белгилейт:

- Кээ бир фрагменттерди өзгөртүү менен кырдаалды өзгөртүү мүмкүн эмес. Андай өзгөртүүлөрдү жасаган менен толук картина өзгөрбөй жатат го. Маселен, биз парламентаризмден баш тартпайбыз деп жаткандан кийин анда президенттин ыйгарым укугун минимумга кыскартып, классикалык парламенттик формага келишибиз керек.

Кубатбек Байболов Жогорку Соттун жетекчилигин президент жана парламент дайындоосу соттордун өз алдынчалыгын күчөтүү максатына каршы келерин кошумчалады.

Башкаруучу коалиция талкуулай баштаган долбоордо президенттин ыйгарым укуктарын бекемдеген кошумчалар бар. Маселен, президент жетектеген Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңеши деп кайра түзүү сунушталууда. Жогорку Соттун төрагасын жана орун басарларын президенттин сунушу менен парламенттин шайлоосу каралган. Азыркы жобо боюнча Жогорку Соттун жетекчилигин Жогорку Соттун судьялары өздөрүнүн ичинен шайлап алышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов сунушталып жаткан долбоордо Конституциялык палатаны алсыратуу жана сот арачыларын жоготуу каралып жатат деп сынга алды. Анын пикиринде, долбоордо прогрессивдүү жагдайлар жок.

Кандай болгон күндө да Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү демилгеси бийликтин өзүндө башталып, ал күзгү парламенттик шайлоо мезгилине бышары күтүлүүдө. Өзгөртүлгөн Конституция жана жаңы шайлоо бийлик системасынын натыйжалуулугун, жоопкерчилигин артырар-арттырбасын болсо мезгил аныктайт.

Оторбаев бир булактан көмүр сатып алууну айыптады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкек жылуулук борборуна, дегеле Кыргызстанга бир булактан көмүр сатып алуу коррупциянын булагы экенин 27-мартта өкмөт жыйынында моюнга алды. Ал жаңы жылытуу мезгилинде андайга жол бербеш үчүн бир нече булактан көмүр сатып алууну жактады.

Өткөн жылы Оторбаевдин өкмөтү бир булактан көмүр сатып алууга жол берген, тагыраак айтканда аны токтотууга дааган эмес. Натыйжада бир булактан көмүр сатып алуу мамлекеттин ондогон миллион сом зыян тартуусуна, башкы бийлик менен мурунку башкы прокурордун көмүр коррупциясындагы киреше үчүн кагылышуусуна алып келди.

Өкмөт башчы бир булактан көмүр сатып алуу коррупция экенин айткан менен ага жооптууларды атай алган жок. Бул дагы өкмөттүн алсыздыгын, реалдуу бийлик башка жакта экенин кабарлайт.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков быйылкы жылы өкмөттүн көмүр коррупциясына жол бербөө максаты ишенич жаратпайт дейт:

- Өзгөчө быйылкы жылы көмүр сатып алууну өкмөт таза жана конкурстук жол менен өткөрөт дегенге ишенич жок. Анткени акыркы жылдары көмүр боюнча көп чатактар чыгып келатат. Акыркы президент менен Салянованын чатагында Салянова мурда биз билбеген маалыматты сыртка чыгарып, “көмүргө менин күйөөм эмес, тескерисинче президенттин аралашкандыгы боюнча менде так маалыматтар бар” деп кыйытып айтып кетти.

Равшан Жээнбековдун айтымында, бийликтеги партияларга шайлоо жылы акча керек. Акчаны алар дайыма көмүрдөн, энергетика жана ири мамлекеттик компаниялардан алып жүрүшкөн. Ошондуктан бул жылы да ошол схемалар иштеши күтүлөт.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевдин 100 миң доллар пара менен кармалуусунун бир учугу да Аида Салянова менен президент Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсүнө барат. Анткени Арпачиев Аида Салянованын кадры болгон. Ошондуктан Арпачиевдин кармалышы менен Аида Салянованын кантип жана кимдер менен иштегени ашкере болууда. Равшан Жээнбековдун пикиринде, Кылычбек Арпачиевге кысым аркылуу Аида Саляновага компромат табууга аракет жасалышы мүмкүн.

Кылычбек Арпачиев
Кылычбек Арпачиев

Көмүр коррупциясы сөз болгон өкмөт жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев быйылкы жылы өлкө 1 млрд. 300 киловатт саатка чейин электр энергиясын сатып алышы керектигин билдирди. Токтогулда суунун көлөмү 6 млрд. 400 млн. кубометрге түшүп калганы ага негизги себеп болуп жатат. Өкмөт мына ушундай татаал абалга карабай энергетикалык кризиске жол берилбейт деген пикирди кайталоодо.

Энергетика тармагына аз болсо да дем бере турган Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу токтоп калганын бийлик моюндады. Маалыматка караганда, каржылоо булагы май айында табылып, ачылат. Белгилүү болгондой рублдин кунунун кескин кетүүсү Жогорку Нарын ГЭСтерин каржылоодо олуттуу маселени жараткан. Чакан жана орто төрт ГЭСтин курулушу үчүн Орусия каражат таппай жаткан мезгилде Камбар-Ата-1 сыяктуу ири долбоорго кантип каражат табат деген суроолор жаралууда. Энергетика жана өнөр жай министрлиги болсо Камбар-Ата-1 боюнча орус тараптан жооп боло электигин айтып, алакан жайып келатат.

Бирок Орусия менен кызматташууда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда алдыга жылуулар байкалып, келерки жумада фонддун бет ачары болору күтүлүүдө. Маалым болгондой, фондго Орусия 100 млн. доллар которгон. Фонддун кыргыз жана орус тараптан жетекчиликтери да дайындалган.

Узап бараткан жумада улуттук валюта сомго басым күчөп, Улуттук банк үч күн бою катары менен интервенцияга жасоого аргасыз болду. 24-мартта 8 млн. доллардан ашуун, 25-мартта 11.5 млн. долларга жакын, 26-мартта 7.5 млн. доллардан ашуун интервенция жасалды. Ошону менен жалпысынан март айынын ичинде Улуттук банк сомду кармоо үчүн 50 млн. доллардан ашуун интервенциялады. Мына ушундай аракеттердин натыйжасында гана 65 сомдон ашып бараткан доллар бир аз ооздукталып, ишемби күндөрү 64 сомго түшүп калды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG