Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Ырымчыл мугалимдин ишинен шектенген айыл


Диний ынанымынан улам куугунтукка кабылып жатканын айтып, чаткалдык Хайриниса Одинаева аттуу мугалим акыйкатчыга кайрылды.

Чаткал районунун Кара-Суу айылындагы мектепте тарбия завучу жана башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келген Хайриниса Одинаева акыйкатчыга даттанып, Бишкекке келди. Анын арызында эмгек укугу одоно бузулуп, ал диний ишенимининен улам кодуланып жатканы жазылган.

Одинаеванын айтымында, ал саламаттыгына байланыштуу “бабалар” деген сыйынуу ынанымына ылайык, адамдарды көрүп, табыпчылык менен алектене баштаган. Мына ошол ынанымына байланыштуу мугалимдик ишинен четтетилген Хайриниса Одинаева аны окуучуларды терс жакка үгүттөйт деген жалаа атайын уюштурулуп жатканын билдирди:

Хайриниса Одинаева
Хайриниса Одинаева

- “Сен кайсы бир диний агымга өтүп кеткенсиң, завучтукту өткөрүп бер, мугалимдикти тапшыр” деген талап коюлду. Мен аларга "бирөөгө жамандык кылбасам эмнеге кетишим керек" дедим. Мектепке сабакка келген сайын директор кысымга ала берди. Менин башка бир диний агымга өтүп кеткенимди далилдеп беришин өтүндүм. "Сен балдарды үгүттөп жатасың" деген куру доомат коюшту. Мен эмнеге үгүттөмөк элем? Анын бардыгын комиссия түзүп, ачык текшеришин талап кылгам. Эч кандай шылтоо таппай калганда Түркистанга зыяратка барганымды айтып чыгышты. Барсам ал менин жеке ыктыярым да. Болгону саламаттыгыма байланыштуу бабалар жолунда жүргөнүмдү айттым.

Кара-Суу айылындагы орто мектептин директору Айнура Тойчиеванын айтымында, мугалимдин ишин карап, аны иштен четтетүү демилгесин жергиликтүү ата-энелер көтөргөн. Айнура Тойчиева Одинаевага жергиликтүү жыйында же мугалимдикти, же табыпчылыкты тандоо талабы коюлганын билдирди:

- Ал эженин зыяратка барып келгенден кийин эле киши көрүп, үй тазалап, көз ачыктык кылганы элге жаккан жок. Өзү тарбия иштери боюнча завуч болсо, мына ушундай кылганы туурабы деген маселе коюлду. Биз ошол жыйында эки ишинин бирин ташташы керектигин айтканбыз. Ошондон улам келишпестик чыкты. Ага "көз ачыктыгыңды кыл же мугалимдикти танда" деген сунуш болгон.

Диний жамаат каршы чыкканда...

Жергиликтүү айыл башчысы Капар Исмаилов болсо айылдагы ата-энелер менен диний жамаат мугалимдин иш-аракетин айыптап чыкканын айтты. Исмаилов, ошондуктан, аны кызматынан убактылуу четтетүү чечими чыкканына токтолду:

Түркистан шаары. Казакстан
Түркистан шаары. Казакстан

- Буларда ордо деген түшүнүк бар экен. Алар түрк атага ишенет имиш. Негизги жайгашкан жери Казакстандын Түркистан деген шаарында экен. Анан биздин молдокелер "бардыгыбыз бир динде болгондон кийин буга окшогон нерселерди тыялы" деген маселени көтөрүшкөн. Ушуга окшогондор көбөйүп кетсе эмне болот деген жери бар да. Ал бирөөнүн үйүн айтып, "жүк түшүп калыптыр" деген сыяктуу нерселерди айта берип, көбүн чочуткан экен. Ошенте берсе ар кимде ар кандай ой калат да. Окуучулар ал эжеден коркот экен. Ошол жагын карагыла. Анткени балдарга да даават сыяктуу үгүт-насаат айтат экен деген сыяктуу сөздөр болгон. Анын кайра иштешине уруксат берсек эле эл каршы болуп жатпайбы.

Ошол эле кезде Одинаева ага курулай жалаа атайын уюштурулуп, мектеп директору менен айыл башчысы жергиликтүү жамаатты ага каршы тукурган деп эсептейт.

Акыйкатчынын орун басары Кожошев билим берүү министри Элвира Сариевага Одинаеванын арызын жеринен текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштаган кат жөнөттү. Анда адамды кайсы бир диний ынанымы үчүн кодулоого же кысымга алууга Баш мыйзам жол бербей турганы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG