Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Оторбаев өкмөт башчылыктан кетти


Жоомарт Оторбаев
Жоомарт Оторбаев

23-апрелде Жоомарт Оторбаев өкмөт башчылык кызматтан кетерин жарыялады. Бул күнү өкмөт башчы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди. Жогорку Кеңеш аны канааттандырарлык деп тапты.

Бороон алдындагы тынчтык...

Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетери тууралуу сөз 22-апрелде күчөп кеткен эле. Бирок 23-апрелде өкмөт башчы парламентте отчет бере баштаганда кызматтан кетүү же аны кетирүү маанайы байкалган эмес. Анткени Жоомарт Оторбаев өткөн жылдын көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берип, ал депутаттар тарабынан кадыресе кабыл алынып жатты. Ал эмес Жогорку Кеңеш өкмөттүн өткөн жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Бирок мына ошондон кийин Жоомарт Оторбаев кызматтан кетерин жарыялады:

- Менин оюмча, азыркы убакта бийликтин аткаруу бутагын дагы бир жолу силкүү керек. Мына ушул ойдон улам, мен бүгүн Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы кызматынан кетүүнү чечтим. Мен кызматтан кетеримди жарыялайм.

Жоомарт Оторбаев парламентте
Жоомарт Оторбаев парламентте

Айрым депутаттар Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетүүсүнүн себебин тактоого аракет жасашты. Бирок эч кимден ага ачык жооп болгон жок.

Бул маселеге Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков тактык киргизди:

- Тилекке каршы, чечилиши эң зарыл болгон Кумтөрдү эки жылдан бери, сизден мурун Сатыбалдиев да, сиз да чыгара албай койдуңуз. Ачык айтыш керек, сиздин кызматтан кетишиңиздин бирден бир себеби ошол. Аны ачык айтышыбыз керек.

23-апрелде Оторбаевге парламентте катуу чабуул коюлган жок. Бул Оторбаев өз эрки менен кызматтан кетүүнү, парламентте анын ишине канааттандырарлык деген баа берилиши менен соодалашып алды дегенди тастыктап турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова өкмөт башчыга толук кандуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбегенин белгиледи:

Бөдөш Мамырова
Бөдөш Мамырова

- Сиз өзүңүздүн командаңыз менен иштей алган жоксуз. Ага Жогорку Кеңеш, фракциялар дагы күнөөлүү. Анткени ар бир фракция өзүнүн министрлерин, жетекчилерин сунуштады.

Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетүүсү менен жалпы өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет. Эми аны президент кабыл алыш керек. Андан кийин Башкаруучу коалиция жаңы өкмөт башчынын шайлап, аны менен кошо өкмөттү куроого тийиш. Жогорку Кенеште айтылган сөздөргө караганда, азыркы өкмөттүн курамы негизинен сакталып калат.

Өкмөт башына кимдин келери тууралуу так маалыматтар жок. Талапкерлердин катарында Валерий Диль, Темир Сариевдин ысымдары аталууда. Кандай болгон күндө да жаңы өкмөт күзгү парламенттик шайлоого чейин гана иштейт. Анткени жаңы Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү шайлайт.

Оторбаев өз эрки менен кеттиби?

Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетүүсү өз эрки менен болбогону байкалып турат. Анткени ал аз күн мурун эле Кумтөр боюнча "Оракл капитал групптун" өкүлдөрү менен “Центерранын” жетекчилигин алмаштырууга белсенип киришип, ага убакытты гана талап кылып жаткан.

Ян Аткинсон
Ян Аткинсон

Бирок “Центерранын” азыркы башчысы Ян Аткинсон Кыргызстанда анын таасири абдан күчтүү экенин эскерткендей эле, ал чындыгында эле өтө күчтүү болуп чыкты. Мунун баары жакынкы өткөн күндөрү президент Алмазбек Атамбаев Жоомарт Оторбаевди кабыл алып, кызматты бошотуп коюусун талап кылганы тууралуу сөздөрдү да тастыктап турат.

Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетүүсү менен "Оракл капитал групптун" бул күндөрү Кыргызстанда жүргөн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр кандай болору жана эмне менен аяктары белгисиз. Бул компаниянын өкүлдөрү аларды колдогон “Центеррадагы” миноритардык акционерлер менен Кыргызстандын 33% үлүшүн кошуп, анын негизинде “Центеррада” 51% акцияга ээ болууну, мына ошону менен компаниядагы башкармалыкты колго алууну көздөп жаткан.

Өкмөт башчынын отчетундагы айрым сандар

Өкмөт башчынын отчетунда 2014-жылы ички дүң продукция 3.7% өскөнүн, бирок инфляция 10.5% жетип кеткени белгиленди. Пенсиялардын орточо өлчөмү 4 миң 600 сом деген Оторбаев сомдун девальвациясы жакырчылыкты өстүрүп жибергенин моюнга алды. Өткөн жылдагы эң маанилүү экономикалык окуя катары Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу аталды.

Энергетика тармагындагы абалга токтолгон Жоомарт Оторбаев, негизги жетишкендик катары кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөр болбогонун, калк жылуулук жана жарык менен камсыз болгонун атады.

Оторбаев өкмөт башчылыктан кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Инвестиция 2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу кыскарып кеткен. Анын себебин Жоомарт Оторбаев дүйнөлүк экономикалык кризис, Орусия жана Казакстандагы абал менен байланыштырды.

Жоомарт Оторбаев конституциялык реформаны колдоого аларын билдирди. Конституциялык реформаны Башкаруучу коалиция жана президенттик аппарат даярдап жатканы маалым. Конституциялык реформа боюнча референдум күзүндө парламенттик шайлоо менен бирге өткөрүлүшү күтүлүүдө.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт былтыр апрелде дайындалган. Ал өкмөт башчылыкка "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана социал-демократтар фракциялары тарабынан сунушталган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG