Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Непал: зилзаладан өлгөндөр эки миңге чамалады


Катманду, Непал. 25-апрель, 2015-жыл
Катманду, Непал. 25-апрель, 2015-жыл

Непал өкмөтү борбор калаа Катманду шаарына жакын аймакта катталган зилзаладан 1900дөн ашык адам өлгөнүн, 4700 киши жараат алганын билдирди.

Жүздөгөн үйлөр кыйрап, 19-кылымда курулган Дхарахара мунарасы да кулап түштү.

Жер силкинүү Индиянын түндүгүндө жашаган 36 адамдын, Тибеттин 12 жаранынын, Бангладештин төрт тургунунун да өмүрүн алды.

Непалдагы 29 район жабыркап, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Он миңдеген адамдар түндү ачык асман алдында өткөрдү. Жапа чеккендерге тик учак аркылуу гуманитардык жардам жеткирилүүдө.

БУУнун адистери Катманду шаарындагы ооруканалар бейтаптарга толгонун билдирди.

Каза тапкандардын көпчүлүгү борбор калаанын тургундары.

Кыйраган имараттар. Непал, 25-апрель, 2015-жыл.
Кыйраган имараттар. Непал, 25-апрель, 2015-жыл.

АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү 25-апрель күнү түшкө жуук Катмандудан 80 чакырымдай алыстыкта болду. 15 чакырым тереңдиктеги силкинүү Индия, Тибет, Бангладеш жана Пакистанда да байкалды.

Майда силкинүүлөр өлкөнүн башка аймактарында да болуп жатканы кабарланууда.

Кулап түшкөн Дхарахара мунарасы ЮНЕСКОнун тарыхый маданий мурастар тизмесине кирген эле.

Зилзаладан жабыркагандар. Непал, 25-апрель, 2015-жыл.
Зилзаладан жабыркагандар. Непал, 25-апрель, 2015-жыл.

Кырсыктан улам Эверест чокусунда көчкү жүрүп, сегиз адам мерт кетти. Маалыматка ылайык, кар көчкү альпинисттер лагерин басып калган. Катманду аэропорту убактылуу ишин токтотту. Байланыш жана электр узатуу кызматында кыйынчылыктар болууда.

Адистер бул зилзала 1906-жылы Сан-Францискодо болгон силкинүүнүнүн магнитудасына барабар экенин, ал эми 2010-жылы Гаитиде катталган 7.0 баллдык зилзаладан 16 эсе жогору экенин белгилешүүдө.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Непал бийлигине 25-апрелдеги зилзалага байланыштуу көңүл айтып, атайын кат жолдоду.

“Абдан чоң жоготууга учурап, көптөгөн адамдардан айрылып отурасыңар. Непалдын тарыхый, маданий мурастары да катуу жабыркады. Силерге терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза кайгыңарды тең бөлүшөм. БУУнун гуманитардык кызматкерлери урандылардын алдынан издөө иштерине катышып, сиздерге мүмкүн болгон жардамын көрсөтөт”, - деп жазат Пан Ги Мун.

Ал арада Непалда экинчи ирет жогорку баллдагы жер силкинүү катталды.

Бүгүн, 26-апрелде Непалда күчү 6,7 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү болду. Анын очогу Катманду шаарынын түндүк-чыгышында, Кытай чек арасына жакын аймакта болгонун АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG