Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Камчыбек Ташиевдин “саясий жолу" ачылды


Камчыбек Ташиев камалганда анын тарапкерлери бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн
Камчыбек Ташиев камалганда анын тарапкерлери бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин соттолгону жоюлду.

Жалал-Абад шаардык соту 30-апрелде соттолгонун мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу боюнча Ташиевдин арызын канааттандырды. Эми ал күздөгү парламенттик шайлоого катыша алат жана саясий кызматтарга дайындалса болот.

Ал арада Ташиев менен бирге соттолгон мурунку фракциялашы Садыр Жапаров да ушундай эле арыз менен сотко кайрылганы жатат.

“Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиевдин билдиришинче, Камчыбек Ташиев өткөн айдын ортосунда катталган жери боюнча Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылган:

- Сот баарын карап, мыйзамга каршы келбеген жагдайларды көрүп, соттолгондон кийин мыйзам бузуу болбогонун эске алып, кечээ соттолгондугун жоюу тууралуу чечим чыгарды. Бул Ташиевге кийинки шайлоолорго катышканга толук мүмкүндүк берет. Андан сырткары саясий кызматтарга, мисалы, министр, вице-премьер-министр, премьер болуп дайындала алат. Ал эми административдик кызматтарга бара албайт экен.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл

2012-жылы күзүндө Бишкекте Кумтөр боюнча нааразылык акциядан кийин Камчыбек Ташиев менен кошо анын фракциялаштары Садыр Жапаров менен Талант Мамытов да камакка алынган. Анда Ташиев жоон топ адам менен Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн болчу.

Камакка алынгандарга мамлекеттик түзүлүштү кулатууга аракет кылган деген айып тагылган жана атайын кызматтын тергөө абагында сегиз айдан ашуун отурган. Иш Жогорку Сотко чейин жеткен жана 2013-жылы августта “атажуртчу” депутаттар 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок тергөө абагында отурганда жаза мөөнөтү өтөлүп бүттү деп эсептелип эркиндикке чыгарылган.

Бийлик кысымга алып жатат деген жүйө менен ушул тушта чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Садыр Жапаров да соттолгонун жоюу боюнча арыз менен кайрыларын “Азаттыкка” билдирди:

- Үчөөбүзгө бир эле кылмыш иши козголгон. Бир өкүм чыккан, бир токтом болгон. Соттолгондугубузду жоюу боюнча үчөөбүз бир эле арыз берсек жакшы болмок. Бирок мен Ташиевдин соттолгондугу жоюлганына сүйүнүп отурам. Менин Бишкектеги адвокатым да ушундай арыз менен сотко кайрылат. Соттолгон деген макамы алынса, ким болбосун саясатка аралашканга укугу бар. Кылмыш иштин саясий өңүтү болгон. Бийликтин мындан ары саясатка аралаштырбоо аракети болгон. Албетте Ак үйдүн темир торунан секирбеш керек болчу. Секирген жагынан Ташиевдин күнөөсү бар, бирок ал камакка алгыдай деңгээлде эмес болчу. Эгерде Ак үйдүн торунан секирди деп соттоло турган болсо, анда азыркы бийликте отургандардын баарын соттош керек болот. Анткени алар 2010-жылы Ак үйдү курал менен басып алган.

Марат Кайыпов
Марат Кайыпов

Мурунку юстиция министри Марат Кайыпов Ташиевдердин иши боюнча Башкы прокуратураны айыптап жатат. Анын пикиринде, депутаттарды парламенттин макулдугу жок камакка алуу максатында оор айыптар коюлган, бирок алар сотто жеңил жаза менен кутулган:

- Баш мыйзамда "Жогорку Кеңештин депутаты өтө оор кылмыш жасаса, парламенттин макулдугу жок камакка алынат" деп жазылган. Башкы прокурор Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду ушул жобого такап камакка алган. Бирок соттой келгенде алардын кылмыштары оор эмес болуп калды. Бул боюнча башкы прокурор жооп бериши керек. Мындай прецедентти жөн коюуга болбойт. Муну токтотуу керек. Болбосо Кыргызстанда тартип болбойт. Экинчиден, кылмыш жеңил болуп калгандан кийин соттолгонун жоюу да жеңил болуп калат. Эми Ташиев саясатка толук аралашса болот. Мисалы, Түркияда да убагында Эрдоган камакка алынган. Кийин ал соттолгонун жойдуруп депутат болду. Андан кийин премьер-министр кызматын ээлеп, эми президент болуп отурат.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, 10-январь, 2013-жыл
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, 10-январь, 2013-жыл

Оппозицияда жүргөн Камчыбек Ташиев бошотулгандан кийин мурдагыдай бийликти ачык сындабай калган. Былтыр жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде азыркы бийлик менен кызматташууга милдеттүү экенин айткан. Атүгүл кетирген катасы үчүн өлкө жетекчилеринен кечирим да сурап жиберген. Айрым талдоочулар анын мындай аракетин анын соттолгонун жойдуруу ниет-максаты менен түшүндүрүшкөн.

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев да Ташиев бийлик менен сүйлөшүүгө барды жана бул туура болду деп эсептейт:

- Саясатта соодалашуу болот. Экинчиден, саясатта ар кандай нерсе боло берет. Ташиев коррупция боюнча айыпталган жок. Эл үчүн, мекенчил сезим менен Ак үйдүн торунан ашып кетти. Саясатта ар кандай ыкма болот. Бул туура эмес ыкма болуп калды. Бирок күнөөсүн өзү деле мойнуна алып жатат. Эгер бийлик менен сүйлөшүүлөр болсо, мен аны туура деп эсептейм. Ташиевдей саясатчылар күнөөсүн мойнуна алса, ката кетиргенин сезсе, анда кечириш керек.

Камчыбек Ташиев былтыр күзүндө саясатка кайтып келген. Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен бириккенин жарыялап, “Республика Ата-Журт” партиясын түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG