Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Баткен: чек ара чыры алмашуу менен эле бүтөбү?


Баткен, чек арачы
Баткен, чек арачы

2-майда Кыргызстан менен Тажикстан эки тарапта кармалып турган жарандарын алмашты.

Бирок 1-майда Баткен облустук акимчилигинин алдына чогулган Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушууда облустук күч кызматтарынын өкүлдөрү кармалган тажик жарандарына кылмыш иши козголот деп убада кылышкан эле.

30-апрелде Баткендин Кара-Бак аймагында тажик тарап эки кыргызстандыкты кармап, ичкери алып кирип кеткен. Ошол эле учурда окуя болгон жерден жети тажикстандыкты кыргыз чек арачылары кармаган болчу.

Баткендеги чек арадагы жаңжалдуу окуя тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева буларга токтолду:

- Тогуз тажик жараны Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип, кыргызстандыктардан 180 кг сымапты мыйзамсыз сатып алганга аракет кылышкан. Кыргыз чек арачыларын көрүп калып, экөө кыргызстандык эки жаранды жана сымапты кошо алып, Тажикстанга кирип кетишкен. Кармалган тажикстандыктардын үчөө Тажикстандын президентинин алдындагы Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын офицерлери болуп чыгышкан.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Баткендеги бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Чек ара кызматы ушуну менен миссиясы бүткөнүн айтат.

Ал эми УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов кармалгандар боюнча атайын кызматта укуктук чечим кабыл алынбаганын билдирди:

- Эми бизде андай кармалып тургандар көп да. Милициялар деле кармалып тура турсун деп берип коет, кармап, кайра беребиз. Эгер кылмыш ишин өткөрүп берсе, анда биз карамакпыз.

Ошентип, 2-майда эки тарап барымтадагыларды алмашты. Тагырагы, тажик тарап кармап кеткен эки кыргызстандыкка тажикстандын жети жараны алмашылган. Тажикстандык жети жарандын ичинде Кыргызстандын аймагына куралчан кирип келген тажик офицерлери да бар. Тажик тарап кармап кеткен эки кыргыз жаранын аткезчилик боюнча айыпташкан эле.

Кармалган тажикстандык офицерлер аймакта атайын операция жүргүзүп жатабыз деген жүйөнү айтышкан. Ошол эле учурда тажик тарап алардын офицерлери Баткенге куралчан кирип кеткенин моюнга алышкан. Ошондой эле алар алып кеткен сымап да Кыргызстанга кайтарылып берилген.

Чек ара маселелерин иликтеп жүргөн жергиликтүү эксперт, Баткен районунун мурдагы акими Хаитали Айкынов ачык фактыларга, кыргыз жарандарынын укуктары тебеленгенине карабастан, бийлик тиешелүү чара көргөн жок деп сындады:

- Бул кыргыз бийлигинин алсыздыгы. Биздин чек арага куралчан кирип, кууп жүрүп жарандарыбызды кармап кете беришеби? Бул биринчи жолу эмес. Мамлекет катары биз үчүн уят иш бул. Аларга Кыргызстандын аймагына кирип кыргызстандыктарды уурдап кеткендиги, куралчан кирип келүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуш керек эле.

Айкынов мындай окуялар чек арада көп болорун, мыйзамсыз аракетке укуктук баа берилбесе, чек ара тилкелери такталбаса, уруш, жаңжал менен кармап кетүү, барымтага алуу сыяктуу көрүнүштөр токтобосун эскертүүдө.

Эки өлкө ортосундагы такталбаган чек ара тилкеси 400 чакырымдай деп маалымдалат. Тараптар бир нече ирет жолугушканы менен талашка чекит коюла элек. Бул арада өкмөттү жаңыдан жетектей баштаган Темир Сариев чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурабыз деп ишендирүүдө.

Тажик күч кызматкерлери кармап кеткен айылдын эки тургунунун бошотулушун талап кылган Кара-Бак айылынын тургундары. 1-май, 2015-жыл

XS
SM
MD
LG