Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Ош: Мырзакматовдун бир тууганы камалды


Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири
Оштогу жаңы курулган үйлөрдүн бири

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун бир тууганы Кеңеш Мырзакматов шылуундукка шектелип кармалды. Аны менен кошо дагы үч киши эки айга камакка алынды.

Алар июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдү тиешеси жок адамдарга “алып берем” деп адамдардан 140 миң доллардай акча алганы айтылууда. Милиция да бул маалыматтарды тастыктады.

Ош шаарынын тургуну Назгүл Арстанбекова үй алам деп, акчасын Кеңеш Мырзакматовго алдырып жибергендердин бири. Мырзакматовдор ага июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган үйдөн бир бөлмөлүү батир алып беришмекчи болушкан экен. Бирок ал же үйдөн, же акчадан жок калганда милицияга арыз жазган. Ал иш толук иликтенерине ишенбегендиктен, минтип коомчулукка ачык жарыялоого аргасыз болуп турат:

- 2011-жылы Эрнис Тилекеев деген бала “мен мэрияда иштейм, Кеңеш жана Мелис Мырзакматовдордун үкөсү болом, кааласаң сага үй алып берем” деген. Анан мен башында ишенген эмесмин. “Мелис мэр болуп дүркүрөп атабыз, мен бардык маселени чечип берем” деп мага тынбай айта беришкенинен, акыры алданып калыпмын. Кийин 20 миң долларды Эрнис Тилекеевдин колуна бергем, ал ошол Кеңеш Мырзакматовдор менен чогуу иштешет экен. Мага үйдү ошолор алып беришмек. Бирок мени алдап кетишкенин кийин түшүндүм. Акчасын берип алып, үй ала албай жүргөндөр ар жерден чыга баштагандан кийин мен аларга барып акчамды бергиле десем, “каалаганыңды кылып ал” деп коюшту.

Июнь окуясынан кийин курулган үйлөрдүн бири
Июнь окуясынан кийин курулган үйлөрдүн бири

Ошо кезде Арстанбекова өзүнөн сырткары сиңдисине да батир алмакчы болгон экен:

- Жашырганда не, үй жок жүргөндөн улам мен кандай жол менен болсо да батир алууга кызыкдар болуп жүргөм. Анан Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча Ошто үйлөр курулуп, ал коогадан жабыр тарткандарга бериле баштаган. Анан Кеңеш Мырзакматовдор мага ошол үйлөрдөн батир алып бермекчи болушкан. Мени ошол 2010-жылкы окуяда жабыр тарткан деп документ жасатып, үй алчулардын тизмесине жаздырышкан. Алар калаанын Ош районундагы “Каныкей” ресторанынын жанында түшкөн көп кабаттуу жаңы үйлөрдүн биринен мага, анан сиңдиме эки батир алып беришмек. Алтургай мени ошол батирлердин бирине алып кирип, “бул үй сеники болот, батирлерге эч ким кире элек, эл киргенде сен да киресиң” деп кетишкен. Анан эле ошо боюнча үй да жок, батир да жок олтуруп калдым.

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов ортодо. 15-январь, 2015-жыл
Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов ортодо. 15-январь, 2015-жыл

Назгүл Арстанбековага окшоп батир алам деп акчасын алдатып жиберип, милицияга арыз жазгандар ондон ашык. Алардын баары экс-мэрдин бир тууганы Кеңеш Мырзакматовдун өзүнө же анын жакындары Кубаныч, Бакыт жана Эрнис аттуу адамдарга акчаларын беришкен экен. Жабырлануучулар аларга кеминде 3 миң долларга, эң көбү 25 миң долларга алданышкан. Бул окуянын баары Мелис Мырзакматов Ошто мэр болуп турган учурда орун алган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, айыптуулар кармалган. Ош шаардык жана областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө бул иштерге шектүү катары 5 адам такталды. Алардын төртөө кармалып, бирөө издөөдө жүрөт. Кармалгандардын арасында мурдагы мэрдин бир тууганы Кеңеш Мырзакматов да бар. Алар бир нече адамдарды алдап, үй алып беребиз деп акчасын алып, үйүн да бербей, акчасын да бербей качып жүрүшкөн. Алдын ала тергөөдө билингендей, алар 132 миң АКШ доллары жана бир миллиондон ашуун кыргыз сомуна зыян келтиргени аныкталды. Бул сумма дагы көбөйүшү мүмкүн, себеби арыздануучулар дагы чыгышы ыктымал. Бул топ “Ооганчылардын коому” деп түзүп, документтердин баарын ошол аркылуу жүргүзүп, адамдардын ишеничине киришкен. Кармалгандар чогулган акчанын баарын экс-мэрдин тууганы Кеңеш Мырзакматов алганы боюнча көрсөтмө берип жатышат. Кармалган төрт адам тең шаардык соттун чечими менен эки айга камалды.

Экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жана Кеңеш Мырзакматовдун туугандары болсо бул иш боюнча комментарий беришкен жок. “Улуттар биримдиги” партиясынын штабы жана алардын Ош шаардык кеңешиндеги депутаттары да бул айыптоолор тууралуу ооз ачуудан баш тартышты. Кантсе да алар муну саясий куугунтук катары жоромолдошууда. Серепчи Төлөгөн Келдибаев болсо муну башкача мүнөздөйт:

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

- Кыргызстан эгемендик алгандан бери чоң кызматтагы чиновниктердин туугандары, кайнилери, ойноштору алардын атын сатып, акча таап келатышат. Үй алып берем, тендерге катыштырып берем, жер участогун алып берем деп жарандарды алдаган учурлар болуп келген жана азыр да болуп жатат. Мелис Мырзакматовдун бир тууганы да ушундай иштерге аралашкан дегени айыптоо - бул ошол көп фактылардын бири. Бул окуяга саясий боёк бериштин кереги жок. Бул катардагы эле көрүнүш. Бирок, айта кетүүчү бир маселе: мурда коогалаңда жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдү Мелис Мырзакматовдун бир туугандары сатып жатса, азыр ал үйлөрдү Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин бир туугандары сатып жатат. Эч нерсе өзгөргөн жок.

Кеңеш Мырзакматов 1965-жылы Папан айылында туулган. Ал Мелис Мырзакматовдун башка бир туугандары сыяктуу эле анын бизнес иштерине кенен аралашып келчү. Бул жолу эми анын аты турак жайларды алдамчылык менен сатуу аракетине байланыштырылып олтурат.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Алымбай Кадыровдун да жогорудагы алдамчылыктарга катыштыгы текшерилүүдө.

Мелис Мырзакматов Ош шаарында мэр болуп турганда эстакада көпүрөсүн курууда жемкорлукка барган деген шек менен азыр эл аралык издөөдө жүрөт. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG